Кыргызстан 1,5 миллиард, “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда тапты

249
0

Кыргызстан 1,5 миллиард, “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда тапты

 Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган тасмада айтылды. Аталган тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү.

 Жогорку Кеңеш 17-майда Кумтөр маселесин карап чыгуу үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышты.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда териштирүү башталганын кабарлады.

 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан баштап алтынды Кыргызстанда калтыруу сунушталып жатканын” билдирген. О.э. компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керектигин айткан.

 Комментарий: “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн келишим да Кыргызстан өкмөтү кетирген каталардын бири болуп, Кыргызстан ушул кезге чейин ошол келишимдин таасиринен кутула албай келет. Өкмөт алтын кениндеги мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө, кенди улутташтырууга бир нече жолу аракет кылганы менен ал аракеттерден майнап чыкпады.

 2013-жылы Канаданын “Centerra Gold Inc” компаниясы менен өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы каралган парламенттик жыйында ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр биргелешкен ишканасы долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көбөйтүүгө өкмөттүн күчү жетпеди. Биз соттошо албайбыз, себеби жакшы натыйжага жетишүү татаал болот. Ал эми, парламент бизден сурагандай ишкананын 67 пайыз үлүшүнө жетүү мүмкүн болгон жок”, – деген эле.

 Себеби, эл аралык соттор ири колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн. Мисалы, 2015-жылы Кыргызстан парламенти “Кумтөр” маселесин козгогондон бир апта өтпөстөн Канада соту “Centerra Gold Inc” компаниясындагы Кыргызстанга тиешелүү 6,5 миллион даана акция камакка алынсын деген өкүм чыгарды. Себеби, 2014-жылдын 24-октябрында Париж арбитраждык соту Белокондун арызы негизинде кыргыз өкмөтүн ишкерге 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген эле. Мына ошол өкүмдүн негизинде Канада соту акцияларды убактылуу тоңдуруп туруу чечимин кабыл алган.

2009-жылы кол коюлган келишимге ылайык “Кумтөр”гө кошумча казуу иштери үчүн мамлекеттик коруктан 26 миң гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок, 2012-жылы өкмөт ал чечимди өзгөртүп, бөлүнгөн жер аянты 10 миң гектар болуп калган. Ошол келишим толук аткарбаганы үчүн “Centerra Gold Inc”компаниясы Кыргызстандын үстүнөн эл аралык сотко кайрылды. Ал сотто Кыргызстан утпастыгы жүз пайыз анык болгону себептүү да кыргыз өкмөтү мурунку келишимге кайтуу жөнүндө чечим кабыл алды жана 2019-жылы компанияга калган 16 миң гектар жерди кайтарып берди. Мына ошондон кийин соттук жараян токтотулду…

 Өкмөттүн “Кумтөр” маселеси боюнча кезектеги аракетине каршы Эл аралык арбитраж териштирүү баштаганын жана иш сотко чейин жетип барышын эсепке алсак, расмий өкмөттүн сотто утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Компания төлөшү керектиги айтылып жаткан 4 миллиард 252 миллион доллардык штраф да “жомок”, бул болгону элди үмүткөр кылып алаксытуу гана. Эгер кыргыз өкмөтү кенди чет өлкөлүк компанияга бербей, кетмен жана күрөк менен казып алса да азыркыдан көбүрөөк пайда таап, колонизатор мамлекеттин компаниясына кеткен алтындар келечек муун үчүн запас болуп калмак.

 Эй мусулмандар, Исламды түзүм катары жашоого алып келүүнүн убагы келбедиби? Биздин байлыктарыбызды бул ачкөздөрдөн Ислам мамлекети гана сактап калат. Капиталисттик-демократиялык түзүмдө, ал тургай, чындык биз жакта туруп да сотто утуп чыга албасак, анда бул түзүмдүн бизге эмне кереги бар? Бул бузук түзүмдүн ордун ээлей турган жана аны жеңе ала турган жападан-жалгыз түзүм – бул Ислам. Эгер биз Исламга кайтпасак жана аны жашоодо колдонбосок, колонизатор мамлекеттердин компаниялары бизди теңсинбестен, байлыктарыбызды талап-тоной беришет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here