Афганистандагы окуялардын саясий акыбеттери

219
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооб

Афганистандагы окуялардын саясий акыбеттери

 Суроо: Катарда 2021-жылы 17-июлда эки делегация ортосунда жогорку даражадагы көрүнүктүү сүйлөшүүлөр сессиясы башталганы кабарланды. Сүйлөшүүлөрдө Талибан кыймылынан 7 киши, Афган өкмөтүнөн 7 кишиден турган эки делегация өз ортолорундагы негизги маселелерди талкуулай турган болду. Бул сүйлөшүүлөр 2021-жылы 8-июлда Америка президенти АКШ күчтөрүн Афганистандан алып чыгуу үчүн белгиленген мурунку мөөнөттөн чегинип, күчтөрдү алып чыгуу 31-августта аяктарын билдиргенден кийин өтүүдө. Акыркы кездерде Талибан кыймылы алга жылганы байкалды. Ал Афганистан жеринин 85 %ын көзөмөлдөп жатканын билдирди. Белгилүү болгондой, Доха келишиминде көрсөтүлгөн саясий кызматташууга үчүн Талибан менен өкмөттүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү белгиленген. Суроо мындай: Талибан бийликти көзөмөлгө алабы же бийликке шерик болобу? Америка Афганистандан иш жүзүндө чыгып кетеби же таасири туруктуу сакталып калабы?

Жооп:

Бул маселелер боюнча эң туура пикирди баяндоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

1 – Америка Афганистандан чыгууну 2010-жылдын аягы – 2011-жылдын башында пландаган, ошол кезден тартып Талибандын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү баштоого олуттуу киришти. Пакистан сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып, өзүн Талибандын тарабында тургандай көрсөттү. 2014-жылдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Талибан кармап турган америкалык сержант Бу Бергдалды азат кылышынын акысына Талибдерден бешөөсү Гуантанамодогу камактан азат кылынды. Кийин сүйлөшүү өткөрүү үчүн даярдык иштери ылдамдады. Өздөрү өкүл болгон партияларга узак жыл кызмат кылган эки адам ишке киришти. Т.а. 2018-жылдын 5-сентябрында Залмай Халилзад Кошмо Штаттардын Афганистандагы жарашуу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалып, ага Американын Афганистандагы аскерий баскынчылыгын жыйынтыктоо милдети тапшырылган болсо, арадан эки ай өтүп-өтпөй т.а. 2018-жылы 25-октябрда Пакистан мулла Абдулганий Барадарды эркиндикке чыгарды. Абдулганий Барадар 2010-жылы 8-февралдагы рейдде Карачиде колгон алынгандан бери Пакистанда камакта кармалып турган. Ал эркиндикке чыгарылгандан кийин Талибандын Дохадагы өкүлчүгүнүн жетекчиси болуп дайындалды… Би-Би-Си 2019-жылы 25-февралда ушул кабар таратты: «Мулла Барадардын ысымы ал 2018-жылы октябрда эркиндикке чыгарылганга чейин Талибан АКШ расмийлери жана Афган өкмөтү менен алып барган сүйлөшүүлөрдө эркиндикке чыгарууну талап кылган туткундардын тизмесинин сап башында турган. Ал январь айынан бери Талибан кыймылынын Катардагы саясий өкүлчүлүгүн башкарып келүүдө». Сүйлөшүүлөрдө Залмай Халилзад менен Абдулганий Барадар көрүнүктүү ролдорду ойношту.

2 – Кийин бул сүйлөшүүлөр 2020-жылы 29-февралда Доха келишимин түзүү менен аяктады. Келишимдин эң маанилүү тарабы ушулар болду: «Америка жана Афган расмийлери жарыялашкандай, эгер Талибан кыймылы бүгүн Дохада кол коюлган келишимге ылайык өз милдеттерин аткарса Кошмо Штаттар жана анын НАТОдогу союздаштары 14 ай чичинде Афганистандан өз күчтөрүн алып чыгып кетет. Бул жөнүндө Кабулда жарыяланган Америка-Афган биргелешкен билдирүүсүндө айтылды». (BBC News).

АКШ президенти Дональд Трамп Афганистанда «узак жана кыйын сапар» болгонун айтты. О.э. ал: «Ушунча жылдардан кийин аскерлерибизди мекенге кайтаруунун убагы келди», – деп кошумчалады. BBC News «Афганистанда 2400дөн ашуун АКШ аскери өлтүрүлгөнүн» билдирди.

