Халифалык жок учурунда зекеттин малы каякка берилет?

115
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Халифалык жок учурунда зекеттин малы каякка берилет?

Суроо:

Ассаламу алейкум урматтуу шейх Аба Ясин, Аллах өмүрүңүзгө береке берсин.

Биз билгендей жайытта от алып жеген койлорго зекет берилет жана жайытта от алып жебеген колдо багылган койлорго зекет берилбейт. Бизде бир адам койлорун жылдын көп мезгилинде колдо багат, жылдын азыраак учурунда гана жайытка чыгарат. Анын максаты койлорун көбөйтүү, негизинен ал койлор жылдын көп мезгилинде колго багылгандыгы үчүн жылына эки тууйт. (Койлорду сатуу максатында эмес, көбөйтүү максатында). Ушуга зекет берилеби? Аллах сизге берекесин берсин.

Аттия Ал – Джабарин Палестина.

Асаламу алейкум, Аллах сизге жакшылыктарды берсин.

Халифалык жок учурда зекет кимге берилет?

Адель Арби..

Жооб:

Алейкуму салам рахматуллоохи уа баракаатуху.

Экөөңөрдүн тең сурооңор бир жактамада болгондуктан жооб төмөнкүчө:

Биринчиден: койдон, уйдан жана төөдөн бериле турган зекет.

  1. Колго багылган төөдөн, уйдан, койдон зекет берилбейт. Анткени “жайытта кайтаруу” иллети түшүндүрө турган сыпаат. Өкүм иллет сыпаатына байланыштуу болот. Бул иллет сыпаатынын жок болушу менен өкүм да жок болот. Анын шарты иллет сыпааты, иллетти түшүндүрө турган сыпаат болушу шарт. Эгер иллетти түшүндүрбөй турган сыпаат болбосо, анда ага өкүм байланбайт. Дагы кайталайм, иллетти билдире турган сыпаатын шарты иллетти түшүндүргөн сыпаат болушу шарт. Пайгамбар A сөзүндөгүдөй: “Жайытта жайылган койдон зекет…”. (Бухаари риваяты). Кой бир заттын ысымы. Анын эки сыпааты бар: “жайытта кайтарылган” жана “колго багылган”. Зекет өкүмү жайытта кайтарылган койго байлангандыгына жана колго багылган малга байланбаганына далаалат кылат.
  2. Буга далилдер төмөнкүлөр:
  • Абу Дауд риваяты узун хадистин үзүндүсү. Абу Бакр Gдан Пайгамбар A айтты: “… жайытта  кайтарылган койдон эгер кырка жетсе, андан бир кой зекет берилет…”.
  • Абу Зар Gдан Пайгамбар A айтты: “Кайсы бир төөнүн, уйдун, жана койдун ээси зекетин бербесе, кыямат күнү мурдагы абалдарынан чоң жана семиз болуп келип мүйүздөрү менен челип туяктары менен тебелеп салышат”.
  • Али Gдан айтты: “Колго багылган төөдөн садака жок”.  Байхакий риваяты.
  • Амр бин Динаар Gдан, Пайгамбар A айтты: “Кошко түшкөн өгүздөн садака жок”. Абиид риваяты. Абдуллоохи бин Жаабир Gдан  айтты: “Кошко түшкөн (өгүздөн) садака жок”.
  • Хааким “Мустадрак” китебинде Бахзин бин Хакиимден, ал атасынан жана чоң атасынан айты: Пайгамбар A айтканын уктум: ал айтты: “Жайытта жайылган ар бир кырк төөдөн бир сүт бере турган төө садака берилет…”. Хааким бул хадистин иснады сахих деген. Жайытта кайтарылган дегенде колго багылган эместикти түшүндүрөт.
  1. Жогоруда баяндалгандай, ушул үч түрдөгү малдардан зекет берилет. Зекет бир жылдан ашык жайытта кайтарылган малдан берилет, ал эми колго багылган малдан зекет берилбейт, ошондой эле жер айдоого түшкөн өгүздөн берилбейт.
  2. Корутундулап айтканда, жаныбарлардын баардыгынан эмес, малдардан гана зекет берилет. Кой, уй жана төөдөн. Ал сатык үчүн багылган баардык айбандардан зекет берилет. Башкача айтканда, насста далил келгендей товар катары, тактап айтканда алып-сатуу үчүн багылган баардык жаныбарлардан – түрүнө карабастан мейли кездеме же дан болсун, айырмасыз – зекет берилет. Буга далил төмөнкүчө:
  • Самрата бин Жундуб Gдан айтты: “Пайгамбар A бизди соодага даярдаган нерсебизден садака чыгаруубузга буюрду”. Абу Дауд риваяты.
  • Абу Зар Gдан Пайгамбар A айтты: “Бөздөн да садака берилет”. Даарукутний, Байхакий риваяты. Бөз – сатыла турган кездеме.

