Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты

441
0

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты

(уландысы)

Даъватты жеткирүү  

Исламга даъват кылуу менен Исламий жашоону кайра баштоого даъват кылуунун ортосунда чоң айырма бар. Себеби, биринчиси ъамм т.а. Исламга даъват кылуу Исламий жашоону кайра баштоого болгон даъватты да өз ичине алат. Экинчиси болсо, хос.

Исламга даъват кылуу ар бир мукаллаф мусулманга, Ислам мамлекетине о.э. Ислам негизине курулган ар бир хизбге важиб.

Мукаллаф мусулманга токтоло турган болсок, ал кайда болбосун, каерде жүрбөсүн, андан Исламга даъват кылышы талап кылынат. Анда кафирлердеги диндарлык гарыйзасын козгоо менен, алар чырайлуу мавъизада динге даъват кылынат. Алар Ислам акыйдасына канааттанып, өз каалоолору менен Исламга кирүүлөрү үчүн, алар менен хужжат жана катъий далилдер негизинде мужадала кылынат – талкууга киришилет. Аллах Таала айтат:

ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ

«Раббиңдин Жолу-динине хикмат жана көркөм насаат менен даават кылгын! Алар менен эң көркөм жол менен далилдешип тартышкын. Албетте, Раббиңдин Өзү Анын жолунан азган адамдарды абдан жакшы билет жана Ал Зат Туура Жолду табуучу адамдарды да абдан жакшы билет». [16:125].

Расулуллах – соллаллоху алайхи васаллам – мындай дейт:

فوالله لان يهدي الله بك رجلا واحدا خير لك من أن يكون لك حمر النعم

«Аллахка ант, Аллах сен себептүү бир кишини хидаяттап коюшу сен үчүн ниъматтардын эң сонунунан да жакшыраак». Бухарий жана Муслим риваяты.

Ал эми, Ислам мамлекетине келсек, мамлекет тикелегенден кийинки Расулулла соллаллоху алайхи васалламдын сийраты, шаръий насстар, хулафаи рошидиндердин иштери – Исламды Мамлекет тарабынан адамдарга жихад жолу менен жеткирүүнүн важиб экендигине ачык-айкын далалат кыла турган жетиштүү далилдердир. Алар Исламды кабыл кылышат же Ислам өкүмдөрүнө моюн сунушат. Анткени, Исламды кайрымусуландарга да колдонуу – аларды Исламга чакыруунун амалий тарыйкаты. Сулайман ибн Бурайданын атасынан кылган риваятында мындай келет;

  كان رسول الله صلى الله عليه وسلم إذا امر اميرا على جيش او سرية أوصاه في خاصته بتقوي الله ومن معه من المسلمين خيرا ثم قال اغزوا باسم الله في سبيل الله فاقتلوا من كفر بالله ولا تغلوا ولا تغدروا ولا تمثلوا ولا تقتلوا وليدا واذا لقيت عدوك من المشركين فادعهم الي ثلاث خصال او خلال. فايتهن ما اجابوك فاقبل منهم و كف عنهم.ثم ادعهم الي الإسلام فان اجابوك فاقبل منهم و كف عنهم  ثم ادعهم الي التحول من دارهم الي دار المهاجرين و اخبرهم انهم ان فعلوا ذلك فلهم ما المهاجرين وعليهم ما على المهاجرين. فان ابوا ان يتحولوا منها فاخبرهم أنهم يكونون كاعراب المدينة لا يجري عليهم حكم الله الذي يجري على المؤمنين ولا يكون لهم في الغنيمة و القيء شيء إلا ان يجاهدوا مع المسلمين. فان ابوا فسلهم الجزية فان هم اجابوك فاقبل منهم و كف عنهم. فان هم ابوا فاستعن بالله وقاتلهم. رواه المسلم و الترمذي

«Эгер Расулуллах – соллаллоху алайхи ва саллам – бирер сарийя же армияга бир кишини амир кылып дайындаса, өзгөчө ошол кишиге Аллахтан таква кылууну жана өзү менен кетип жаткан мусулмандарга карата жакшы мамиледе болууну осуят кылат эле. Кийин мындай дейт эле:

Аллахтын жолунда, Аллахтын ысымы менен казат кылгыла. Аллахка кафир болгон кишилерге каршы согушкула. Казат кылып жатканда чектен чыкпагыла, саткындык кылбагыла, душмандардын дене мүчөлөрүн кесип мусла кылбагыла, наристелерди өлтүрбөгүлө».

«Эгер мушриктерден болгон душманыңа бетме-бет келип калсаң – дейт эле амирул жайшка – аларды 3 нерсеге чакыргын, эгер кайсы бирин кабыл алса, алардан муну кабыл кыл жана аларга тийбе. Аларды Исламга даъват кыл. Эгер даъватыңа жооп беришсе, алардан муну кабыл кыл жана аларга тийбе. Кийин аларды өз өлкөлөрүнөн мухажирлердин өлкөлөрүнө өтүүлөрүнө чакыргын. Эгерде алар муну кылышса, аларга да мухажирлердин милдеттери жана укуктары берилет деп кабар бергин. Эгер мындан баш тартышса, алар Мадина аъробийлери сыяктуу болушат. Аларга момундарга колдонула турган Аллахтын хукму колдонулбайт. Аларга олжо жана ганимадан эч нерсе берилбейт. Болгону, мусулмандар менен бир сапта жихад кылышса, аларга да олжо жана ганимадан үлүш берилет. Алар эгер өз өлкөлөрүнөн мухажирлердин өлкөсүнө өтүүдөн моюн толгошсо, алардан жизя сура. Эгер алар бул даъватыңды кабыл кылышса, алардан муну кабыл кыл жана аларга тийбе. Эгер мындан да моюн толгошсо, Аллахтан жардам сура жана аларга каршы жихад кыл». Муслим жана Темизий риваяты. Демек, инша Аллах, ушундай күн келет, бул күндө бүткүл адамзат Ислам өкүмдөрүнө моюн сунат. Ал күндө Аллахтын урухсаты менен жана мухлис даъватчы жигит-кыздардын машакаттуу эмгегинин артынан Халифалык мамлекети тикеленген болот. Кудум мына ушул күн келгенге чейин Ислам мамлекети дайыма жихад абалында болот. Ал бүткүл дүйнөнү Исламга даъват кылып, бүткүл дүйнөнү Дарул Исламга айлантканга чейин тынымсыз күрөшө берет.

Ал эми, Исламий жашоону кайра баштоого болгон даъват – бу мусулмандарды Исламды ичте да, сыртта да колдоно турган мамлекетти тикелөө аркылуу Исламды реалдуу вакиъликте вужудга келтирүү үчүн аракет кылууга чакыруу. Бул кафирлердин жана аларга малай болгондордун кол астында 1924-жылы Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин өз аракетин токтоткон Исламий жашоону кайра баштоого чакыруу. Анткени, Ислам мына ушул абал үчүн да атайын тарыйкатты шаръий кылып берген. Т.а. Ислам Халифалык мамлекети кулатылышынын акыбетинде турмуш майданынан четтеген Исламий жашоону кайра баштоонун шаръий тарыйкатын да көрсөтүп берген. Бул тарыйкат – Халифалык мамлекетин кайра тикелөө аркылуу Исламий жашоону жаңыдан баштоо үчүн аракет кыла турган саясий хизбди вужудга келтирүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here