Хизб-ут-Тахрирдин мубарак Курбан Айтка карата куттуктоосу

284
0

Хизб-ут-Тахрирдин мубарак Курбан Айтка карата куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох,

Аллоху акбар, Аллоху акбар, ва лиллахил хамд…

Бисмиллахир Рохманир Рохим. Нусрат жана үстөмдүк менен сүйүнчүлөгөн, аят-карималар менен эскерткен ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун. Жүрөктөргө бейпилдик, зээндерге нур тартуулоочу, акыбалыбызды түз жолго салуучу бир шариятты бизге мурас кылып калтырган, жерлери кеңейип, улут жана расаларды бири-бири менен боордош кылуучу Халифалыкты бизге тартуу кылган саййидимиз Мухаммад мустафага, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар жаалсын.

Айт намазынан кийин кол алышып учурашкандардын кубанычы, мусулмандар үйлөрүндөгү балдардын кубанычы, зулхижжанын он күндүгүндөгү жемиштерди жыйнап жаткан моюн сунуучу пенделердин кубанычы, кудуреттүү кишилердин Азиз жана Жаббар зат үчүн кылган курмандыктары, Байтуллахка жетип баргандардын хаж ибадатындагы кубанычы менен кош келдиң мубарак ийдул курбан… Кош келдиң, жүрөктөргө кадыржамдык алып келген… Кош келдиң, кубанычка толгон кушкабар менен…

Мен адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка, ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах Умматына Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн мубарак Курбан айты менен атайын куттуктоосун жеткирип жатканымдан кубанычтамын. Аллах Тааладан бүгүнкү айттын кубанычын жакында келе турган жарык күн жана анык нусрат кубанычына айлантышын сурап калабыз.

Өз кезегинде жеке өзүмдүн атыман о.э. Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы жана маалымат бөлүмүнүн кызматкерлеринин атынан Хизб-ут-Тахрирдин амири улуу аалым Ато ибн Халил Абу Роштаны айт майрамы менен куттуктайм. Аллах Тааладан амирибизге даъват жетекчилигинде жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат талап кылууда ийгиликке жетиштиришин сурап калабыз.

Эй мусулмандар!

Чындыгында, Аллах Таала калктарга өз арасынан алардын вакиълигин жакшы түшүнө турган, сезимдерине таасир кыла турган жана алардын абалын түшүндүрүп бере турган кишилерди чыгарып берет. Аллах аларды өз калкына кайрылуу жана насаат жолдоого кудуреттүүлүк ниъматы менен сыйлаган, өз кезегинде алар адамдардын жүрөктөрүн жана акылдарын ээлеп, муну менен коомдук фикирди калыптандыруучуларга айланышат. Биз милдеттери канчалык маанилүү экенин эстетүү үчүн о.э. Умматка өз акысын таанытуу үчүн, бул айтта өзгөчө ушундай адамдарга кайрылмакчыбыз.

Исламий Умматта коомдук фикирди калыптандыруучуларга:

Эй минбарлар, сайттар, калемдер, барактар, каналдар, гезиттер, программалардын ээлери. Эй үгүттөөгө негизделген жана негизделбеген медиа платформалары. Эй Ислам жөнүндө, жашоо жана адамзат иштери туурасында терең фикирге ээ болгон, турмуштун олуттуу тармактары менен да, көңүл ачуучу оюндары менен да алектенип жаткан бардык түрдөгү массалык маалымат өкүлдөрү, биз силерге Ислам Умматынын калктары арасында кеңеш берүү, фикир билдирүү жана сезимдерди башкаруу милдетин өз мойнуна алган адамдар деген этибарда, бул айтта кайрылып жатабыз… Анткени, Расулуллах ﷺ мындай деген:

«أَيُّمَا دَاعٍ دَعَا إِلَى شَيْءٍ كَانَ مَوْقُوفًا مَعَهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ، لاَ يُغَادِرُهُ وَلاَ يُفَارِقُهُ، وَإِنْ دَعَا رَجُلٌ رَجُلاً»

«Бирер даъватчы бир нерсеге даъват кылган болсо, кыямат күнү ошол нерсе аны менен болот. Ал тургай, бир адам бир эле кишини чакырган болсо да, аны таштай албайт, ажырала да албайт» – деди, кийин төмөндөгү аятты окуду:

﴿وَقِفُوهُمْ إِنَّهُمْ مَسْئُولُونَ﴾

«(Тээ менин буйругум болмоюнча) аларды токтотуп (тозоко таштабай) тургула, себеби, алар (мурда дүйнө тирүүлүгүндө кылып өткөн иштери туурасында) суралуучулар»   [37:24]

Төмөндөгү үч акыйкат Исламий Уммат калктарында коомдук фикирге айланды деп ишенебиз.

Биринчи акыйкат: Бүгүнкү күндө Уммат Аллах Азза ва Жалла адамзат үчүн тандаган жашоо манхажы Ислам экенин түшүнүп жетти.

Экинчи акыйкат: Бир кылымдык күрөштөн кийин өзүнүн күч-кудурети жана өсүп-өнүгүүсү Исламий Халифалык менен тыгыз байланыштуулугун да түшүнүп жетти.

