Пакиза муслималардан колуңарды тарткыла!

323
0

Басма сөз баянаты

Пакиза муслималардан колуңарды тарткыла!

2021-жылы 29-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери таңга маал, багымдат намазынан кийин 6 үйгө бастырып киришип, бир нече эже-карындаштарыбызды кармап кетишти. Кармашкан соң, алар бир кызыбыздан Пайгамбырыбыз Aдын намысын коргоо иш-чарасында катышкандыгы жөнүндө көрсөтмө алышкан. Башка карындаштарыбызды да ушул шылтоо негизинде кармашкан.

Бул орунда бир суроо туулат: Эмне, муну менен бийлик Пайгамбарыбыз Aды акаараттагандарды колдоп жатабы? Же Пайгамбарыбыз Aдын намысын коргоо жана ага арналган тынч митингде катышуу кылмыш эсептелеби?! Албетте жок! Ал тургай, шарият эмес, алардын бүгүнкү жахилият мыйзамдарында да бул кылмыш эсептелбейт. Анда бийлик мындан эмнени көздөп жатат?

Биринчиден, мында бийлик кафир колонизатор кожоюндарынын жана аларга малай коңшу мамлекет бийликтеринин Исламга каршы тукурууларына моюн сунуп жатканы анык. Анда, мындайда мамлекеттик бийликтин мааниси кайсы? Башкалардын талаптарына баш ийип жаткан соң, бийликтин өз калкына камкор болуу деген башкы милдети каякта калат?

Экинчиден, азыр азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздук күчөдү, инфляция жогорулап, эл кыйнала баштады, натыйжада бийликке нааразылыктар күчөп барууда. Ушундан улам, бийлик элдин көңүлүн «диний экстремизм» менен алаксытууга өтүүдө. Хизб мүчөлөрүнө карата болуп жаткан бул жана мындан башка окуялар ушуну көрсөтүүдө. Негизи, бийликтин мындагы вазыйфасы элди проблемадан алаксытуу эмес, проблеманын туура чечимин таап, адамдардын көйгөйлөрүн чечүү болушу керек.

Түпкүлүгүндө, «диний экстремизм» жок нерсе, бул колонизаторлордун Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан жомогу. Кала берсе, Акаевден тартып бүгүнкү күнгө чейинки бийликтердин баарынын бийликке келип кетиши – алардын өздөрүнүн мыйзамына ылайык – экстремизмге туура келет. Чындыгында, бул бийликтер жана алардын кожоюну болгон колонизаторлор Хизб ут-Тахрир бийликке жетүү үчүн күч колдонбошун абдан жакшы билишет. Хизб муну корккондугу үчүн эмес, бул шаръий өкүм болгондугу үчүн ушундай кылат жана жалаң гана пикирий-саясий күрөш алып барат. Ал эми Хизбге каршы мындай кысымдар болсо, Хизб мүчөлөрүнүн кайратына кайрат кошуп, аракетин дагы да күчтөндүрөт.

Эй бийлик ээлери, силер да Умматтын бир бөлүгүсүңөр, андыктан Умматтын перзенттери болгон Хизб мүчөлөрүнө жалган-жалаа жаап, жабыр көрсөтүүчү залимдерден болуп калбагыла. Уммат бүгүн кыйын ахвалда турат, анын көйгөлөрүн абзел көрүнүштө чечүү менен алектенгиле. Ал эми, эң туура чечимдер Исламда жатат.

Эй орган кызматкерлери, ар кайсы төңкөрүштөрдө ар кандай күчтөр тарабынан кандай ташбараңдарга алынганыңарды эстегиле, эми болсо күчүңөрдү муслима эже-карындаштарыңарга көрсөтүп, ызаңарды алардан чыгарып атасыңарбы?! Акылыңарга келгиле!

Аллах Таала айтат:

﴿وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُّبِينًا

«Мумин жана муминаларга жазыксыз азар бергендер өздөрүнө жалган жалааны жана анык күнөөнү жүктөп алышты» [33:58]

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

 04. 2021

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here