“Талибан” Түркияга эскертүү менен кайрылды

91
0

Талибан Түркияга эскертүү менен кайрылды

 “Талибан” кыймылы Түркия аскерлери Афганистанда болушуна каршы чыкты.

 “Түркия жетекчилеринин АКШнын суранычы жана чечимине ылайык биздин мамлекетте баскынчылыкты улантышын жарыялашы бизде жек көрүү жана душмандык ойготот о.э. эки тараптуу мамилелерге зыян жеткирет”, – .

 “Талибан”дын жетекчилери билдиришинче, “Афганистанда мамлекеттин аты кандай экендигине карабастан, чет элдик күчтөр болушу баскынчылык болуп эсептелет жана аларга карата Афганистандын бир жарым миң аалымы берген фатва негизинде мамиле кылынат”.

 Айтылышынча, “Түркия өкмөтүнүн чечими жеңил ойлуулук менен ташталган кадам болуп эсептелет жана улут суверенитети, диний коопсуздук жана улуттук кызыкчылыктарга тескери келет”.

 “Мындай чечим түрк жана афган калктары ортосунда проблема жана кыйынчылыктарды пайда кылышы себептүү, Түркия өкмөтүн бул чечимден баш тартууга чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

 Талибандын билдиришинче, анын саясаты “бардык мамлекеттер менен кызматташтык негизинде эң жакшы мамилелерге умтулуу”.

 “Биз эч кимдин ишине аралашпайбыз жана башкалар да биздин ишибизге аралашуусуна жол бербейбиз”, – деп айтылган билдирүүдө.

 Талиптер Түркия өкмөтү чечиминен баш тартпай турган болсо, мунун “акыбети үчүн жоопкерчилик” Анкаранын мойнунда болушун билдирген.

 Май айынын аягында АКШ жана Түркиянын президенттери Жо Байден менен Режеп Эрдоган НАТОнун Афганистандагы миссиясы аяктагандан кийин Кабулдагы аэропорттун коопсуздугун камсыздоо Түркиянын мойнуна өтүшү боюнча келишип алышкан.

 Эрдоган июнь айынын орто ченинде Түркия АКШнын каржылык колдоосу астында Афганистандагы аскерий контингентин сактап калууга даяр экендигин билдирди.

 Комментарий: АКШ башында турган коалиция Сириядагы козголоңду бастырууга алсыздык кылып, Башар режими кулайын деп калганда Эрдоган аларга “жардамга” жетип келген эле. Эрдоган баштаган “Ефрат калканы” операциясынан кийин куфр жана канкор режимге каршы эр жүрөктүк менен күрөшүп жаткан Халабдан (Алеппо) Түркия таасири астындагы куралдуу топторду алып чыгып кетүү менен Халабды Асадга тапшырды. Бул кыянат козголоңдо бурулуш чекити болду. Халабда калган кичине топтордон турган калыс мусулмандар жардамсыз калышты. 2018-жылы Түркия Сирияда “Зайтун бутагы” аттуу дагы бир операцияны ишке ашырды. Анда артиллериялык жана авиациялык соккулар ишке ашырылды. Ошол операциянын натыйжасында Халабдан кийин эле олуттуу проблема болуп жаткан Идлиб да режимдин курчоосунда калды. Түркиянын үчүнчү –“Тынчтык булагы” операциясы болсо канкор режимдин позициясын ого бетер бекемдеп берди. Эрдогандын ушундай кызматы себептүү АКШ – Сирия козголоңун толук бастыра албаган болсо да – режимге каршы болуп жаткан күрөштү куралдуу топтор ортосундагы согушка айландырууга жетишти.

 Ливияда Американын малайы Хафтар жана Британиянын малайы Саррож ортосундагы күрөштө Эрдоганга Саррожду колдоо милдети жүктөлдү. Бирок, эки малай ортосундагы чечүүчү кармаштын алдында Түркия Саррожду жардамсыз таштап койду. Натыйжада Саррож Хафтар менен АКШ кызыкчылыктарына туура келген келишимге кол коюуга мажбур болду.

 АКШ Ирак баткагына батып калган учурда Иран Американын көрсөтмөсү менен шиаларды колдой баштаган болсо, Эрдоган тим эле ага каршы чыккансып суннийлерди колдой баштады. Натыйжада АКШга каршы күрөш мазхабдар аралык күрөшкө айланып кетип, ушул аркылуу Америка Иракты көзөмөлдөөгө жетишти…

 Эрдоган сыртынан жалындуу билдирүүлөрдү берип жатканы менен бир да ишин АКШнын ыраазылыгысыз ишке ашырбайт. Ал дүйнөдөгү мусулмандар үчүн кайгырып жаткандай болуп көрүнгөнү менен, кайсы мамлекетке барбасын Американын кызыкчылыктарын коргоо милдети менен барат. Түркиянын Афганистанда калып, Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоо милдетин мойнуна алышы да АКШнын колонизатордук кызыкчылыктарын коргоо үчүн болуп жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here