Афганистан империялар көрүстөнү болгон, ушундай бойдон калат

271
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Афганистан империялар көрүстөнү болгон, ушундай бойдон калат

Жарида веб-сайтында хижрий 1443-жылы 5-мухаррам, миладий 2021-жылы 13-август күнү ушул кабар жарыяланды: «Бүгүн, жума күнү Британия премьер-министри Борис Жонсон Афганистандагы абалды аскерий жана согуштук жол менен чечүү мүмкүн эместигин, себеби, акыркы окуялар жана өлкөдөгү жаман коопсуздук абал ушуну көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Борис Жонсон Афганистандагы абалды талкуулоо үчүн COBRA кризисти жөнгө салуу жыйынын өткөрдү, жыйындан соң берген басма сөз конференциясында: «Биз Улуу Британия же башка күчтөрдүн Афганистанда аскерий же согуштук чечимди ишке салуу мүмкүнчүлүктөрүнө реалдуу карашыбыз керек», – деди.

Ал минтип кошумчалады: «Афганистан кайра дагы терроризмдин очогуна айланышын алдын алуу үчүн региондогу жана бүткүл дүйнөдөгү биз менен кызыкдар болгон шериктерибиз менен кызматташуубуз зарыл». Жонсон баса белгилешинче, анын мамлекети «акыркы жыйырма жыл ичинде Афганистанда өз аскерлерин курман кылуу аркылуу жетишкен, өзгөчө, Ал-Каиданын Батышка каршы жасаган чабуулдарын токтотууда жетишкен ийгиликтери менен сыймыктанат».

Жонсондун айтымында, бир нече күн ичинде Кабулдагы элчиликтен британиялык дипломаттарды алып чыгуу жана акыркы жыйырма жыл ичинде эл аралык күчтөр менен кызматташкан афганистандыктарды Британияга көчүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан мурун Британия коргоо министри Бен Уоллес Афганистандын «ийгиликсиз» мамлекетке айланышынын коркунучу бар экенин, бул абал Ал-Каиданын бул өлкөдө кайра пайда болушуна мүмкүнчүлүк бериши ыктымалдуу экенин эскерткен.

Кече, бейшемби күнү Британия Афганистандагы дипломатиялык меккемесинен британиялык жана афганистандык кызматкерлерди Британияга көчүрүү операциясынын коопсуздугун камсыздоого жардам берүү үчүн 600 аскерди Афганистанга жиберген».

Роя:

Афганистан империялар көрүстөнү болгонун кресттүү Британия жана анын саясатчылары башкаларга караганда көбүрөөк билсе керек. Анткени, он тогузунчу жана жыйырманчы кылымдарда англистердин текебердиги ушул жерде талкаланган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында орустар ушул жерде жеңилген. АКШ жана анын союздаштары Талибандын саясий аң-сезимге ээ болбогон саналуу жетекчилери менен сүйлөшүү алып барышкандан кийин, ушул күндөрдө ал жерден чыгып кетишүүдө. Афганистандагы окуяларды байкоочуларга АКШ жана анын союздаштарынын жеңилүүсү ачык белгилүү болсо да, эгер Талибан жетекчилери алар менен сүйлөшүү столуна олтурушпаганда, бул жеңилүү дагы да ачык-айкын көрүнмөк.

Британия премьер-министринин бул билдирүүсүнүн артында, андан мурунку АКШнын президенти Жо Байдендин билдирүүсүнүн артында алардын Афганистандагы ийгиликсиздиги жана жеңилүүсү турат. Бул табигый, албетте. Себеби, алар канчалык кубаттуу болушпасын, мусулмандарга, айрыкча, Афганистандагы мусулмандарга каршы күрөшө алышпайт. Саякатчы Ибн Баттута ] Кабул жана башка шаарларга сапарында афганистандыктарга «өтө күчтүү жана эр жүрөк» деп баа берген. Мындан тышкары, капиталисттик системаны жаюу үчүн алып барылган колонизаторлук аракеттер да алардын ийгиликсиздигин далилдеди. Алар кайсы өлкөнү колония кылышпасын, ал жерге ойрондулук алып келишет… адамдарды кул кылышат, байлык жана ресурстарын талап-тоношот. Мунун тескериси катары, улуу Ислам системасы фатх кылынган өлкөлөргө хидаят жана адилеттик жайып, мунун натыйжасында ал жердеги калк Исламды канааттануу жана ишенүү менен кабыл алышкан. Мына, афгандарга карагыла, өз динин жана өлкөсүн коргоп өмүрлөрүн беришүүдө. Ислам Афганистанга хижраттын биринчи жылы кирип келгенден бери ал жерден чыккан жок, инша Аллах, эч качан чыкпайт.

Эй Жонсон, бул жердеги негизги проблема – силер көтөрүп келген капиталистик система. Ал тургай, Халифалык мамлекетибизди кулатканыңарга кубанган болсоңор да, анын кайра тикеленишин алдын алууга аракет кылып жаткан болсоңор да, бирок, силер жеңилүү артынан жеңилүү уусун ичүүнү улантасыңар, инша Аллах. Ошентип, Аллах Таала Өз уруксаты менен, Ислам Умматына албетте Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу нусрат жана үстөмдүк берет. Ошондо Халифалыкты өз көзүңөр менен көрүп, аны жок кыла албайсыңар. Себеби, Халифалыктан коркуу – али тикеленбей жатып силерди кыйратууда. Ал эми, ал эртең тикеленип силерди өлтүрүү, калкыңарды капитализмдин зулумунан, караңгылыгынан Ислам адилетине жана нуруна алып чыгуу үчүн өлкөңөргө кирип барса, кандай абалга түшөсүңөр?! Бул Аллахка оңой.

 Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here