Бүгүнкү күндө мусулмандар жашап жаткан вакиъ (уландысы).

240
0

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (китебинен)

Бүгүнкү күндө мусулмандар жашап жаткан вакиъ (уландысы).

 Ислам мамлекетинин өзүнө таандык танфизий жихазы (аткаруучу органы) бар. Ал жихазга Расулуллах  соллаллаху алайхи ва саллам Мадинада негиз салган. Расулуллах  соллаллаху алайхи ва салламдан кийин хулафаи рошидиндер бул жихазды бекем кармашкан. Алардан кийин 1924-жылы халифалык кулатылганга чейин мусулман халифалар бул жихаздын ири бөлүгүн иш жүзүндө колдонушкан. Ал жихаз төмөнкүлөрдөн турат:

Халифа,

Муавиндер,

Валийлер,

Жихад амири,

Казылар,

Идарий жихаз,

Мажлис аш -шуро же мажлис ал-умма.

 Бул халифалык мамлекетине гана таандык болгон жихаз. Бул жихаз, Ислам мамлекети пайда болушунан мурдагы жана Ислам мамлекети кулагандан кийинки бардык вазъий түзүмдөрдөгү танфизий жихаздардан кескин айырмаланат. Мына ушул нерсе халифалык мамлекети менен Ислам түзүмүн башка мамлекет жана түзүмдөрдөн даана айырмалап турат. Мына ушунун натыйжасында халифалык мамлекетин таанытып туруучу сыпат жана өзгөчөлүктөр пайда болгон. Ал сыпат жана өзгөчөлүктөрдүн айрымдарына токтолуп өтөбүз;

1 – Халифалык мамлекетинин өз аймагында токтой турган, андан өтүү мүмкүн болбогон, өзгөргүс, туруктуу чек арасы болбойт. Себеби, халифалык мамлекети Исламды бардык адамдарга жеткирүүгө жана алар Исламды кабыл алышабы же жокпу айырмасыз, аларга Исламды колдонууга мукаллаф. Ошондуктан, Халифалык мамлекетинин аймагы Расулуллах  соллаллаху алайхи ва саллам Мадинада пайда кылган күндөн баштап, аракеттенип туруучу аймак. Бул мамлекет тынчтык жолу менен же жихад жолу

менен өзүнө моюн сунган ар бир жерди өз аймагына кошуп алат. Кошулган жерлер өзүнүн ажырагыс бир бөлүгүнө айланып калышы үчүн ал жерлердеги калкты Ислам өкүмдөрү менен башкарат. Аллах таала айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِّلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا

(Эй Мухаммад), Биз сени шек-күмөнсүз, бардык адамдарга: (муминдерге бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү, (кафирлерди болсо тозок азабынан) эскертүүчү расул кылып жибердик”. [34:28]. Аллах таала айтат:

 هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ

Ал Өз Расулун Туура жол жана чындык дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”. [9:33]. Расулуллах  соллаллаху алайхи ва саллам айтат;

: أُمرتُ أن أقاتل الناس حتى يقولوا لا إله إلا الله، فإذا قالوها عصموا مني دماءهم وأموالهم إلا بحقها

 “Качан адамдар لا إله إلا الله – Аллахтан башка илах жок дегенге чейин алар менен согушууга буюрулдум. Эгер алар бул сөздү айтышса, кандарын жана малдарын менден сактап калышат. Болгону, Исламдын акыларын (Ислам мыйзамдары чек арасындагыны) сактап кала алышпайт. Эгер алар шариятка карата чектен чыгышса, ыйман келтирген болушса да, менден кандарын да, малдарын да сактап кала алышпайт”.

 Ушул мамлекеттин чек аралары бардык мусулмандар жана жарандыкка ээ болгон кишилер үчүн ар дайым ачык. Каалаган убакта ал чек аралардан чыгып кире беришет. О.э. шарият истисна кылгандан башка абалдарда мамлекет жарандыгын алуу укугуна ээ.

2 – Ислам мамлекети өзүнүн ички жана тышкы саясатында ислам өкүмдөрүн гана колдонот. Анын динди мамлекеттен ажыраткан илманийлик, демократия, БУУнун токтомдору же Коопсуздук Кеңешинин чечимдери сыяктуу кайры исламий мыйзамдарга кайрылышы арам. Ислам мамлекетинин андай уюмдарга – бир күн болсо да – мүчө болушу арам. Эгер халифа ошол ишти кылса, качан бул чечиминен баш тартканга чейин Үммөт аны мухасаба кылып, ага шаръий жолдор менен каршылык көрсөтөт. Ислам мамлекети эл аралык мамилелерде элчи жана туткундарды өлтүрбөстүк, башка мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерге амал кылуу сыяктуу иштерде да шаръий өкүмгө амал кылат.

