Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Халифалыктын кулатылгандыгынын жүз жылдыгына карата сүйлөгөн сөзү

297
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Халифалыктын кулатылгандыгынын жүз жылдыгына карата сүйлөгөн сөзү

Аллахка хамд болсун. Аллахтын Расулуна, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны дос туткандарга салату-саламдар болсун. Амма баъд…

Бүткүл Ислам Умматына жана рошид Халифалыкты кайра тикелөө үчүн даъватты көтөрүп чыккан жигит-кыздарга…

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Мындан туп-туура жүз жыл мурун (хижрий 1442-жылы ражаб айынын акыры, миладий 1924-жылы 3-март күнү) Британия жетектеген колонизатор кафирлер араб жана түрк саткындары менен бирге аракет кылышып Халифалыкты кулатышты. Кылым кылмышкери Мустафа Кемал Халифалык бекер кылынганын, Истамбулда халифа колго алынып, ошол күнү таңда шаардан чыгарылганын билдирди. Бул – илманий Түркия республикасынын малай президенти болуунун акысына Британия талап кылган төлөм эле. Ошентип, мусулмандардын күч-кубатынын булагы жана Роббинин ыраазылыгынын шарты болгон Халифалыктын жок кылынышы менен Ислам өлкөлөрүндө үрөй учурган силкинүү жүз берди.

Кылмышкер Мустафа Кемал Халифалыкты бекер кылуу менен ачык куфрду жарыялады. Ушул себептен улам, Уббада ибн Самит розияллоху анху:

«وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ إِلَّا أَنْ تَرَوْا كُفْراً بَوَاحاً عِنْدَكُمْ مِنْ اللَّهِ فِيهِ بُرْهَانٌ»

«… Ишти ээсинен талашпоого байъат берүүбүздү айтып: «Эгер ачык куфрду көрсөңөр жана силерде бул жөнүндө Аллахтан анык хужжат болсо гана мүмкүн», деди», – деп Расулуллах ﷺдан риваят кылган ушул муттафакун алайх хадисте баса белгилегендей, Уммат ага каршы согушуусу керек эле. Бирок, Уммат кайдыгер болуп турганда Мустафа Кемал өткөргөн зулумдун таасири күчтүү болду. Анткени, ал Умматка, өзгөчө, уламаларга ырайымсыз чабуул кылды. Мустафа Кемал уламалардын көпчүлүгүн, анын катарында, Саид Бирон рохимахуллахты өлтүрүп, дагы башкаларын камакка алды. Булардын баарына Умматтын кайдыгерлиги себеп болду. Натыйжада Уммат бул кылмышкерди, анын тарапкерлерин жана жардамчыларын тыйып, токтотуп калбады. Аллахка, Анын Расулуна жана момундарга кыянаттык кылган бул саткынга каршы жооп абдан чабал болду, аны жок кылуу даражасына жетпеди! Ошентип, жийиркеничтүү кылмышы менен ачыктан-ачык куфрдук кылган бул кимсе Уммат тарабынан тарых таштандысына ыргытылуудан аман калды!

