Шам козголоңун үйрөнүү: дартын аныктоо жана дабааны белгилөө

231
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам козголоңун үйрөнүү: дартын аныктоо жана дабааны белгилөө

Халифалыктын кулатылганынын жүз жылдыгында о.э. Шам козголоңунун башталганына он жыл болуп, ал кооптуу бурулушка келиши артынан Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү үчүнчү саясий документти басып чыкты. «Шам козголоңун үйрөнүү: дартын аныктоо жана дабааны белгилөө» деп аталган бул документте фитна тузагын Америка даярдаганы, малай мамлекеттер аны колдонуп жатышканы, согушкер жамааттардын жетекчилери ушул жолдо бара жатышканы ачыкталган. Хизб документте Сириядагы күрөштүн түпкү маңызын, козголоңду жок кылуу үчүн кандай ыкма жана каражаттар колдонулганын түшүндүрүп өттү. О.э. козголоң жөнүндө үйрөнүп чыккан корутундуларды сунуштады. Бул корутундуларда малай мамлекеттердин аракеттеринин натыйжасында козголоң бөлүктөргө бөлүп ташталганы, козголоңчулар шарттуу бири-биринен айырмаланып, бирок, көз карандылыкта бири-бирине окшогон төрт регионго таркатып жиберилгени айтылды. Хизб эл аралык коомчулукту курчоо жана басым өткөрүү сыяктуу бардык кылмыштарды колдонууга эмне мажбур кылганын ачыктап, булардын баары жамааттардын коопсуздук кызматынын кылмыштары, чегара кызматкерлеринин каракчылыгы, адамдын кадыр-баркы бир тыйынга бааланып, азат кишилердин ооз ачышына жол бербей жатканы, жамаат жетекчилеринин кылмыштарына мыйзамдуулук түс берилип жатканы, адамдарды турак-жай куруу жана нан табуу менен алек кылып коюу… көрүнүшүндө болуп жатканын баян кылды. О.э. Хизб документте Американын мындай ашынган чабуулдарынан коргонуу үчүн эмне кылуу керектигин, бул баскычта кандай иштер талап кылынганын, козголоңдо күтүлгөн кадамды ташташыбыз жана козголоңду кайра туура жолго салубуз үчүн кандай амалий чаралар зарылдыгын көрсөтүп берди. Батыш Уммат перзенттеринин акылын уурдоо үчүн жумшаган үлкөн аракеттер кандай зыяндарга алып келгени, өзгөрүү процесинде калктардан кандай зарыл аракеттер талап кылынып жатканы баса белгиленди. Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты бул үчүнчү саясий документти ушул сөздөр менен жыйынтыктады:

«Биз Шамда козголоң кылган Уммат перзенттерине колубузду сунуп, уурдап алынган өз чечимдерин кайра алууга, козголоңду өзүнүн мурдагы туура багытына салууга о.э. рошид Халифалыкты тикелөө үчүн биз менен биргеликте аракет кылууга чакырабыз. Мына ошондо гана Роббибизди ыраазы кылып, укуктарыбызды сактап калабыз, урматыбызды кайра тикелеп, бул дүйнө жана Ахыреттеги кызыкчылыктарыбызды жүзөгө чыгарабыз».

 

Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here