Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан темир жолу курулат

298
0

Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан темир жолу курулат

15-16-июлда Ташкентте бир катар эл аралык иш чаралар болуп өттү. 15-июлда Америка менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн С+5 форматындагы саммити болуп, Ооганстандагы маселе талкууланды. 16-июлда “Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш” аталышында конференция болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча вице-президенти Жозеп Боррел Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык каржы уюмдарынын, аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышты. Конференцияга АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад жана бир катар дипломаттары да келди.

Конференцияда аймактардын байланышын бекемдей турган «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолун курууга чакырыктар жасалды. Темир жолдун курулушу эки аймактын жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, сезилерлик даражада убакыт үнөмдөлмөк. Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиеевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашырууда Ооганстандагы туруктуулук маанилүү ролду аткарат. Жолугушуулардын артынан АКШ, Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстандын ортосунда төрт тараптуу дипломатиялык платформа түзүлгөнү жарыяланды. Тараптар аймактагы туруктуулукту сактоо менен аймактар аралык соода байланыштарды күчөтүүгө келишишти. Демек, Ташкенттеги жолугушуулардан Америка колонизаторлук саясатын ишке ашырууну көздөп жатат.

Анткени, Мирзиеев айткандай Ооганстанда Талибан жана Ашраф Гани баштаган жалпы бийлик орноп, туруктуулук ишке ашса Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор боло алат. Башкача айтканда Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдарын, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы. Америка Ооганстандын өзүндөгү эле чалгындалган кен байлыктарды триллион долларлык деп эсептеген. Буга кошумча Америка CASA-1000 долбоорун да ишке салууга аракет кылат. Долбоор ишке ашса Кыргызстан жана Тажикстан электр энергиясы Ооганстан менен Пакистанга экспорттолот. Бул үчүн миңдеген чакырымдык электр линиялары тартылып, станциялар курулушу шарт. Бир караганда бул иш 35 миллион афган калкынын жана 217 миллион Пакистан калкынын электр энергияга болгон муктаждыгын кандырууга каратылган деген ой пайда болот. А бирок, бул долбоор – Афганистанга аскерий баскынчылыгын жүргүзүп келе жаткан колонизатор Американын долбоору болуп эсептелет. Ал Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергияны Ооганстан жана Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонот. Даяр продуктулар кемелер аркылуу ташылып кетет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here