БУУ Афганистандын кошуналарын чек арасын ачык кармоого чакырды

267
0

БУУ Афганистандын кошуналарын чек арасын ачык кармоого чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Афганистандын кошуналарын чек арасын ачык кармоого чакырды.

13-августта Женевада өткөрүлгөн брифингде БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын өкүлү (UNHCR) Шабия Манту:

 “Кырдаал гуманитардык катастрофанын босогосунда турат”, – деди.

 “Коопсуздукту камсыз кылбоо эсепсиз жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгы улуттук бийликтерге зарылдыгына жараша гуманитардык жардамды кеңейтүүгө даяр”, – деп кошумчалады Шабия Манту.

 Комментарий: “Талибан” кыймылы да 13-августта афган калкына кайрылды.

“Талибан”отряддарынын тездик менен өсүшү кыймыл элдик экендигин көрсөтүп утрат. Эгер кимде-ким “Талибан”га каршы күрөшкөн болсо, эч нерседен кооптонбосун. Баары тынч жашаса болот. Биз силердин боордошуңарбыз. Эгер кимдир бирөөлөр силерге “Талибан”дын атынан кол салса, ага чара көрүү үчүн тездик менен биздин штабга кабар бергиле”, – деп айтылат кайрылууда.

 О.э. жарандарды үйлөрүн таштап кетпестикке, өкмөттүк кызматкерлерди үй-бүлөсү менен мамлекеттен чыгып кетпестикке чакырып, өкмөттүк армиянын кызматкерлерине, жеке менчик жана мамлекеттик мүлктөргө кол тийбестик убада кылган.

Акыркы күндөрдө Афганистандагы 34 аймактын 18и “Талибан”дын колуна өттү. Интернет тармактарында таратылып жаткан видеоматериалдарда карапайым калкка карата бирер зомбулук болгону көрүнбөйт. Видеолордо “Талибан” шаарларга кирип барган кезде жай тургундар адаттагыдай эле өз иши менен алек болуп жүргөнүн көрүүгө болот.

 “Талибан” тарабынан жай тургундарга карата бирер зомбулук болбогонуна карабастан, эл аралык коомчулук жана ЖМКлар жасалма коркунуч пайда кылуу менен афган калкын коркутуп, качкындардын саны мүмкүн болушунча көбүрөөк болушуна о.э. жакынкы жана алыстагы кошуна мамлекеттерге проблема жаратууга аракет кылып жатышат. Бул аркылуу Иран, Пакистан жана Түркия сыяктуу АКШга көзкаранды мамлекеттердин Афганистан ишине аралашуусуна шылтоо жаралат. О.э. БУУ жана Батыш мамлекеттеринин пайда боло элек качкындар проблемасына мынчалык көңүл бурушунун негизги себеби, Афганистан менен чектеш Орто Азия республикалары Россиянын басымы алдында АКШга аскерий базага жер берүүдөн баш тартып жатышкандыгында. Эгер Батыш ЖМКларынын маалыматтык чабуулу жемишин берип, качкындар агымы пайда болсо, кошуна мамлекеттер үчүн чыныгы проблема пайда болот. Ошондо “Талибан” кыймылын “тыйып туруу” үчүн кошумча күч жана техникаларга муктаждык пайда болот. Ошентип, техника жана күчтөрдү жайгаштыруу үчүн Орто Азияга аскерий база курууга зарылдык пайда болот. Мына ушул аркылуу АКШ региондогу аскерий аралашуусун сактап калууга жетишет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here