Чеченстанда мечит жана дүкөндөргө вакцина алды деген сертификатсыз кирүүгө тыюу салынды

194
0

Чеченстанда мечит жана дүкөндөргө вакцина алды деген сертификатсыз кирүүгө тыюу салынды

Кабар:Чеченстан өкмөтү коронавируска каршы вакцина албаган адамдардын мечит жана дүкөндөргө киришине о.э. коомдук транспорттон пайдаланышына тыюу салды. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Вахит Усмаев билдирди.

 Комментарий: Колонизатор кафирлер коронавирус пандемиясынан Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү, мусулмандардын укуктарын чектөө, жамаий ибадаттарына тыюу салуу менен мусулмандарды ыйманий мухиттен алыстатууда курал катары пайдаланууда. Мисалы, мусулмандар эки жылдан бери ажылык ибадатын өтөй албай келишет. Жыл сайын дүйнөнү ар бурчунан келген миллиондогон мусулмандар ажылык ибадаты үчүн бир жерге чогулушуп, ал мусулмандар улуту, расасы жана мазхабына карабастан бир Үммөт экендиктерин көрсөтүүчү ыйманий жана жамаий мухитти пайда кылышат эле. Кафирлер мусулмандардын мына ошол убактылуу болсо да биригишинен жана бир жерге топтолушунан да коркунуч көрүп, пандемия шылтоосу менен мусулмандарды улуу ибадаттан тосуп жатышат. Мындан тышкары, пандемияга каршы вакцина алууга мажбурлап, муну бир ууч капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн пайдаланышууда. Пандемия башталганидан бери дүйнөдө 9 жаңы миллиардер пайда болгону жана алардын бардыгы фармацефтикалык кампаниялардын ээлери жана акционерлери болгону да, капиталисттер адамдардын саламаттыгы үстүнөн байып жатканына мисал болот. Массалык түрдө мажбурий эмдөө маселеси Батыш мамлекеттеринде кескин нааразылык жана каршылыктарга дуушар болуп жаткан бир мезгилде биздин өкмөттөрүбүз активдүүлүк көрсүтөп, жарандарды массалык түрдө вакцина алууга чакырышууда. Ал тургай, Өзбекстанда вакцина алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды.

 Кыргызстанда да – азырынча вакцина алуу ыктыярдуу болуп жатканы менен – медицина кызматкерлери үйлөрдү кыдырып вакцина алууга үгүттөп, адамдарды коркута башташты. Вакцина алуудан баш тарткан жарандарды эгер улуу жаштагы адамды  болсо пенсия берилбейт деп коркутуп жатышса, мамлекеттик мекемеде иштегендерди айлык берилбейт же жумуштан бошотуласың деп коркутуп жатышат. Мамлекеттен пенсия да, айлык да албай турган жарандарга болсо эртең эле окуу жылы башталгандан кийин балдары аркылуу мажбурланышы, антпесе балдары мектепке бара албашы, бала-бакчага бара турган балдары барлардын балдары бакчага киргизилбесинен эскертип жатышат. Мындайда бизде да вакцина албагандар мечиттерге киргизилбеши, базарда соода кылуучу адамдардын соода кылышына тоскоолдук кылганга чейин жетип барат. Кыскасы, өкмөт ар түрдүү жолдор менен адамдардын вакцина албай коюшуна мүмкүнчүлүк калтырбай жатат. Карапайым калк болсо курамы белгисиз болгон түрдүү вакциналарга ишенбей жатат.

 Негизи калктын ишенбестиги бекеринен эмес. Себеби, ал тургай медицина тармагынын адистери да пандемияга каршы чыгарылган вакциналар натыйжалуу жана коопсуз экендигинен шектенип жатышат. Кыргызстанга болсо башка вакциналарга караганда көбүрөөк суроо жана күмөн пайда кылган Кытайдын вакциналары келүүдө. Мындан тышкары, эгер вакцинаны ишенимдүү деп ойлогон күндө да вакцина баарына бирдей пайдалуу болбой калышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, тарыхтагы табыптар оорулууну дарылоонун алдында анын мижазын аныкташкан. Медицинанын атасы болуп эсептелген Ибн Сина адамдын мижазын сегиз түргө бөлгөн, алар: жөнөкөй мижаздар: ысык, суук, кургак, нымдуу. Татаал мижаздар:ысык-кургак, суук-кургак, ысык-нымдуу, суук-нымдуу. Ошентип адамдын мижазы аныкталгандан кийин гана аны дарылай башташкан. Азыр коронавируска каршы мажбурий эмделип жаткан вакциналар болсо бир топ адамдын гана үстүнөн сыноодон өткөрүлгөн, алардын көпчүлүгү батыштык суук мижаз адамдар. Биздин региондогу көпчүлүк адамдардын мижазы ысык болот. аларда жакшы натыйжа берген вакцина, бизде тескерисинче терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Балким вакцина алгандан кийин каза болгон мекендештерибиздин мижазына ошол вакцина туура келбей калган болушу да мүмкүн.

 Ошондуктан, биз, мусулмандар, өкмөттөрүбүздүн колонизатор мамлекеттер басымы жана убадалары себептүү өз калкын вакцина алууга мажбурлашына, мусулмандардын укук жана эркиндиктерин чектешине жол бербешибиз, алынып келип жаткан вакциналар боюнча анык маалымат беришин, анын курамын текшерип, биздин регион жана адамдарга туура келеби-жокпу аныктап беришин талап кылышыбыз керек. Пандемия шартында да шаръий чечимге ылайык иш кылууга чакырышыбыз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here