Андан кийин колонизатор кафирлер мусулман өлкөлөрүндө өз таасирлерин жайышты. Алар Халифалыктын кулатылышынын натыйжасында жүз берген силкинүүдөн пайдаланып Ислам өлкөлөрүн ыдыратып, элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүп салышты. Алар муну менен гана чектелбестен, Расулуллах ﷺдын Исро жана Миърож орду болгон мубарек жерде яхудийлер үчүн мамлекет куруп, аны сактап калуу үчүн зарыл болгон бардык шарт-каражаттар менен камсыздашты. Булардын эң биринчиси, яхудийлерди ушул жердин айланасындагы малай акимдер аркылуу коргоо болду. Алар муну менен чектелишкен жок… Ал тургай, акимдер яхудий «мамлекетинин» көлөмүн дагы да чоңойтуу, көрүнүшүн дагы да башкача чагылдыруу үчүн алар менен болгон бардык согуштарда жеңилип беришти. Малай акимдерге бул да аздык кылды. Алар яхудийлердин 1967-жылы басып алган жерлерден бир аз чегинүүсүнө үмүттөнүп, Фалестинде яхудий вужудун тамыры менен жок кылуу маселесин сүйлөшүүлөр маселесине өзгөртүү үчүн болгон күчтөрүн жумшап, Аллахка жана Расулуна каршы согуш ачышты. Кийин акимдер мындан да ыплас төмөндүккө барышып, яхудийлер басып алган жерлеринен таптакыр чегинбесе да, алар менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн жан талашып аракет кылышты! Айрым акимдер парда артында яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу кылмышына барышса, айрымдары ашкере таризде кылышты! Мындай ыплас жана кордук кылмышка биринчи Мисир акимдери жетекчилик кылган болсо, аларга Фалестин Азаттык Уюму, кийин Иордания, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Судан жана Марокко акимдери ээрчишти. Саудиялык акимдер да аларга жетип аларын, арттка калбастыктарын көрсөтүү үчүн жолдун ортосунда алар менен кол алышууда. Ушундай таризде яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу кылмышына ар бир мусулман акими шашууда, минтип кордук баткагына малынып жатышканына маани бербей жатышат:

﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾

«Жакында мындай кылмышкерлерге кылган айла-амалардары себептүү Аллахтын алдынан кордук жана катуу азап жетет»                                                  [6:124]

О.э. бул мусулман акимдери Фалестинге канжар саюу менен эле чектелишпеди, алар моюн сунушуп, Ислам жерлеринен болгон пакиза топурактардан да баш тартышты. Маселен, Кашмирди мушрик индустар өз мамлекетине кошуп алышты… Россия Крымды кошуп алды… Судандын түштүгү бөлүндү… Чыгыш Тимор Индонезиядан сууруп алынды… дагы Кипр. Кипр кандай өлкө экенин билесиңерби?! Узак жылдар мусулмандардын чеби болуп турган бул жердин чоң бөлүгүнө бүгүн Греция ээлик кылууда… Рогинжа мусулмандары Мьянмада кыргын кылынууда… Алар Бангладешке баш калкалоо үчүн барышканда Бангладеш режими аларды инсан жашоого жараксыз, тынымсыз ташкын болуп турган «Бхасан Чар» аралына жөнөттү! Чыгыш Түркстанды айтпайсыңарбы… Кытай ал жердеги мусулмандарды эзип, аларга айбандарга да кылынбаган жырткыч мамиле жасоодо. Кытай бул өлкөнү ахрор эркектер, хур аялдар үчүн камак лагерине айлантып, ачыктан-ачык кыргындарды жасап жатат. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер муну көрүп-угуп, кудум өлүктөрдөй унчукпастан турушат. Эгер, Кытайдын мусулмандарга кылып жаткан репрессиясы жөнүндө сүйлөшсө да, бул анын ички иши экенин гана айтышууда!

﴿كَبُرَتْ كَلِمَةً تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ إِنْ يَقُولُونَ إِلَّا كَذِباً﴾

«Алардын ооздорунан чыккан сөз – оор сөз. Алар жалаң гана жалган сүйлөшөт»                                                                                                                        [18:5]

Башка мусулман өлкөлөрүнө келсек, ал жерлерди колонизатор кафирлер кайда сүйрөсө сүйрөлө бере турган акимдер башкарышууда. Алар өлкө коопсуздугун сакташкан жок, жарандын укугун да коргошкон жок. Бул өлкөлөрдө жарандын байлыктары талап-тонолуп, намысы тебеленүүдө, эч бири көңүл бурбай жатат. Колонизатор кафир, айрыкча Америка бул нерселерди көрмөксөн гана болуп калбастан, а түгүл, малайларына өз элин мындан да көбүрөөк кордукка салууну буйруп, «эгер биз болбосок, термелип калган күрсүңөрдө бир күн да кала албайсыңар, андыктан, болгон мүмкүнчүлүгүңөрдү, жада калса, мүмкүнчүлүгүңөрдөн да ашыра аракет кылып, бизге салык төлөйсүңөр» деп жатат!

