Суэц каналындагы тыгын Исламий өлкөлөрдүн географиялык жактан артыкчылыгын көрсөтүп турат

270
0

Суэц каналындагы тыгын Исламий өлкөлөрдүн географиялык жактан артыкчылыгын көрсөтүп турат

24-март күнү эртең менен күчтүү шамал себептүү Суэц каналына тыгылып калган узундугу 400 метрдик “Ever Given” жүк кемеси суу жолунда чоң тыгын пайда кылды. Мүнөт сайын жүз миңдеген доллардык зыян жеткирип жаткан тыгынды ачуу үчүн бул үлкөн кемедеги жүктөрдү түшүрүү керектиги жана ушул себептүү бул тыгын бир нече аптага созулуп кетиши мүмкүндүгү айтылууда. Адистердин божомолуна ылайык, эгер канал бир нече апта тосук бойдон калса, бул абал нефть продукцияларынын баасына таасирин тийгизет. Себеби, багытын өзгөрткөн кемелердин чыгымы эки эсеге көбөйүп кетет.

Жер Ортолук деңизи менен Кызыл деңизди байланыштырган Суэц каналында тыгын пайда кылган үлкөн кеме күнүнө болжол менен 9,6 миллиард доллардык зыянга себеп болууда. Бул болсо, деңиз жолу соодасы саатына 400 миллион доллар зыян тартып жатканын түшүндүрөт. Учурда каналдын эки тарабында 200 ашуун соода кемелери туруп калган.

Кырдаалды тыкыр күзөтүп турган АКШ бийлиги проблеманы жөнгө салуу үчүн өз жардамын сунуштады. Түркия өкмөтү да сейрек кемелердин бири болгон “Нене Хатун” кемесин жөнөтүү сунушу менен чыкты.

Чындыгында бүгүнкү күндө дүйнөдөгү соода-сатыктын ири бөлүгү деңиз аркылуу ишке ашырылат. Бул жаатта деңиз жолдорундагы кысыктар жана каналдар маанилүү рол ойнойт. Мисалы, Суэц каналы тосулуп калышы Европага суюлтулган газ экспортун оорлоштурду. “Rystad Energy” газ жана электр энергия базарларынын бөлүм башчысы Карлос Торрес Диастын айтымында, каналдын эки апталык тосулушу Европага болжол менен 2 миллион кубометр суюлтулган газ жеткирүүнү кечиктирет. Ошол себептен,  күйүүчү май баалары кымбаттап кетери айтылууда.  Канал тосулуп калгандан бир күндөн кийин нефтинин баасы 7 пайызга көтөрүлгөн.

Жер Ортолук деңизи менен Кызыл деңизди бириктирүүчү Суэц каналындагы тыгын Исламий өлкөлөр географиялык жактан канчалык кубатка ээ экендигин о.э. маанилүү стратегиялык чекиттерде жайгашканын көрсөтүп турат. Суэц каналы, Малакка кысыгы, Перс булуңу, Босфор кысыгы, Хурмуз кысыгы, Бабул Мандаб кысыгы, Дарданелла кысыгы жана Жабалут Тарик (Гибралтар) кысыгы сыяктуу эң маанилүү булуң, канал жана кысыктар Исламий өлкөлөрдө жайгашкан. Жер Ортолук деңизи, Кызыл деңиз, Араб деңизи, Кара деңиз, Каспий деңизи сыяктуу эң маанилүү деңиздер да Исламий өлкөлөрдө жайгашкан. О.э. Исламий өлкөлөрдөн Тынч океанына да, Индия океанына да, Атлантика океанына да чыгуучу жолдор бар. Мындан тышкары, Исламий өлкөлөр жер алдындагы байлыктар, ар түрдүү баалуу металдар, таза суу запастары жана түшүмдүү жерлер сыяктуу үлкөн материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ушундай болуп туруп да, Ислам Үммөтү оор абалда күн кечирип жатышы кандай гана өкүнүчтүү. Мусулмандардын жашоосу күндөн-күнгө оорлошуп барууда. Кордук үстүнө кордук болуп, кордуктун аягы үзүлбөй келет. Буга Үммөт өз акыйдасынан келип чыккан түзүм менен эмес, капиталисттик түзүм менен жашап жаткандыгы себеп болууда. Үммөт качан өз Исламына кайтканга чейин, Исламий өлкөлөрдөгү стратегиялык чекиттердин да, булуңдар менен кысыктардын да, жер алдындагы жана жер бетиндеги байлыктардын да кыпындай пайдасы тийбейт. Исламга кайтуу болсо, Исламий өкүмдөрдү жашоодо колдонуу менен болот. Ошондуктан, биз бардык мусулмандарды Исламий өкүмдөрдү толук колдоно турган жана колонизаторлордун таасирин Исламий өлкөлөрдөн кууп чыга турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн күнү-түнү тынымсыз иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир менен биргеликте аракет кылууга чакырабыз.

إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُلِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ

Албетте мына ушул (бейиш эли жете турган неъматтар) улууу бакыттын өзү. Андыктан, иш кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт-таалай) үчүн (жакшы) иштерди кылышсын!                                                                                                                                                                                                                                                                                        

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here