Үчүнчү акыйкат: Исламий Уммат сахабалардын убагындагыдай сыяктуу исламий рошид башкаруунун кайтышын ынтызар болуп күтүүдө. Ал тургай, эгер бул иштин ишке ашуу жолун түшүнүп жетсе жана ишенсе, бул жолдо күрөшүүгө, өзүнүн жана перзенттеринин өмүрүн курман кылууга даяр турат.

Биз бул үч акыйкат Исламий Уммат калктарында коомдук фикирге айланганына толук ишенебиз. Бирок, бул акыйкаттар Умматтын нажат жолундагы аракеттерин тартипке салууга жетиштүү болбойт. Балким, Уммат тил бириктирүү жана проблемаларга туш келгенде, исламий идеологиянын деталдарын үйрөтө турган адамдарга муктаж. Ушул жерде Ислам Умматынын перзенттеринде коомдук фикирди калыптандыруучулардын милдети – исламий идеологиянын деталдары менен Умматты байытуу. Биз ушул орунда бул жоопкерчиликтүү иштин маңызы жана олуттуулугун көрсөтө турган мисалдарды айтып өтөбүз.

Мисал үчүн, коомдук фикирди калыптандыруучулардын арасындагы Ислам Умматынын биригишин каалай турган адам мекенчилдиктин да саясий максат катары жалпыга сунуш кылынышын да эп көрөт. Же исламий өлкөлөрдүн суверенитетин, мисалы, башка өлкөлөрдөн келген мусулмандарга жарандык берүү же жарандыктан ажыратуу мыйзамдарын урматтоо керектигин баса белгилешет. Мекенчилдик о.э. андан келип чыккан суверенитет мыйзамдары кооптуу саясий максаттар экенин, булардан Ислам Умматынын биримдигине сокку берүү көздөлгөнүн унутуп коёт. Негизи, мунун ордуна мекенчилдикти арам деп билип, адамзатты анын коркунучунан эскертүү керек эле. О.э. адам өз калкынын кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн БУУнун мыйзамдары менен эмес, балким, Ислам шарияты боюнча көрсөтүшү керек. Ошондуктан, бул туурасында коомчулукка фикир берүү үчүн өзүн жетиштүү сакафат менен байытышы, бул иште кайдыгерлик кылбашы зарыл эле.

Бул сыяктуу кайдыгерликтерге дагы бир мисал, мусулман өлкөлөрүндөгү бирер шаар аскерий чабуулга учураган убакта, медиа контент жаратуучулары өз калыстыгын көрсөтүп, кол салуучунун чабуулун каралашууда жана чабуулга учурагандардын кайгысына шерик болушууда. Бирок, «кафир кошуундун чабуулуна мусулмандар кошуундарын аракетке келтирүү менен жооп берилет» деген фикирди Умматка сиңирүүнүн ордуна, Батыштагы коомдук фикирди ыңгайсыз абалга салып койгон кампаниялар менен Исламий Умматтагы коомдук фикирди адаштырышууда. Кийин болсо, дүйнө мамлекеттерин, айрыкча, колонизатор кафир Батыш мамлекеттерин согушту токтотуу үчүн аралашууга чакырышууда! Негизи, алардын милдети «исламий өлкөлөр мусулмандардын казармаларында аракетсиз жаткан кошуундарды аракетке келтирүү менен корголот» деген туура фикир негизинде Умматтагы коомдук фикирди калыптандыруу эле.

Эй Умматта коомдук фикирди калыптандыруучулар!

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, силерге Исламий Уммат алдындагы жоопкерчилигиңерди, бул жоопкерчилик Умматка нукура исламий фикирди берүү экенин эстетмекчибиз. Хизб-ут-Тахрир исламий мыйзам чыгаруу булактарынан далилдин кубаты негизинде истинбат кылынган фикирий-саясий материалдарды силерге сунуш кылууда. Анда Хизб фикирий жана саясий проблемаларга тиешелүү шаръий көз караштарды о.э. Уммат алдында турган заманбап проблемалардын шаръий чечимдерин сунуш кылууда. Эй трибуна ээлери, эй коомдук фикирди калыптандыруучулар, этият болгула. Умматка нафси-каалоодон алынган саясий эксперименттерди берүүдөн этият болгула. Антпесе, өзүңөрдү да, өзүңөр менен бирге адамдарды да жолдон азгырасыңар. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿ليَحْمِلُواْ أَوْزَارَهُمْ كَامِلَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَمِنْ أَوْزَارِ الَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍ أَلاَ سَاء مَا يَزِرُونَ﴾

«Алар (бул жалган сөздөрдү, башка адамдарды жолдон азгыруу үчүн жана акыбетте) Кыямат Күнүндо, өздөрүнүи бардык күнөөлөрүнө жана да өздөрү заалимдик менен жолдон азгырган адамдардын күнөөлөрүнүн да (бир бөлүгүнө) жоопкер болуу үчүн (айтышат). Байкагыла! Алар абдан жаман жүктү (т.а. күнөөлөрдү) аркалап алышкан»             [16:25]

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох, Аллоху акбар, Аллоху акбар ва лиллахил хамд…

Айтыңар мубарак болсун.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

 Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here