3 – Доха келишиминен кийин кагылышуулар менен бирге, кээде жан берүүчү же кээде анын тескериси болгон билдирүүлөр жана жолугушуулар көбөйдү:

  • 2021-жылы 14-мартта CNN агенттиги Жо Байдендин ушул сөзүн таратты: «Мен Афганистандагы АКШ кошуунун жетектеген республикачыл жана демократ президенттердин төртүнчүсүмүн, бул жоопкерчиликти бешинчи президентке өткөрүп бербейм. Американын эң узакка созулган согушун жыйынтыктоонун убагы келди».
  • Жо Байден сөз сүйлөп, артынан маалымат конференциясын өткөрдү. Аны Америкадагы жана эл аралык телевидениелер эфирге жарыялашты. Байден өз сөзүндө мындай деди: «Биз Кошмо Штаттардын тарыхында эң узакка созулган согуш бүткөнүн жарыялайбыз. Афганистандагы миссиябызда Ал-Каиданы жок кылып жана анын жетекчиси Усама бин Ладинди өлтүрүп ийгиликке жетиштик… Аскерий миссия келерки август айынын аягына чейин уланат. Америка күчтөрү Афганистанга мамлекет куруу үчүн келбеген. Бул – афгандардын мойнундагы милдет. Алар өз мамлекетин өздөрү каалагандай башкарышы керек… Кооп-коркунуч Афганистандан тышкарыдан келүүдө. Учурда Кытай менен стратегиялык атаандаштык о.э. Ковид-19 жана кибер терроризмге каршы туруу башкы милдетибизге айланган. Жыйырма жыл мурун башталган согушту уланта турган болсок, муну аткара албайбыз». Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки андан да ачык-айкыныраак кылып мындай деди: «Америка күчтөрүнүн толук чыгып кетишин майрамдоо пландалбаган. Бул жагынан биз натыйжанын маанилүү тарабын белгилебейбиз. Бул – 20 жылга созулган аскерий жеңишсиз согуш». (Анадолу маалымат агенттиги, 2021-жыл, 8-июль). Т.а. Америка Афганистанда жыйырма жылда жеңишке жетише алган жок… Ал тургай, бир нече базаларды жапкандан кийин эң ири жана маанилүү эсептелген Баграм базасынан да 2021-жылы 8-июлда чыгып кетти. Муну менен анын кресттүүлүк жүрүшү Байден расмий жарыялаган мөөнөттөн т.а. 11-сентябрдан, кийин өз сөзүндө белгилеген экинчи мөөнөт 31-августтан мурун иш жүзүндө аяктады.
  • Бул учурда Талибан өзүнүн аскерий чабуулдарын кеңейтти. Түндүк, түштүк, батыш райондор, кийин борбордук райондор колго алына баштады. Талибан өтө кыска убакыт ичинде Афганистандын чоң бөлүгүн, өзгөчө, коңшулаш мамлекеттер менен чектеш аймактарды көзөмөлгө алып, чегара пункттарын ээлеп алды… Бул жөнүндө Москвага барган Талибан делегациясындагы сүйлөшүүчүлөр тобунун мүчөсү Шахабиддин Дилавар: «Талибан кыймылы Афганистан аймагынын 85 %ын көзөмөлдөп жатат», – деди. Афган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Ажмал Умар Шинвари муну четке кагып: «Бул туура эмес, көпчүлүк региондордо согуштар уланууда», – деди… (Франс Пресс, 2021-жыл, 11-июль). Бирок, Талибан делегациясы «коңшулаш жана дос мамлекеттердин ишине аралашпоого» убада берди жана «делегациянын Москвага сапарынан максат – Исламий Амирликтеги бардык маалыматтарды сунуштоо. Талибан Афганистанда Исламий Мамлекет уюмунун кеңейишине жол бербейт жана ага каршы күрөшөт. Кыймыл мамлекеттин жалпы түзүлүшүн белгилөө үчүн коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр алып барууда жана бул иш аяктоонун алдында турат». О.э. Талибан бийликти толук басып алууну максат кылбаган… (Ал-Жазира, 2021-жыл, 9-июль).