Экинчиден: суроодо келгендей, Халифа жок болсо, кимге зекет берилет? Тактап айтканда, рубайбиза акимдер зекет жыйнап алууга татыксыз, анда кимге берилиши керек деген маанидеги суроого жооб.

  1. Зекет малдардан, же эгиндерден, же мөмө-жемиштерден, же акчадан, же соода-сатык товарларынан болсун, айырмасыз, Халифага зекет берилет. Же анын орун басарлары болгон валийлерге, аамилдерине берилет. Же зекетти жыйнап алуу үчүн дайындалган адамдарга берилет. Аллах айтат:

õ‹è{ ô`ÏB öNÏlÎ;ºuqøBr& Zps%y‰|¹ öNèdãÎdgsÜè? NÍkŽÏj.t“è?ur $pkÍ5 Èe@|¹ur öNÎgø‹n=tæ ( ¨bÎ) y7s?4qn=|¹ Ö`s3y™ öNçl°; 3 ª!$#ur ìì‹ÏJy™ íOŠÎ=tæ ÇÊÉÌÈ

“Аларды тазалай турган малдарынан садака ал, аларга салават (дуа) кыл сенин дуаң аларга тынчтык. Аллах угуучу билүүчү”                                                                                    [9:103]

Аллах бул аятта элчисин мал эээлеринен зекет алууну буйруду. Пайгамбар A валий, аамилдерди жана мал ээлеринен зекет жыйнай турган адамдарды дайындаган. Ошондой эле курма, жүзүмдөрдөн түшүмдүн үшүрүн жыйнай тургандарды дайындаган. Пайгамбар Aдын учурунда адамдар ага зекеттерин беришкен же ал киши дайындаган адамдар валий, аамил жана сааъаттарга (зекет жыйнай турган адамдарга)  зекеттерин беришкен. Иш ушундай нукта уланган. Андан кийин Халифаларга жана валийлерине берип келишкен…

Сахааба жана таабиъиндерден риваяттар келишинче, зекетти зекет  бере турган адам өзү эле зекеттке муктаждарга берип койуусу жайиз. Тактап айтканда, акчалай түрдө болсо, Абу Абиид риваяты Кайсаан Умар G эки жүз дирхам алып келип айтты: “Эй момундардын амири, бул менин малымдын зекети”. Умар G ага айтты: “Барып, аны өзүң бөлүштүрүп бер”. Абу Абиидден дагы бир риваят, Ибн Аббаас Gдан,  айтты: “Эгер, аны (зекетти) орду ордуна койсоң жана алардын бирин орунсуз деп эсептебесең, анда аны туура негизде кылган болосуң”. Ибрахим жана Хасандан риваят айтышты: “Аны (зекетти) ордуна кой жана жашыруун кыл”. Бул акчалай түрүндөгү зекет тууралуу болду. Аны зекет берүүчү Халифага, же валийлерине берет, же өзү таратып берсе да  болот.

Ал эми малдар, эгиндер, мөмө-жемиштерди Халифага же ал дайындаган адамдарга берилүүсү зарыл. Абу Бакр G зекетти бербегендерге каршы согуш жарыялады. Ал өзү дайындаган валийлерге жана зекетти жыйноочу алдамдарга зекеттерин бербей койушкан учурда мындай деди: “Алар Пайгамбар Aга берип келген чычкак улактарын беришпесе, Аллахка ант болсун аларга каршы согушамын”. Муттафакун алейи, Абу Хурайра Gдан. Эгер, Халифа болбосо, анда зекет берүүчү өзү зекетке муктаж деп ылайыктуу көргөн адамдарына тараттып берүүсү жайиз. Ал адамдар Куран аяттында айтылган адамдар: “Садака кембагалдарга, мискиндерге, зекет жыйноочуларга, жүрөктөрү (Исламга) байлангандарга, мукаатиб кулга, карыздарга, Аллах жолундагыларга жана мусаапырларга (берилет), бул Аллахтан болгон фарз Аллах билүүчү жана өкүмдар”.

Ислам түркүктөрүнө кандай кырдаал болбосун, ага амал кылынат, балким мүмкүнчүлүгү жетишинче алар аткарылат.

Боордошуңар Ата бин Халил Абу Рушта                                        28-жумаадил-уула, 1440-х.

3-февраль, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here