ДСУ Кыргызстандагы эмдөө жараянына кабатыр

247
0

ДСУ Кыргызстандагы эмдөө жараянына кабатыр

 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп жатканын билдирди.

 О.э. апрель айында Кыргызстанда COVID-19 вирусунун альфа, бета варианттары табылганын айтты.

 Ал: “ДСУнун максаты сентябрь айына чейин дүйнөдөгү ар бир өлкөдө калктын 10%, жыл соңуна чейин 40%, келерки жылы 70% эмдөө. Пандемияны бул максатты ишке ашыруу менен гана жеңе алабыз”, – деди.

 Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө жараяны март айында башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, эмделгендердин саны 900 миңден ашты. Азыр Кыргызстанда Кытайдын “Sinopharm”, Россиянын “Спутник V”, “COVAX” программасы менен келген Европанын “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Комментарий: Буга чейин да айтып келгенибиздей, коронавирус пандемиясын колонизатор капиталисттер бир тараптан кошумча киреше булагы кылып алышкан болсо, башка тараптан адамдардын үстүнөн толук көзөмөл орнотуу куралына айландырып алышты. Ушул пандемия шылтоосунда алар өздөрү айтып келген адамдардын “эркин аракеттенүү укугун” тебелеп, адамдар каалабаса да вакцина алууга мажбурлап жатышат. Алар вакцина алууну каалабаган же вакцинанын натыйжалуу экендигинен шек санаган адамдардын эркин аракеттенүүсүн жана коомдук жайларда болушун чектеп жатышат. Колонизатор мамлекеттердин бул саясатын ишке ашырууда биздеги жергиликтүү малайлар олуттуу кызмат көрөстүп жатышат. Июлда Чеченстандын бийлиги эмделбеген адамдардын мечит жана дүкөндөргө киришине о.э. коомдук транспорттон пайдаланышына тыюу салды.

Өзбекстан өкмөтү 2021-жылдын 13-августунан баштап, бардык жумушчу жана кызматкерлердин коронавируска каршы вакцинанын кеминде 2 дозасы менен эмделгендиги жөнүндөгү сертификаты болгон мечиттерде гана жума намаз окууга уруксат берүү о.э. мечиттерге жума намазына коронавируска вакцина алганы жөнүндөгү QR-код же сертификаты бар адамдарды гана киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Өкмөттөр ушундай талаптары аркылуу адамдарга вакцина алуудан башка чара калтырбай жатат. QR кодду киргизүү болсо адамдардын ар бир баскан кадамын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

 Бизде эмдөө жараяны жай жүрүп жатышына – бир топ адамдардын вакцина алгандан кийин каза болуп калышы жана Ала-Букада вакцина алган жоокерлердин жарымынан көбү ооруканага түшүп калышы себеп болууда. Бийлик болсо жарандардагы шек-күмөндөрдү жоюуга аракет кылуунун ордуна ар түрдүү чектөө жана тыюу салуулар аркылуу адамдарды вакцина алууга мажбурлап жатат. Адамдардагы шек-күмөндөрдү жоготуу үчүн вакцинанын курамын иликтеп чыгып, анын курамында адамдын саламаттыгы же өмүрү үчүн кооптуу болгон кошумчалар жоктугун аныктоо керек. А бирок, бизде Батыш мамлекеттериндеги компаниялар чыгарган вакциналарды текшере турган лабораториялар жок, бар болгон күндө да аларды текшерүү укугуна ээ эмеспиз. Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму БУУ аркылуу дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан колонизатор кафирлердин куралы болгондуктан, бул уюм чындап эле элдин ден соолугу үчүн кам көрүп жаткандыгына шек-күмөн пайда болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here