4 – Кийин 2021-жылы 17-июлдагы кабарга ылайык, «Афганистандагы жаңжалдашып жаткан эки тарап бүгүн ишемби күнү Дохада тагдырий маселелер талкуулана турган сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин белгилөө үчүн 14 кишиден турган комитет түзүүгө келишишти. Ал-Жазиранын кабарчысы Дохада өтүп жаткан Афган сүйлөшүүлөрүндөгү бир булактын сөздөрүн ачыктады. Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы сессиясы жакшы натыйжа менен бүттү жана Афган өкмөтү менен Талибан кыймылынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы бүгүн Катардын борбору Дохада башталды. Сүйлөшүүдө тагдырий деп каралган маселелер талкууланат. Афганистан жарашуу кеңеши жана өкмөт делегациясынын жетекчиси Абдуллах Абдуллах айтышынча, мамлекетте тынчтык орнотуу эки тараптан тең ийкемдүүлүк талап кылынат. Ал кошумчалашынча, учурда тынчтык үчүн ылайык чөйрө даяр. Талибандын Дохадагы өкүлдүгүнүн жетекчиси Абдулганий Барадар айтышынча, алар бүгүн Дохада башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң натыйжаларга жетишүү үчүн болгон күчтөрүн жумшашат». (Булак: Ал-Жазира жана башка агенттиктер).

5 – Ошондон кийин, комитет ошол эле күнү т.а. 2021-жылы 18-июлда өз ишин аяктап, жолугушуу жөнүндө биргелешкен билдирүү жарыялады. «Дохадагы Ал-Жазира кабарчысы маалымдашынча, Афган өкмөтү менен Талибан кыймылы Катардын ортомчулугу менен Дохада өтүп жаткан сүйлөшүүлөр боюнча биргелешкен жыйынтык билдирүү жарыялоого о.э. Доха сүйлөшүүлөрү алкагында жакында кезектеги жолугушууну өткөрүүгө келишишти. Тараптар бир нече он жылдардан бери уланып жаткан талаштын адилеттүү чечимин табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү тездетүү туурасында да келишимге жетишишкен. Афган өкмөтү менен Талибан кыймылынын делегацияларынын биргелешкен билдирүүсүндө адилеттүү чечимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө жана чечимге жетишкенге чейин сүйлөшүүлөрдү жогору даражада өткөрүүгө келишишкени айтылат. Бул биргелешкен билдирүү бир нече он жылдык согуштан кийин мамлекетте тынчтык орнотууга багытталган саясий чечимди көздөгөн Афган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи сессиясынан кийин жарыяланды. Талибан кыймылынын делегациясындагы булактын айтышынча, Талибан ал жана өкмөттүн ортосунда ишенимди бекемдөөчү иш-чараларды өз ичине камтыган сунушту киргизген: эки тараптагы туткундарды азат кылуу о.э. мубарек Курбан айт күндөрүндө убактылуу тынчтык түзүлгөнүн жарыялоо». (Булак: Ал-Жазира жана башка агенттиктер).

6 – Америка Афганистанда Талибан менен болгон сүйлөшүүлөрдө активдүү пайдаланган бир нече мамлекеттердин позициясын көрсөтүп өтүү зарыл:

а)   Пакистан: дал ушул Пакистан 2018-жылы Талибанды Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү алып барууга мажбурлаган. Ошондуктан, Залмай Халилзад Талибандын сүйлөшүүлөр үчүн Дохага барышына жардам бергени үчүн Пакистанга ыраазычылык билдирди. Ал эми, 2021-жылы март айында АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин «Пакистан Афган тынчтык процессин туруктуу колдоп-кубаттаганы үчүн» пакистандык кесиптешине өз ыраазычылыгын билдирди. Фажр журналында мындай делет: «Пентагон башчысы Пакистандын Афган тынчтык процессиндеги ролун алкыштайт». (Фажр журналы, 2021-жыл, 23-март). Американын Афганистандагы стратегиясында Пакистандагы жогорку офицерлер жана саясий тайпа маанилүү роль ойношту.

Ошентип, Пакистан өтө маанилүү ролду ойноду жана анын өз тарыхы бар. Афганистандагы Талибан кыймылынын тамыры Пакистанга барып такалат. Учурда да Пакистан разведка кызматы Афганистанда таасирге ээ болуп, Талибан ичинде алардын адамдары бар. Ошондуктан, Америка көп абалдарда Пакистандын ролуна таянат.