Эй мусулмандар!

Халифалыктын кулатылышы артынан мына ушундай ахвалга түшүп калдыңар. Башка улуттар ар тараптан силерге жапырылып асылууда. Андыктан, эстегиле, Халифалыкта жашаган маалада кандай элеңер?!

Силер инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат болгонсуңар. Силер Пайгамбарлардын акыркысы, мужахиддердин имамы Мухаммад мустафа ﷺдын жолдоочуларысыңар. Ата-бабаңар рошид халифалар, фатих командачылар болгон. Бул улуу Ражаб айында кресттүүлөрдү талкалап, Куддус Шарифти алардын ыпластыгынан азат кылган насир Салахиддин Айюбийдин жана монголдорду кыйраткан Кутз жана Бейбарстардын урпагы силерсиңер…

Хижрий 857-жылы, миладий 1453-жылы Константинополду фатх кылганда жашы жыйырма үчтөн ашпаган жана Расулуллах ﷺдын:

«فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Ал кошуундун амири кандай гана жакшы амир, ал кошуун кандай гана жакшы кошуун», – деген мактоосуна татыктуу болгон Мухаммадфатихтин неберелери силерсиңер.

Он алтынчы кылымда (миладий 1525-жылы) Франция өз королун туткундуктан куткарууну өтүнүп жардам сураганда жардам берген халифа Сулайман Канунийдин урпагы силерсиңер. Бирок бүгүн Франция мусулмандардын халифасынан жардам сураганын унутту же өзүн унутканга салып, Исламды, Исламдын пайгамбары Мухаммад ﷺды акарат кылууда. Аны кайтаруучу же тергеп-тескөөчү эч ким жок. Анткени бүгүнкү күндө Исламдын калканы жок.

Эй мусулмандар, силер халифа Салим IIIнүн урпагы болосуңар. Бул халифанын заманында АКШ анын кемелери Атлантика океанынан Жер ортолук деңизге коопсуз кириши үчүн жыл сайын Усманий мамлекетке салык төлөп келген. АКШ анын кемелерине Усманий мамлекеттин Алжир вилаятындагы деңиз флоту тарабынан зыян жетпестиги үчүн келишим түзүүгө мажбур болгон. Т.а. Кошмо Штаттар хижрий 1210-жылы, миладий 1795-жылы өзүнүн тилинде эмес, башка тилде – Усманий Халифалык мамлекетинин тилинде – келишим түзүүгө мажбур болгон. Ошол Америка бүгүн мусулман өлкөлөрүндөгү акимдерге кожоюндук кылып, силерди биз коргоп жатабыз, деп жатат.

О.э. силер миллиондогон алтын да өзгөртө албаган халифа Абдулхамиддин урпагы болосуңар. Яхудийлер Фалестинди мекен кылуунун акысына Усманий мамлекеттин казынасына миллиондогон алтын төлөөнү сунушташканда Абдулхамид аларга ушул белгилүү сөзүн айткан: «Фалестиндин Халифалык мамлекетинен ажыратылганын көрүүдөн көрө денемдин бычакталышы мен үчүн жеңил… Андыктан, яхудийлер бул миллиондорун сактап коюшсун… Бир күн келип Халифалык мамлекети ыдыраса, ошондо алар Фалестинди бекерге алышы мүмкүн». Чынында эле ошондой болду!

Дагы силер, мусулмандар, саатты ойлоп тапкандардын урпагы болосуңар. Ата-бабаларыңар саат ойлоп табышып, ал кезде Европанын эң чоң королдорунан болгон Карлга белек кылышат. Королдун кызматкерлери саатты көрүп: «Ичине жин жана шайтандар кирип алышыптыр», – дешкен! Мына, биз өзүбүздүн жаркын пикирлер менен кандай абалда болгонбузду, алар өздөрүнүн жалган пикирлери менен кандай ахвалда болушканын көргүлө!