3 – Ислам мамлекети Ислам негизине гана курула турган саясий партияларды түзүүгө уруксат берет. Исламга негизделген ал партиялар халифаны мухасаба кылуу, халифа табанний кылган эмес, өздөрү табанний кылган исламий пикирлерге чакыруу сыяктуу саясий жана пикирий ишмердүүлүк менен алектенишет. Себеби, Ислам негизиндеги саясий партияларды түзүү фарзи кифая. Аллах таала айтат:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар”. [3:104].

 Мына ушул аятта келген – Исламга даъват кылуу, маъруфка буюруп, мункардан кайтаруу – сыпаттар исламдагы саясий партиялардын негизи болуп эсептелет. Ошондуктан, мусулмандардын мекенчилдик, улутчулдук, социализм же дагы башка кайры исламий негиз үстүндө биригип, партия түзүүсү арам. Аллах таала айтат:

وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда (анын «дини» Аллах алдында) эч качан кабыл кылынбайт жана ал ахиретте зыян көрүүчүлөрдөн (болот)” [3:85]. Расулуллах  соллаллаху алайхи ва салам айтат:

من أحدث في امرنا هذا ما ليس منه فهو رد

“Кимде-ким биздин бул ишибизде (динибизде жок нерсени) жаңылык кылып киргизсе, ал мардуд-четке кагылган”. Бухарий жана Муслим риваяты.

4 – Ислам мамлекетинин мамлекет ичинде мусулмандар үстүнөн кафирлер өкүмдарлык кылышына шарт түзүп бериши арам. Мисалы: (НАТО сыяктуу кафирлер башчылыгындагы) аскерий блокторго кошулуу, алар башчылыгындагы саясий, сакафий, экономикалык жана ушул сыяктуу келишимдер негизинде келишимдерди түзүү менен мусулмандар үстүнөн өкүм жүргүзүшү үчүн кафирлерге шарт түзүп берүү арам. Себеби, Аллах таала айтат:

وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا

Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт”[4:141].

Кимдир бирөөлөргө көзкаранды, малай мамлекет эмес, адамдарды куфр зулматынан Ислам нуруна, вазъий түзүмдөрдүн канкордук, бактысыздыгынан шаръий өкүмдөрдүн адилеттүүлүгүнө алып чыгуучу күчтүү, таасирдүү жетекчи мамлекет болушу үчүн Ислам мамлекети тикеленген биринчи күндөн баштап, эч кимге күнкор болбогон көзкарандысыз экономиканы түзүшү, дүйнөдөгү жетекчи мамлекет макамын ээлөөгө аракет кылышы важиб. Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам жана ал заттан кийинки хулафаи рошидиндердин иш-аракеттери ушуну көрсөтүп турат.

5- Ислам мамлекетинин расмий тили – араб тили. Ошондуктан, ал жергиликтүү жана эл аралык мамилелер үчүн расмий тил болуп эсептелет. Араб тили сакафат жана билим берүү о.э. жалпыга маалымдоо каражаттарынын тили болуп эсептелет. Ислам мамлекети менен башка мамлекеттер ортосундагы келишимдерде кандайдыр келишпестик, ихтилаф чыгып калса, дароо мына ушул араб тилинде жазылган насс-хужжаттарга жана ал хужжаттар далалат кылган маанилерге кайрылынат. Араб тили мынчалык маанилүү болушу шаръий жактан важиб. Себеби, бул тил Куръан жана Сүннөт тили. Куръан жана Сүннөт насстарында ижтихад кылып, алардагы өкүмдөрдү билүү араб тили аркылуу гана ишке ашат. Ушул жерде бир назик чекитти айта кетсек, ошонун өзү бул темага жетиштүү болот: Куръандын муъжизасы араб тилинде келген. Анын муъжизасы болсо, Ислам акыйдасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Исламдын маанилүү өкүмдөрүнүн бири болгон намаз да Куръан кырааты менен гана өтөлгөн болот. Куръан болсо, араб тилинде гана Куръан болот. Ал эми дүйнөдөгү башка тилдерди үйрөнүү фарзи кифая.“Важиб эмне менен ишке ашса, ал да важиб” деген шаръий коидага ылайык, мамлекеттик иштерди башкаруу жана даъватты жеткирүү үчүн зарылдыкка карай,  ушул фарзи кифая менен да алектенет.