б)   Түркия: Түркия Афганистанга багыт алып, ал жерде да кудум Сирия жана Ливияда кылгандай, Американын тышкы саясатындагы максаттарын ишке ашырууга аракет кылууда. Түркиянын Анталия шаарындагы деңиз курортунда болуп өткөн эл аралык жолугушууда Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу Афганистандагы Кабул аэропортунун коопсуздугун Түркия камсыздашын сунуштады… Өткөн айда Брюсселде болуп өткөн Байден-Эрдаган жолугушуусунан кийин Вашингтон Анкараны Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоодогу негизги ролду өз мойнуна алганы үчүн алкыштады. Вашингтон Түркиядан Кабул аэропортун коргоону каалап жатат, аэропорттун жанында дагы эле анын 500гө жакын аскери бар. Байден жакында ачыктаган сөзүндө буга ишара кылып: «Биз Кабулдагы эл аралык аэропорттун коопсуздугун камсыздоо үчүн шериктештерибиз менен тыгыз иш алып баруудабыз», – деди. Эрдаган мындай деди: «Түркиянын миссиясы кандай болушун, эмнени кабыл алышыбызды жана кабыл албашыбызды АКШ жана НАТО менен болгон сүйлөшүүлөрдө белгилеп алганбыз… О.э. бул теманы НАТО саммиттеринде, Байден менен жолугушканымда о.э. делегациялардын сүйлөшүүлөрүндө ортого салганбыз… Афганистандагы бул милдетти эң мыкты даражада аткарабыз». (Ал-Жазира, 2021-жыл, 9-июль). Түркия президентигинин басма сөз катчысы Ибрахим Калин «НАТО күчтөрү чыгып кетип, жайында Афганистанда АКШ жетектеген «чечкиндүү колдоп-кубаттоо» миссиясы аяктагандан кийин Түркия Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоону улантышы мүмкүн», – деди. (Шаркул Авсат, 2021-жыл, 3-июь). Талибан кыймылы Түркия армиясынын Афганистанда турушуна каршы чыкты. Ал өз билдирүүсүндө «Кошмо Штаттар жетектеген эл аралык күчтөр мамлекеттен чыгып кеткенден кийин Афганистанда Түркия кошуундарынын калышын четке кагып, мындай токтомдун караланышын» баса белгилеп: «Түрк жетекчилеринин токтому акылга сыйбаган чечим, себеби, ал биздин суверенитетибиз жана аймактык бүтүндүгүбүздү бузуу эсептелип, улуттук кызыкчылыктарыбызга тескери келет», – деди. (Ал-Жазира, 2021-жыл, 13-июль).

в)   Орто Азия: Кошмо Штаттар өз күчтөрүнүн бир бөлүгүн Орто Азияда жайгаштыруу жөнүндө Орто Азия жетекчилери менен сүйлөшүп жаткан. Нью-Йорк Таймс гезитинде мындай делет: «АКШ расмийлери региондогу базалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өкмөттөрү менен байланышкан. 22-апрель күнү АКШ мамлекет катчысы Энтони Блинкен Твиттерде Америка жана НАТО күчтөрүнө аскерий базаларды пайдаланууга берүү туурасында Өзбекстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн жазды. Анын айтымында, бул базаларга Афганистанды колдоо үчүн дрондор, алыска учкан бомбалоочу самолёттор жана разведка тармактары жайгаштырылат». (Нью-Йорк Таймс, 2021-жыл, 27-апрель).

7 – Жогоруда айтылгандардан ушул нерсе ачык-айкын болот:

а)   Сүйлөшүүлөрдүн уланышы Американын Афганистандан бүтүндөй чыгышына алып барбайт. Тескерисиче, бул – алдоо. Анткени, Америка башкы эшиктен чыгып, короодогу эшиктен кайра кирет. Короодогу эшик бир тараптан АКШнын Пакистан, Түркия жана Ирандагы тарапкерлери жана малайлары тарабынан корголуп жаткан болсо, экинчи тараптан ал жердеги америкачыл кимселер тарабынан корголууда, алардын баары АКШнын Афганистандагы таасирин сактап калууда негизги ролду ойноп жатышат.

б)   Катарга келсек, ал эки максатты көздөп сүйлөшүүлөр үчүн чөйрө даярдоодо. Биринчиси, Саудия тарабынан колдонулган эмбаргону (курчоону) бекер кылууну көздөп жатат. Катар Трамп администрациясынын доорунда, өзгөчө, 2020-жылы 29-февралда Доха келишимине кол коюлгандан кийин бул максатына жетишти… Экинчиси, Катар жана анын артында турган англистер Талибан менен орноткон алакалардан Американы ыңгайсыз абалга салуу үчүн пайдаланышууда. Катардын проблемаларды пайда кылып турушу жаңылык эмес. Ошондуктан, ал Талибанга финансылык жардам көрсөтүп, өкүлдүк жана медиа-платформасын ачып берди. Мындан тышкары, Америка Талибан кыймылы менен болгон алакаларын жеңилдетүүдө Катардын ролуна муктаж… Ушул таризде англистер Американын Талибан кыймылы менен болгон алакаларын жеңилдетүүдө Катардын ролуна муктаж болуп турганынан пайдаланып, окуяларды Катар жана Фарс Булуңундагы өз кызыкчылыктары үчүн ишке салышууда.