Эй мусулмандар, башыңарды Халифалык көлөкөлөгөн доордо мына ушундай элеңер! Эй акылдуу кишилер, Халифалык кулатылган соң мына ушундай ахвалга түшүп калдыңар. Андыктан, мындан ибрат алгыла!

Эй күч-кубат ээлери… Эй Салахиддин жана Мухаммад Фатихтердин урпактары, сөзүмдү бүтүрүүдөн мурун силерге кайрыламын.

Силер гана Ислам дининин душмандарына каршы Умматтын дартына дабаа боло аласыңар, силер гана мусулман өлкөлөрүндө кордолгон мусулмандарды куткара аласыңар. Эртең силерге даңк гана жетпестен, Умматтын үмүтү силерге байланат, бүткүл Уммат, анын алдындагы жана артындагы бүткүл армиялары силерди ээрчийт, Аллахтын уруксаты менен, эч качан жалгыз калбайсыңар. Андыктан, өз милдетиңерди аткаргыла, Аллах силерге береке берсин! Рошид Халифалыкты тикелөө үчүн бизге, Хизб ут-Тахрирге нусрат-жардам бергиле. Нусрат берүү жеңишке алып бара турган жол гана эмес, ал биринчи даражадагы улуу фарз. Анткени, өкүмдөр жана хаддар ал аркылуу аткарылат. Ансыз инсандарга өкүмдөр да, хаддар да колдонулбайт. Кимде-ким кудуреттүү болуп туруп Халифалык мамлекетин тикелөөгө жана халифага байъат кылууга аракет кылбаса, катуу күнөөкөр болот. Андай кишинин жахилият өлүмүн табышы бул күнөөнүн канчалык оор экенине далалат кылып турат. Пайгамбар ﷺ айтат:

«…وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«… Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».

Расулуллах ﷺ көз жумганда мусулмандар аны жерге берүүнү даярдап коюп, жерге берүүдөн мурун халифага байъат кылуу менен шугулданышканы да бул иштин абдан маанилүү жана улуу экенине далалат кылат. Булардын баары Халифалыктын абдан улуу жана маанилүү экенин билдирет.

Эй күч-кубат ээлери, эй нусрат ээлери, эй мусулман кошуундар!

Араңарда Аллахка жана Расулуна нусрат берип, муну менен бул дүйнө жана Акырет ийгилигин колго алган Мусъаб ибн Умайр, Усайд ибн Хузайр жана Саъд ибн Муаздар жокпу?! Саъд ибн Муаздын өлүмүнөн жада калса Рахмандын аршы силкинген. Имам Бухарий риваят кылышынча, Жабир розияллоху анху айтат: «Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уктум:

«اهْتَزَّ العَرْشُ لِمَوْتِ سَعْدِ بْنِ مُعَاذٍ»

«Саъд ибн Муаздын өлүмүнөн арш титиреди». Араңарда Аллахка, Расулуна жана даъват калкына нусрат берүүчү акылдуу кишилер жокпу?! Уммат силерди күтүүдө. Уммат силердин такбир айтышыңарга, силерге кошулуп такбир айтууга, колуңарда роялар желбиреп, силер үчүн мактоолорду айтууга ынтызар. Жалгыз ушуну менен гана Уммат ойгонот жана рошид Халифалык тикеленет. Ошондо гана Халифалык Исламды өлкө ичинде колдонуп, өлкө тышында даъват жана жихад менен бүткүл дүйнөгө алып чыгат… Мына ошондо Умматка Аллах нусрат берет:

﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге бул дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр турчу күндө да жардам беребиз»                      [40:51]

Эй Аллахтын кошуундары!

