Америка өз атынан Түркияны Афганистанга аралашууга үндөөдө

259
0

Басма сөз баянаты

Америка өз атынан Түркияны Афганистанга аралашууга үндөөдө

Президент Режеп Таййиб Эрдаган АКШ жана НАТО күчтөрү Афганистандан чыгып кеткен соң Кабул эл аралык аэропортунун коопсуздугун камсыздоо жоопкерчилигин Түркия өз мойнуна аларын баса белгилеп, мындай деди: «Америка жана НАТО менен болуп өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин биз мойнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликти белгилеп алдык жана бул вазыйпаны эң ылайыктуу жол менен аткарабыз».

Түркия акыркы жыйырма жылда Кошмо Штаттар жана НАТОнун көрсөтмөлөрүнө ылайык Афганистандагы согушка катышты. Түркия афган мусулмандарын өлтүрүүдө, кыргын кылууда жана канын төгүүдө Американын жанында туруп, активдүү катышты. Ал тургай, кээ бир учурларда НАТО күчтөрү Афганистандагы аскерий операцияларды Түркияга тапшырды. Бүгүнкү күндө Америка жана НАТО күчтөрү мусулман калк алдында о.э. Афганистан мужахиддеринин пикирий, саясий жана аскерий күрөшү алдында жеңилип, ооган маселесинде артка чегиништи. Эми алар региондогу мамлекеттерди Афганистандагы саясий абалды жөндөө ролуна үндөшүүдө. Ушул аркылуу Кошмо Штаттар өз пландарындагы каталарды башка мамлекеттерге милдеттендире алат. Милдеттендирилген бул мамлекеттерден бири – Түркия. Келечекте ага Афганисанда Кошмо Штаттардын атынан чоң жоопкерчилик жүктөлүшү болжолдонууда. Элчиликтердин жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын Афганистандагы иш-аракеттери уланышы үчүн Кошмо Штаттар аэропорттун коопсуздугун камсыздоону Түркияга ишенип тапшырды. Түркия бул ролду аткарууга макулдук берди.

Кошмо Штаттар жана Батыштын кызыкчылыктарын камсыздап жаткан Түркия күчтөрүнүн ал жерде турушу Афганистанда олуттуу каршылыкка учурайт. Себеби, Түркиянын ал жерде турушу Афганистандагы мусулмандар алдында Түркиянын аброюн түшүрөт. Мындай абалда адамдар Түркияны баскынчы мамлекет катары карашат.

Түркия бир убакыттарда Усманий Халифалыктын бешиги болгон жана бүгүнкү күндө Ислам өлкөлөрүндөгү чоң күчтөрдүн бири болуп эсептелет. Өкүнүчтүүсү, ушундай чоң күч бүгүнкү күндө Кошмо Штаттардын жана Батыштын колунда болуп, алардын аскерий жана саясий миссияларын аткарууда колдонулууда. Эрдаган өз бийлигин сактап калуу максатында Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын камсыздоо үчүн түрдүү исламий өлкөлөрдө «ишеничтүү өкүл» катары миссияларды аткарып келүүдө. Түркиянын Ирактагы, Сирия жана Ливиядагы эки жүздүүлүк миссиясы агрессивдик операция экендиги далилденди. Бул миссия учурда жогоруда айтылган өлкөлөрдүн өнүгүшүнө алып келбеди о.э. кан төгүү да токтободу жана кыйроолорго да чекит коюуга салым кошподу.

Биз Түркиянын күчтүү армиясын ойгонууга о.э. Кошмо Штаттар жана НАТОнун малайына айлануунун ордуна тарыхка акыл калчап назар салууга чакырабыз. Усманий Халифалык болжол менен 600 жыл Ислам негизинде башкарып келген. Түркия өзүнүн кадыр-кыйматы жана кубаты Исламга кайтуу аркылуу кайра тикеленишин түшүнүп жетиши керек. Ислам башкаруусу менен мусулмандар ар кандай майданда көз карандысыз болушу мүмкүн. Мусулмандар эч да миссияда эч качан Ислам душмандарынын ишеничтүү өкүлү болушпайт. Эй Мухаммад Фатихтин перзенттери! Бүткүл мусулмандардын бул дүйнө жана Ахыреттеги ырахат-жыргалчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн рошид Халифалыкты жана Ислам башкаруусун тикелөөгө күчүңөрдү жумшагыла.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here