БИЗНЕСКЕ АЙЛАНГАН ВАКЦИНАЦИЯ

286
0

Бизнеске айланган вакцинация

Коронавирус пандемиясы башталганына мына эки жылдай болду. Ошол эле учурда, вакцинанын түрлөрү да көбөйдү. Бирок, дүйнө элдери арасында вакцинага карата шектенүүлөр күч, алар вакцина алгысы келбейт. Ошондуктан, учурда адамдар мамлекет тараптан түздөн-түз же кыйыр түрдө мажбурланып коронавируска каршы вакцинациядан өтүшүүдө. Бул пандемия бир жагынан бизнеске айланса, экинчи жактан саясатташып кеткенин, башкача айтканда капиталисттер, аларды ээрчиген бийликтер дал ушул пандемияны бетке кармап өз пландарын ишке ашырууга аракет кылып жатышканын дүйнө элдери түшүнүп бара жатышат.

Вакцинация маселесине келсек, бул толгон токой суроолорду жаратууда. Мисалы вакцинация башталган алгачкы күндөрү адам бир жолу вакцина алары айтылган. Бирок, бүгүнкү күнгө келип вакцина эки жолу, а түгүл үч жолу сайылышы зарыл экендигин айтып жатышат. Ошондой эле вирустун жаңы-жаңы түрлөрү пайда болууда жана вакцинациянын бүтүндөй пайдасыз экенин көрсөткөн абалдар жаралууда. Учурда дүйнөнү коронавирустун дельта (индия) штаммы кооптондуруп жатса, ал эми, коронавирустун гамма (бразилия) штаммы вакцинациянын жараксыздыгын көрсөттү. «Франция жана Гвиана окумуштуулары төмөнкү жыйынтыкка келишкен: эмделгендердин арасында (коронавирустун) гамма вариантынын жугуштуулугу 60 %ды түзөт. 2021-жылы май айында Гвиананын алтын казган шахтасында коронавирус инфекциясынын жайылгандыгы катталган. Адистер 44 жумушчуну изилдешкен, ал жумушчулардын 25и COVID-19га каршы вакцина менен эмделишкен. Коронавируска каршы эки эмдөөдөн толук өткөн бул 25 шахтёрдун 15и коронавирустун гамма-штаммын жуктуруп алышкан». (РИА, 25.07.21). Андан тышкары, жапырт эмдөө да натыйжасыз болгон учурлар бар. Мисалы чакан Сингапур өлкөсүн алсак, апрель айында Bloomberg агенттиги Сингапурду пандемияга каршы ийгиликтүү күрөшкөн өлкөлөрдүн арасында биринчи орунга чыгарган. Себеби Сингапурда калктын 70 %дан ашууну вакцина алышкан. Бирок, кече жакында Сингапур бийлиги коронавируска каршы стратегиясын өзгөрттү: коронавируска каршы тынымсыз күрөшүү эмес, коронавирус менен бирге жашоону үйрөнүү жолун тандады. Анткени, CNBC басылмасы маалымдагандай, калктын 70 %дан ашууну коронавируска каршы эмделсе да акыркы кездерде Сингапурда ковиддин жугуу учурлары абдан жогорулап кеткен. «Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн аптада 480 жугуу абалы катталган, бул көрсөткүч мурунку жети күнгө салыштырмалуу өтө жогору, себеби ал күндөрү 19 учур катталган болчу. Жугуштуулуктун ылдамдыгын эсепке алсак, ооругандардын саны кескин көбөйүшү күтүлүүдө, себеби, көбүрөөк адам (ковид) жуктуруп алышы ыктымал». (CNBC, 20.07.21).

Бул учурларды кандай түшүнүү мүмкүн? Эмне вакцина начарбы же ал бир бизнеспи? Негизи пандемия башталып, коронавируска каршы биринчи вакциналар чыгарыла баштаганда эксперттер вакцина толук даяр болушу жана клиникалык сыноолордон өтүшү үчүн 4-5 жыл талап кылынат дешкен. Бирок, дүйнөлүк фарм компаниялар пандемия бүтүп кала электе батыраак, көбүрөөк кирише алуу үчүн сыналбаган вакциналарын жапырт колдоно башташты. «Орусия Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, коронавируска каршы «Спутник-V» вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы октябрда даяр болот. Калган орусиялык вакциналардын жыйынтыгы 2021-жылдын акырында – 2022-жылдын башында даяр болот». (ТАСС, 23.07.21). Демек, бизге сыноодон өтпөгөн вакциналарды сайып жатышабы, башкача айтканда биз лабораторияда сыналып жаткан коёндорбузбу?! Дүйнөлүк фарм компаниялар көбүрөөк кирише алуу үчүн өкмөттөрдүн колдоосуна таянып алышып, адамдарга мажбурдуу түрдө вакцина алдырышып вакциналарды адамдарга сынап жатышабы?! Мен дүйнөлүк фарм компаниялар дедим, себеби баарынын эле ахвалы орустардыкынан дээрлик айырмаланбайт. Бул окуялар вакцинага карата өтө чоң шектенүүлөрдү жаратат. Ансыз да учурда капитализм колдонулуп жаткан доордо капиталисттер киреше табуунун жолунда инсандын өмүрүн кыйуудан да кайра тартышпаганын эсепке алганда.

Негизи, вакцина алуу шариятта дарылануу бабына кирип, аны алуу мубах. Башкача айтканда, ар кимдин өз ыктыярында. Бирок, жогоруда айтылган шек-күмөндүү жагдайлар турганда, вакцинадан улам өлүм абалдары катталып жатканда ишеничтен кеткен империалист-глобалисттер өндүргөн жана алардын малайлары тыгыштырган вакциналар адамдарда көптөгөн шек-күмөндөрдү жаратууда. Ушулардан улам, аларды алууга ашкере же жашыруун, күч же алдоо менен мажбурлоо харам!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here