Билебиз, асмандан периштелер түшүп, бизге Халифалыкты тикелеп бербейт, Ислам жана мусулмандарды күч-кубат тартуу кылуучу армияларга жетекчилик да кылышпайт. Биз качан Халифалыкты тикелөө жана жер жүзүндө исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн олуттуу, калыс жана чын дилден аракет кылсак гана Аллах Субханаху бизге жардам кылган периштелерди түшүрөт. Бул – Аллах Субханахунун Китебинде жана Расулу ﷺдын хадистеринде келген жана жалганга чыгарылышы мүмкүн эмес убада. Кимдир бирөөлөрдүн «бүгүн Халифалыкты тикелөө куру кыял» деген сөзү ушул убаданы таптакыр өзгөртө албайт. Түпкүлүгүндө, бул сөздү айтып жаткан кимселер өзүлөрү кыялкечтер. Ал эми, Халифалыктын тикелениши – Аллахтын уруксаты менен – албетте тикелене турган реалдуу чындык. Муну ушул төрт акыйкат ырастап турат:

Биринчи: Аллах Тааланын убадасы:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ ءَامَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ﴾

«Аллах силердин араңардан ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум мурунку өткөндөрдү халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды»                                                                                                [24:55]

Экинчи: Расулуллах ﷺдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикелениши туурасындагы башараты:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар ﷺ сүкүткө батты». (Имам Ахмад Хузайфадан риваят кылган).

Үчүнчү: Ислам Умматы инсандар үчүн чыгарылган тирүү эң жакшы уммат экендиги:

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар, анткени маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»                                                                                                                      [3:110]

Уммат эгер Халифалыкты тикелөөдө бир аз басаңдаган болсо, бул арстандын чабуулдан мурунку абалына окшойт.

Төртүнчү: Аллахтын уруксаты менен, Аллах үчүн калыс, Расулу ﷺ үчүн чынчыл, жогоруда айтылган убада жана башаратты жүзөгө чыгаруу үчүн күндү түнгө улап, тынымсыз аракет кылып жаткан Хизбдин бар экендиги. Хизб Расулуллах ﷺдын ушул сөзүндө айтылган тайпа болот:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى الْحَقِّ لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Умматымдын бир тайпасы акыйкат үстүндө жеңүүчү болуп кала берет. Жардамсыз калтыргандар аларга зыян жеткире алабайт. Ошентип, алар ушул ахвалда турушканда Аллахтын нусраты келет». (Имам Муслим Савбандан риваят кылган).

Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу куру кыял эместигине ушул төрт акыйкаттын бирөөсү гана жетиштүү. Эгер, төртөөсү бирге болсо эмне болушу мүмкүн?! Ошол эле учурда, Халифалыктын тикелениши – Аллахтын уруксаты менен – реалдуулуктагы чындык болуп эсептелет. Тикеленгенден кийин бекем жана туруктуу турушу да, инша Аллах, талашсыз. Бүгүнкү ири мамлекеттердин пайдубалы аларды кулата турган пайдубал болуп саналат. Бул мамлекеттер Аллахтын назарында жана Аллахтын пенделери үчүн эч нерсе эмес. Деги, көз көрбөгөн майда махлуктун (СOVID-19) бул мамлекеттерди жана алардын лидери АКШны кандай ахвалга салганы да бул акыйкатты ачыктап турат! АКШ шайлоолорунда эмне болгонун карагыла, бир тайпа шайлоолорду уурулук жана жасалмалык десе, экинчи тайпа чоң жеңиш деп жатат! Булар бир-бири менен айтышуу менен гана чектелбестен, жада калса мамлекеттин расмий мекемесине чейин бастырып киришти, капитализм лидери болгон мамлекеттин көчөлөрүндө көз көрүнө адамдар өлтүрүлүүдө… Эки тарап тең чириген демократияга чакырууда! Бүгүнкү күндө дүйнө мына ушундай ахвалда. Чоң-кичине окуяларга толгон бул дүйнөнү Ислам мамлекетисиз, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыксыз эч нерсе куткара албайт.

Кадырлуу боордоштор!