6- Ислам мамлекетинде умумий жашоо толук бойдон Ислам өкүмдөрүнө моюн сунат. Ислам мамлекетинде нооруз, жаңы жыл майрамы сыяктуу эч кандай массалык кайры исламий көрүнүштөргө уруксат берилбейт. Бул мамлекетте, өзүнүн жараны болобу, саясий башбаанек сураган адам болобу, мусапыр болобу айырмасыз, эч кандай адамдын – ал мусулман болбосо да – умумий жашоодо, коомдук жайларда кийими жана өзүн алып жүрүүсүндө Ислам өкүмдөрүнө тескери келген көрүнүштө болушуна эч качан уруксат берилбейт. Себеби, бул мамлекет Дарул ислам. Дарул исламдагы умумий жашоо болсо исламий болушу шарт. Ал эми Ислам, кайры мусулмандарга умумий жашоодо кылышына тыюу салынган: арак ичүү, доңуздун этин жеп, өздөрүнүн майрамдарын белгилөөсү же диний ырасымдарын өткөрүүсү сыяктуу иштерди жеке жашоосунда кылышына уруксат берет.

 Халифалык мамлекетинин шаръий далилдерден алынган, истинбат кылынган ушул негиз жана өзгөчөлүктөрүн бардык мусулмандар ачык-айкын идирек кылышы керек. Ошондо алар “исламий мамлекетпиз” деп жаткан ар кандай мамлекетке баа бере алышат. Шаръий мазмунга тескери болгон аталыш жана ураандарга алданып калышпайт. Себеби, Исламга тескери келбей турган нерсе да, Исламга туура келе турган нерсе да Исламдан эмес. Ар кандай нерсе Исламдан болушу үчүн ал Куръан жана Сүннөттөн истинбат кылынган болушу же Куръан жана Сүннөткө негизделген болушу шарт. Исламдын өкүмдөгү тарыйкаты – шарт жана каражаттар өзгөрсө да, кылымдар өткөн болсо да – өзгөргүс жападан-жалгыз тарыйкат:

 وَأَنَّ هَٰذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, (эгер башка жолдорго ээрчисеңер) алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду” [6:153].

 Расулуллах  соллаллаху алайхи ва салламдын жана ал заттан кийин хулафаи рошидиндердин заманындагы Ислам мамлекетинин вакиъси о.э. Куръан жана Сүннөттөн алынган шаръий далилдер ар кандай мамлекеттин исламий ёки кайры исламий экендигин билүү үчүн шаръий өлчөө болуп эсептелет. Мусулмандар Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам доорунда хижраттан кийин о.э. хулафаи рошидиндердин көлөкөсү астында жашаган жашоо эң үлгүлүү жана өрнөк болуучу жашоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө даъват жүгүн көтөрүп чыккандар мына ошол жашоону кайрадан баштоого аракет кылышы важиб. Эгер бирер мамлекетте ушуга окшогон исламий жашоо пайда болсо, мусулмандар жана даъватчылар башка Ислам өлкөлөрүн да ошол мамлекетке кошууга аракет кылышы керек. Себеби, халифалык бирөө болушу жана халифалык мамлекетине баш ийүү бардык мусулмандарга важиб.

 Демек, Ислам жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан хизб жана жамааттардагы даъват жүгүн көтөрүп жүргөндөр өздөрү өзгөртмөкчү болуп жаткан вакиъни түшүнүүдө жана өздөрү карманып жаткан тарыйкатты түшүнүүдө сергек болушу керек, анткени өздөрүнүн тарыйкаты Аллах таала вахий кылган тарыйкат экендигин, бул тарыйкат Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам Ислам мамлекетин тикелөө менен Мадинада алгачкы исламий жашоону пайда кылганга чейин жүргөн тарыйкаттын дал өзү экенин жакшылап билип алышсын. Расулуллах  соллаллаху алайхи ва саллам курган Ислам мамлекети 13 кылымдан көбүрөөк убакыт жашады. Туура, кийинчерээк мусулмандардын кээ бир акимдери тарабынан айрым ислам өкүмдөрүн аткаруу бузулду. Бирок, мусулмандар ал доорлордо Исламдан башкасын колдонушпады. Алардын мамлекети исламий эле. Алардын жашоосу өздөрүнүн назарында да, башка мамлекет жана калктардын назарында да исламий болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here