в)   Талибан  Америка жана анын Афган режиминдеги малайлары менен сүйлөшүүгө кириши чоң жаңылыштык болду. Күч-кудурет ээси болгон Аллахтан Афганистандагы мусулмандарды мындай сүйлөшүүлөрдүн жамандыгынан сактоону сурайбыз. Себеби, колонизатор кафирлер өз шарттарынан келип чыгып гана, өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн гана сүйлөшүү столуна олтурушат. Американын азыркы абалын дыкат үйрөнгөн кишиге, ойгоо жүрөк ээси болгон же чын жүрөктөн кулак салган ар кандай кишиге Америка ушул абалда экени ачык болот:

Биринчи: XXI кылымда Кытайдын аскерий жана экономикалык жактан кудуреттүү мамлекетке айланышы Америка кызыкчылыктарына коркунуч туудуруп жатат. Бүткүл этибарды Кытайга каратуу Америка үчүн биринчи даражалуу милдетке айланган. Биз азыр эле айтып өткөн Америка расмийлеринин билдирүүлөрү ушуну көрсөтүп жатат. Байден 2021-жылы 8-июлдагы сөзүндө мындай деди: «Кооп-коркунуч Афганистандан тышкарыдан келүүдө. Учурда Кытай менен стратегиялык атаандаштык … башкы милдетибизге айланган».

Экинчи: Американын Афганистандагы баскынчылыкта көргөн зыяндары жөнүндө жогоруда айтып өттүк: «BBC News «Афганистанда 2400дөн ашуун АКШ аскери өлтүрүлгөнүн» билдирди».

Булардын баары ушуну көрсөтүп жатат: Америка Афганистандан сүйлөшүүлөргө барбастан чыгып кетсе, жеңилип чыгып кеткен болот. Себеби, сүйлөшүүлөр анын таасирин сактап калып, согушта колго ала албаган ийгиликтерди камсыздайт.

г)   Биз Талибандын сабында садык жана калыс боордоштор бар экенин билебиз, ошондуктан, аларга кайрылабыз:

  • Алар абалды оңдоп, сүйлөшүүлөрдү токтотушу, Америка согушта колго ала албаган ийгиликтерге жетишине мүмкүнчүлүк бербеши керек…
  • Халифалыксыз узак убакыт жашаганыбыздан кийин мусулмандардын тагдырий маскелеси – Халифалыкты кайра тикелөө экенине анык ишениши зарыл. Анткени, Халифалыкты тикелөө менен Аллах Тааланын фарзын аткарып, Расулуллах ﷺга итаат кылган болобуз.
  • Ислам жана илманийликтин аралашмасы болгон бийликке шерик болуу Аллах тарабынан кабыл алынбашын аңдашы зарыл. Анткени, күч-кудурет ээси болгон Аллах таййиб (жакшы) амалды гана кабыл алат.

Мына ушул акыйкат.

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ﴾

«Акыйкаттан кийин адашуу гана бар»                                                                   [10:32]

Талибанды, өлкөнү, өлкө калкын жана бүткүл мусулмандарды акыйкатты ээрчүү гана куткарат… Хизб-ут-Тахрир силерге насаат кылып, чакырып жаткан нерсе мына ушул. Силер өкүмдарлык кылып турганыңарда да биз силерди Халифалыкты тикелөө аркылуу акыйкатка ээрчүүгө чакырган элек. Бирок, силер муну четке кактыңар. Кийинчерээк четке кагып ката кылганыңарды да түшүнүп жеткенсиңер… Муну жыйындардын биринде мулла Умар рахимахуллах өзү моюндаганы айтылат. Бирок, кеч болгон эле. Мына, биз силерге кайрадан насаат айтып жатабыз, аны кабыл алуучу барбы?

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»                                                                                                            [8:24]

 

                                                                                                              9-зулхижжа, 1442-х.

                                                                                                                   19-июль, 2021-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here