Биз Халифалыктын жүз жылга жетпей тикелениши үчүн аракет кылып, Аллахтан жалбарып сурадык. Хизб жетимиш жылдан бери аракетин улантып, бул арада Халифалыкты эми кармадык дегиче, дагы алыстап кетти. Ошондой болсо да, биз Аллахтын мээриминен таптакыр үмүт үзбөйбүз. Биз Халифалыкка жүздөнүп, жүрөктөрүбүздү ага байлап, ал үчүн аракетибизди улантып жатабыз. Халифалыктын тикеленишине баарыбыз кадыржамбыз. Анткени Аллахтын Расулу:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّة»

«Кийин Пайгамбарлик минхажы негизинде Халифалык болот», – деп кушкабар берген. Мына ушулардын баары кайраттуу болуп, убада-шертти бекем карманууга жана аракетти күчөтүп, кишини башка бир абалга көчүрүүгө жетиштүү. Киши бир кырсыкка дуушар болуп эсинен танса, ушул кырсык менен жарык күнгө чыгуу аркылуу шаттыкта-азиз болот, инша Аллах.

Ар нерседен кабардар, ар нерсени билген Роббибиз бизге мындай деген:

﴿فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْراً + إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْراً﴾

«Демек,  албетте ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик да бар. Албетте ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик да бар»                                       [94:5-6]

Рузайндын хадисинде содикул масдук Пайгамбарыбыз бизге мындай таалим берген:

«وَلَنْ يَغْلِبَ عُسْرٌ يُسْرَيْنِ»

«Бир кыйынчылык эки жеңилдикти эч качан жеңе албайт».

Умар Абу Убайдага минтип кат жазган:

«Эч бир күч жок, анын артынан Аллах чыгуучу жолду даярдап койбогон болсо. Бир кыйынчылык эч качан эки жеңилдикти жеңе албайт». Демек, ааламдар Роббиси Аллахтын уруксаты менен жарык күндөр шексиз келет жана Халифалык содик момундардын билегиндеги күчү менен тикеленип, яхудий вужудун жок кылат жана Фалестин жерин кайра Ислам диярына айлантат. Рим да анын эгизи фатх болгондой фатх болот. Дагы пакиза ооздордон Аллах Тааланын:

﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وزهق الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقاً﴾

«Дагы айткын: «Акыйкат келди жана батыл өчүп жоголду. Анткени батыл жоголуучу»»                                                                                                  [17:81]

деген каламы айтылат, дүйнө такбир жаңырыктарына толуп, жер жүзүнө Ислам нуру жайылат:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ وَلَا يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ عِزّاً يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الْإِسْلَامَ وَذُلّاً يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الْكُفْرَ»

«Бул иш түн жана күн жетип барган жайга чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын жана көчмөнчүнүн үйүн калтырбастан ага бул динди азиздин азиздиги же кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат. Ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат». (Имам Ахмад Тамим Дарийден риваят кылган).

Билиб турабыз, Ислам душмандары бул нерсенин жүзөгө чыгышын мүмкүн эмес санап, маскаралап, алардан мурунку кимселердин:

﴿غَرَّ هَؤُلَاءِ دِينُهُمْ﴾

«Аларды диндери азгырып кетти»                                                            [8:49]

деген сөздөрүн айтышууда. Ошондо бул сөз аны айткандарга балээ болгон, Аллах Өз динин азиз-күчтүү кылып, ыйман калкына нусрат берген. Демек, бүгүн да андай сөздү айтып жаткандар балээге туш болушат. Аллахка тобокел кылган, Аллах үчүн калыс турган, Расулуллах ﷺга чынчыл болуп, жүрөктөрү жана денелери менен олуттуу аракет кылып жаткан пенделери менен Аллах да Азиз, Хаким:

﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾

«Албетте Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Чындыгында, Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө белгилеп койгон»                                                                                  [65:3]

Күн сайын ушул өлчөөгө (белгиленген убакытка) жакындашылууда.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Аллах Өз ишинде үстөм болуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»                                                                                                                      [12:21]

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

 

Боордошуңар Ата ибн Халил Абу Рошта                          29-Ражаб, 1442-х.

Хизб ут-Тахрир амири                                                           13-март, 2021-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here