Кыргызстан президенти Жапаров Ислам даъватын көтөрүп чыккан аялдарды камакка алуу менен даъватты токтото албайт

93
0

Басма сөз баянаты

Кыргызстан президенти Жапаров Ислам даъватын көтөрүп чыккан аялдарды камакка алуу менен даъватты токтото албайт

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлашынча, Чүй облусунун Аламүдүн районунда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн, Хизб-ут-Тахрир уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөсү Арстаналиева Бактыгүл Тажымырзаевна камакка алынган. 41 жаштагы Бактыгүл социалдык тармактарда катталып, экстремисттик материалдарды таратууда айыпталууда, мындан мурун да эки ирет камакка алынган. Бул иш Аламүдүн аймактык ички иштер башкармалыгынын кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн райондук соту Арстаналиева Бактыгүлдү эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Кыргыз өкмөтү өз текебердигин улантууда. Ал бир нече жылдан бери терроризм жана бийликти басып алууга аракет жасоо айыптары менен муслима аялдарды бутага алып келди. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2014-жылы 10-сентябрдагы соттук отурумда 1960-жылы 16-ноябрда туулган, экинчи топтогу майып Кыпчакбаева Сайракан Кенжетаевнаны сегиз жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган. Ошол соттук жараянда 1986-жылы 17-мартта Нарын облусунда төрөлгөн, үй-бүлөлүү жана эки жаш баланын энеси Орозбекова Гүлзина Качкыновнанын да иши каралып, ага үч жыл мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, бир жылдык сыноо мөөнөтү дайындалган.

Ошол жылы Аманова Зулфияга эки айлык камактан кийин 50 миң сом айыппул салынган болсо, Токтобаева Жумазия Сүйүтбековна 4 жылга эркинен ажыратылган. О.э. 2014-жылдын 30-сентябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында «антитеррор» операциясынын алкагында бир нече үйдө тинтүү өткөрүлгөн. Ал операциялардын натыйжасында 20 жаштан 25 жашка чейинки 7 аял Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсү деген шек менен камакка алынып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

2014-жылы 18-ноябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Хизб-ут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта шектелген бир нече аялдын үйүндө тинтүү өткөрүлдү. Буларга кошумча, Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында төрөлгөн, ошол кезде Бишкек шаарында жашаган, 1989-жылы төрөлгөн К.Б., 1988-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн жана Бишкек шаарында жашап, мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеп жаткан Ж.А., Чүй облусунун Ыссык-Ата районунун тургуну, 1987-жылы Ыссык-Көл облусунун Түп районунун Ичке-Суу айылында төрөлгөн Ж.З., Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жашаган 1987-жылы төрөлгөн К.Ж.лардын үйүнөн да бийлик экстремисттик деген мазмундагы адабияттар табылып, аларга карата ар түрдүү жазалар белгиленген.

Бүгүнкү күндө бузгунчу демократиялык система адамзаттын проблемаларын чече албайт. Ал тургай, бүткүл дүйнөгө бузгунчу мабданы көтөрүп чыккан Европа жана Америка калктары да бул мабданы таштандыга ыргытуу керектиги жөнүндө жар салышууда. Капитализмдин өмүрү бүттү, ал өзү себеп болуп жаткан ойрондулуктардан жер жүзүн куткара албайт.

Кыргыз өкмөтү Россия жетекчисин ыраазы кылуу үчүн экстремизмге каршы күрөшүүнү шылтоолоп Исламга каршы жарыялаган согушу аны бул кулдукту толук аткарууга мажбур кылды. Алар алсыз аялдарды да, жаш балдары бар болушуна карабастан, камагандан уялбай жатышат.

Кыргызстан Орто Азиянын башка мамлекеттери катары, жакырчылыктын эң төмөн даражасында болуп, бир катар олуттуу проблемаларга туш болгон. Бирок, бул малай өкмөт жумушсуздук, экономикалык кризис, социалдык проблемалар, чет элдик мамлекеттерден алынган карыздар, саламаттыкты сактоо секторундагы оор абалды жана башка проблемаларды чече албайт. Ал Аллахтын буйруктарын турмуш майданына алып келүүгө аракет кылып жаткан алсыз аялдарды камоону гана билет. Бул кандай гана шерменделик? Акыреттеги шерменделик болсо андан да чоң.

Бүгүнкү күндө Хизб-ут-Тахрир веб-сайттары жана баракчалары аркылуу өзүнүн максаттарын, аракеттерин жана аракетинен көздөлгөн максаттарын ачык баян кылып келүүдө. Ушул себептен улам, бул партияга «экстремизм» тамгасын жабыштыруу о.э. аны «мамлекетти басып алууга урунууда» деп айыптоо эски жомок болуп калды. Коомчулукту буга ишендирүү өтө кыйын. Бирок, Жапаров жетектеген өкмөт дагы эле кеңири коомчулукту бул дооматтарга ишендирүүгө урунууда.

Аллахка мактоолор болсун, алар поездди өткөрүп жиберишти. Себеби, Ислам Умматы ойгонуп бүттү. Ал чыныгы исламий жашоо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө болорун түшүнүп жетти. О.э. бул жашоо динди мамлекеттен бөлүүгө негизделген илманий түзүмдүн көлөкөсүндө ишке ашпашын да түшүнүп жетти.

Ошондуктан, бул муслима эже-сиңдилерибиз көп жылдан бери тынымсыз камакка алууларга туш болуп жатышса да, колдорунан келгенче өз иштерин улантышуда. Өкмөт ушунча курал-жарак жана аскерий күчкө ээ болушуна карабастан, Исламды көтөрүп чыккан бул аялдардын алдында албетте чарасыз калат. Ушунча алып барылган камоолор жана кыйноолорго карабастан, Бактыгүл, Сайракан жана Зулфия сыяктуу көптөгөн аялдар даъват кербенине кошулушууда. Меккедеги мушриктер Исламды жеңе алышпагандай, Жапаровдун тобу да Ислам даъватын көтөрүп чыккан даъватчы аялдардын аракетин токтото албайт. Анткени, Аллах Субханаху ва Таала Аны дини жер жүзүндө өкүмдар болушун убада кылган. Аллах Таала айтат:

﴿يُرِيدُونَ أَن يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ * هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

«Алар Аллахтын нурун  ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да Өз нурун толук  жаюуну каалайт. Ал Өз пайгамбарын хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген»  [9:32-33]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар канаты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here