АКШнын эки жүздүү саясаты себептүү Афганистандагы азыркы согуш куралдантуу аркылуу курчутулууда

238
0

Басма сөз баянаты

АКШнын эки жүздүү саясаты себептүү Афганистандагы азыркы согуш  куралдантуу аркылуу курчутулууда

 Америка Афганистандан чыгып кетишин жарыя кылгандан кийин Талибан акыркы эки ай ичинде ондогон регионду колго алды. Афган өкмөтү бул иштерден озунуп кетүүгө аракет кылууда. Ошондуктан, региондордун Талибандын колуна өтүшүнө жол бербөө максатында афган өкмөтү «Элдик коргоо» деген аталышта кээ бир региондордо калкка жана жергиликтүү жетекчилерге курал таратып, өлкөнү куралдантууда.

Бул сыяктуу кадам Афганистанды анархияга жетелейт, ал тургай, ар эки тарап тең келечекте бул согушту таптакыр чече албайт. Себеби, куралдантуу-милитаризация Афганистанды ички согушка алып кирип, бул согушта зомбулук, өлтүрүү жана адам өмүрүнө кол салуулар күч алат… Бул сыяктуу аянычтуу сценарийдин курмандары мусулман афган калкы болот.

Хизб-ут-Тахрир – Афганистан вилаятынын маалымат бөлүмү мусулман афган калкын, өз ара согушуп жаткан тараптарды жана таасирдүү жетекчилерди бири-бирине каршы согушуунун ордуна, азыркы бул кризистин түпкү себептерине көңүл бурууга чакырат. Азыркы кандуу согуштун себеби АКШнын Афганистандагы согуш жана тынчтык маселесиндеги эки жүздүүлүк саясатына барып такалат. Бул согуш – АКШ күчтөрүнүн согуш майданынан чыгып алышына, ошол эле учурда, афган калкын жийиркеничтүү согушка киргизүүгө алып баруучу атайылап жасалган тил бириктирүү. Учурда Америка мындай кандуу сценарийди ортомчу да, көрүүчү да катары түздөн-түз көзөмөлдөп, согушту афгандар ортосундагы ички согушка өзгөртүүдө. Негизи, учурдагы үрөй учурган абал Американын терең иштелип чыккан саясатынын натыйжасы болуп эсептелет. Америка бир тараптан, белгилүү бир мөөнөт калкты тынчтык деген жасалма үмүттөр менен алдоону максат кылган болсо, башка тараптан, өлкөнү согуш отуна түртүүдө. Америка өзүнүн көп кырдуу мындай оюнуна согушуп жаткан тараптарды гана алып кирген жок, бул кезектеги кыйроого бүтүндөй Афганистанды тартууда.

Түпкүлүгүндө, Америка Афганистанда аскерий жеңилүүгө учурады. Ошондуктан, ал эл аралык айбатын сактап калмакчы жана бул үчүн тынчтык сценарийин баштоого мажбур болду. Бул сценарийде негизинен согуш да токтобойт, тынчтык да сакталбайт. Тескерисинче, кезектеги кырсыктар башталат. Америка мына ушундай саясаты аркылуу майданда өзү каалаган чөйрөнү пайда кылууга урунууда. Бул абалда алгач өтө көп аймакта кан төгүлөт, кийин Америка Афганистанда эң күчтүү болгон өзүнүн разведка жана саясий таасирин сактап калууга багытталган атайын долбоорун ортого салып, «өлкөдөгү кризистин негизги себепчиси Америка эмес, афгандар өзүлөрү» деп бүткүл дүйнөгө көрсөтөт.

Өз ара согушуп жаткан тараптар жана мусулман афган калкы мындай ыплас ниеттеги согуштан бирден-бир пайданы, шексиз, Америка алышын түшүнүүлөрү зарыл. Ошондуктан, афган мусулмандары өз эркине, чечимине ээ болушуп, баскынчы мамлекет койгон тузакка түшүүдөн сактануунун убагы келди. Алар бул тузактан сактанып гана калбастан, саясий жана пикирий жактан Ислам акыйдасы жана шарияты негизинде биригүүгө аракет кылышы зарыл. Бирок, тескерисинче, абал ушундай улана берсе, бул жердин тарыхында кайгылуу кырсыктар башталышы жана бул кырсыктар келечекте баарын өз иримине тартышы турган кеп.

Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا تَرْجِعُوا بَعْدِي كُفَّاراً يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ»

«Менден кийин кайра бири-бириңерди өлтүргөн кафирлерге айланып калбагыла».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here