Жаза-чаралар түзүмү

222
0

Жаза-чаралар түзүмү

Жазалар кылмыштардан тыюу үчүн коюлган

Кылмыш – жазага ылайык болгон күнөө

Жазага ылайык иштер: фарзды аткарбоо; харам ишти кылуу; мамлекет чыгарган буйрук жана тыюуларга баш ийбөө.

Исламий шарият кылмыштардын ухровий жана дунявий жазалары болушун баян кылган. Ухровий жаза – Алла Тааланын кыямат күнүндө кылмышкерди жазалап, ага азап берүүсү.

Дунявий жазалар төрт түрдүү болот: хаддар, жинаяттар, таъзир жана мухолафат. Аларды халифа т.а. мамлекет аткарат. Дунявий жаза ухровий жазаны сакыт кылат. Демек, жаза – сакчы жана куткаруучу. Сакчылыгы – ал инсанды күнөө кылуудан, кылмыш кылуудан тыят, сактайт. Куткаруучулугу – ухровий жазадан кутултат.

Хаддар – Алланын хаккы себептүү белгиленген жазалар.

Жазасы хад болушу важибдигине иттифак кылынган күнөөлөр алтоо: 1. зына жана бачабаздык 2. зына тууралуу тухмат 3. уурулук 4. арак ичүү 5. динден кайтуу 6. баскынчылык.

Хаддар жаатында, ал тургай, аким тарабынан да кечирүү деген нерсе болбойт. Себеби, ал Алланын акысы. Бир да адам бир да абалда аны сакыт кыла албайт.

Жинаят – бул касас алуу же төлөмдү келтирип чыгара тургандай денеге кол салуу. Ал жанга кылынган кол салууну да, башка мүчөгө кылынган кол салууну да өз ичине алат.

Бул иштерде акылуунун кечириши менен аким да кечирүүгө мажбур.

Таъзир – хад да, каффарат да болбогон күнөөгө жаза белгилөө. Шариъ кайсыл бир кылмышка жаза дайындоону хакимдин ыхтыярына таштап койгон болсо, ага хаким жаза дайындайт. Ушул дайындалган жаза «таъзир» деп аталат.

Таъзир хаддар жана жинаяттардан айырмаланат. Хадда хакимдин кечирүүгө, жазаны бекер кылууга акысы жок. Жинаятта акылуу адам гана кечириши мүмкүн. Таъзирде болсо, кечирүү да, жазаны бекер кылуу да жайиз.

Дагы бир айырма, хад жана жинаят адамдарга карай айырмаланбайт. Алар бардыгы үчүн бирдей. Таъзир болсо адамдарга карай айырмаланышы мүмкүн. Анда мурун күнөө кылбагандык же өзүн жакшы алып жүргөндүк сыяктуу сыфаттар эсепке алынат.

Демек, таъзирде бир адам бир күнөө себептүү камалышы, экинчи бир адам болсо дал ошол күнөө себептүү эскертүү алышы алышы мүмкүн.

Мисал: намаз окубоо, орозо тутпоо, зекет бербөө, адамдар акысын өтөбөө сыяктуу иштер фарзды таштоо эсептелет. Бирөөгө тухмат кылуу, байлыкты казына кылып алуу, бирөөнүкүн өздөштүрүү, тыңчылык кылуу сыяктуу иштер харамга кол уруу болуп саналат. Аларды кылган адамды Алла Таала азаптан эскертет. Ошондой болгондон соң, хаким алар үчүн таъзир жазасын белгилесе болот. Себеби, фарзды таштоо да, харамды кылуу да күнөө эсептелип, анын жазасын берүү важиб.

Халифа жазанын кайсы бири кылмыштан кайтарат деп билсе, ошонусун дайындайт.

Таъзирге тиешелүү табанний кылынган вакиълер жетөө:

  1. Ар-намыска кол салуу; 2. Кадыр-баркка кол салуу; 3. Акылга азар бере турган ишти кылуу; 4. Малга кол салуу; 5. Тынчтыкты бузуу; 6. Мамлекет коопсуздугуна кол салуу; 7. Динди басмырлай турган ишти кылуу

Мыйзам бузуучулук (мухолафат) – бул бийлик мыйзамдарына баш ийбеген кишиге акимдин бере турган жазасы.

Хаким чыгара турган мыйзамдарга мисал: байтулмалды башкаруу, шаарларды куруу жана аскерлерди уюштуруу сыяктуу иштерде ал өз фикри жана ижтихады менен кыла турган иштер. Хаким ушул чөйрөдө гана өз фикри жана ижтихады менен буйрук жана тыюулар чыгарууга акысы бар. Ушуларга моюн сунбастык – мыйзам бузуучулук эсептелет.

Шариъ халифага адамдарга буюруу жана тыюу салуу укугун бергени сыяктуу, мыйзамбузуучуларды жазалоо, аларга жаза түрүн дайындоо укугун да берген.

Мыйзамбузуучулук жазасы үчүн доогердин болушу шарт эмес. Казы кайсыл жерде болбосун, андан хабардар болор замат казылык жыйынысыз эле өкүм чыгаруу укугуна ээ.

Маселен, шаар майдандары менен умумий жолдорго белгилүү бир аралык жана чек ара белгилеп, адамдарга андан балан метрге чейин болгон аралыкка үй куруу же эгин эгүүгө тыюу салат. Кимде-ким буга баш ийбесе, аны жарима салуу, жалладдоо же камоо менен жазалайт. Соода-сатык иштерин башкаруу үчүн атайын өлчөө бирдигин (т.а. килограмм, литр), тараза жана өлчөгүчтөрдү дайындап берүү да халифанын акысы. Аларга баш ийбеген адам да жазаланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here