Кытай чек ара толук кандуу ачылышы үчүн калктын 70%ы эмделишин талап кылды

246
0

Кытай чек ара толук кандуу ачылышы үчүн калктын 70%ы эмделишин талап кылды

Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кытай Кыргызстанда калктын 70%ы коронавируска каршы эмделиши керек деген маселени коюп атат.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келген. Июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келери кабарланган. Учурда коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү.

Белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаровдун жакынкы күндөрү Кытайга сапары пландалууда. Кытай бийлиги болсо Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери ар кандай шылтоолор менен чек арадагы жүктөрдүн өтүүсүнө тоскоолдук кылып келет. Анткени, расмий сапарлар алдында мындай басымдар жасоо колонизатор мамлекеттердин салтына айланып калган. Максат, Кыргызстанга окшогон алсыз өлкөлөр жолгушууга алып бара турган долбоорлорду экинчи планга жылдыруу жана келишимдерди өз кызыкчылыктарына ылайык түзүү. Мисалы, Кыргызстандын карыздардын мөөнөтүн жылдыруу, экспорттук товарларга шарт түзүүгө байланыштуу келишимдери арткы планга жылып, чек араны ачуу сыяктуу Кытайдын эле кызыкчылыгындагы иштер биринчи планга чыгып калат. Муну менен катар Кытай темир жол сыяктуу ири долбоорлордун маршрутун өз кызыкчылыгына ылайык чийүүгө шарт түзүп алат. Буга окшош абалдар Кыргызстан расмийлеринин Орусияга жасаган ар бир визитинде да кайталанып келет.

Мындан тышкары, коронавирус шылтоосу менен кытай капиталисттери да үлкөн пайдаларга ээ болуп жатышат. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү, америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти. Бул капиталисттер пандемия шылтоосу менен өз бизнестерин экономикасы алдыда турган калктарда ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Эми кезек жакыр жана «өнүгүп келе жаткан» өлкөлөргө келип, алардан калкты мажбур түрдө эмдөөнү талап кылышууда.

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here