Кумтөр маселеси: Орусия Кыргызстандын позициясын колдойбу?

221
0

Кумтөр маселеси: Орусия Кыргызстандын позициясын колдойбу?

Орусиялык ири ишкер, медиамагнат жана КГБнын мурдагы кызматкери Александр Лебедев Кумтөр кенине барды. Ал Кумтөргө барып келгенин “Инстаграмдагы” баракчасына жарыялады.

Лебедев “Инстаграм” баракчасына Кыргызстанда 4,4 миң метр бийиктикте жайгашкан Кумтөрдө болгонун, канадалык тарап алтын казуу үчүн өлкөнүн буга чейинки жетекчилерине пара берип, табиятты талкалап келгенин белгилеген. Ал Кумтөр алтын кениндеги экологиялык кесепеттерди жана коррупциялык иштерди иликтөөгө барганын жана өткөн 25 жылда наркы 12 млрд. доллардан ашуун алтын казылып, бирок анын бир нече миллиону гана Кыргызстанда калганын кошумчалады.

Орусиялык ишкердин Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары менен жолукканы тууралуу маалымат чыкпаганы менен Кумтөргө барган күнү президент Садыр Жапаров да алтын кендин эмгек жамааты менен жолуккан.

Социалдык тармактын колдонуучулары андан Кумтөргө эмнеге барганын сурагандарга Лебедев “экологиялык зыяндын көлөмүн жана паракорчулукту далилдөөгө жардамдашуу үчүн” деп жооп кайтарды.

Forbes журналынын маалыматы боюнча Лебедевдин 2006-жылдагы байлыгы 3,7 млрд. долларга жеткен. Ал СССРдин тушунда КГБнын жашыруун кызматтарында иштеп жүрүп, коопсуздук органдарынын подполковник наамына жетип, 1991-жылы банк тармагына өтүп кеткен.

Белгилүү болгондой, 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Ушундан кийин Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилген. 16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Бүгүнүкү күндө үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик системада эл аралык уюмдар жана соттор ири колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн. Мисалы, 2015-жылы Кыргызстан парламенти “Кумтөр” маселесин козгогондон бир апта өтпөстөн Канада соту “Centerra Gold Inc” компаниясындагы Кыргызстанга тиешелүү 6,5 миллион даана акция камакка алынсын деген өкүм чыгарды. Себеби, 2014-жылдын 24-октябрында Париж арбитраждык соту Белокондун арызы негизинде кыргыз өкмөтүн ишкерге 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген эле. Мына ошол өкүмдүн негизинде Канада соту акцияларды убактылуу тоңдуруп туруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссиялар да келишпестиктерди эл аралык сотко жеткирбөөгө шашылып, соодалашуу менен ишти бүтүрүп келишкен. Булардын катарында акыркы мамлекеттик комиссияны жетектеген Акылбек Жапаров эл аралык сотто утулууга да даяр болуу керек экенин айтты. Демек, Кыргызстандын позициясы эл аралык сотто корголуп, аларга атаандаша алуусу үчүн Кыргызстандын позициясын коргой алган колонизатор мамлекет талап кылынат. Лебедевдин Кумтөргө келишинен Кыргызстан саясий, экономикалык, аскерий жактан көз каранды болгон Орусия бул милдетти аркалай турганын түшүнсөк болот. А бирок, Орусия да Батыш сыяктуу эле колонизатор мамлекет. Ал дагы Канадада катталган Американын «Центеррасы» сыяктуу капиталисттик компанияларын Кумтөргө алып келгенге кызыктар. Ошондой эле Таластагы «Жер үй» алтын кенинен Кыргызстанга бир пайыз да үлүш бербегендей, Кумтөрдөгү алтындарды ташып кетүүнү каалайт. Демек, Кыргызстан арстандан качып аюунун чеңгээлине түшкөндөй абалда. Мындай абалдан чыгуу үчүн жогорудагы колонизатор мамлекеттерди жана алардын капиталисттик компанияларын кууп чыгуу шарт. Андан соң, Үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарыбызды
элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү зарыл. Мындай иш Исламдагы экономикалык түзүмдү колдонуу менен гана болот. Анткени, Исламдагы экономика түзүмүндө гана байлыктар мамлекетке, элге жана жеке адамга бөлүштүрүлө турган мыйзамдар бар. Бул мыйзамдар Аллах Таала тарабынан белгиленгендиктен, ар бир мусулман элдик мүлктөн өз үлүшүн алууга тийиш. Мамлекет мындай адилеттикти камсыздоого милдеттүү. Демек, бул мыйзамдар колдонулушу үчүн Исламий мамлекетти тикелөө талап кылынат. Мына ушул мамлекет гана биздин байлыктарыбызды соргоктордой ташып жаткан ач көз капиталисттерден коргойт жана элдин бакубат жашоосун камсыз кылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here