МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТУУ РЕЖИМДЕР

239
0
МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТУУ РЕЖИМДЕР
 
1924-жылы Халифалык кулатылгандан кийин, колонизаторлор мусулмандарды болушунча бөлүп жиберүүгө киришишти. Натыйжада Ислам Умматы элүүдөн ашык өлкөлөргө бөлүндү. Тагырак айтканда, колонизаторлор, негизинен Британия менен Франция мусулман өлкөлөрүн бөлүп алышты. Оболу бул бөлүнгөн мусулман өлкөлөрү колонизаторлордун түздөн-түз колониясы астында болсо, кийинчерээк алар эгемендүүлүктү алышты. Бирок бул эгемендүүлүк колониализмди жашырган парда болду. Себеби алар чыныгы эгемен эмес болчу.
 
Бүгүнкү Ислам дүйнөсүндөгү режимдерди алып карай турган болсок, арабийи болобу, же түркийи, же башкасы болобу – баары колонизаорлорго байланганын, көз каранды экенин байкайбыз. Саясатчылар өз ара күрөшөт, бирок бул «мен малайлык кылууга татыктуумун» деген күрөш. Алардын күрөшү эгемендүүлүк, демократия деген жалган элести берет. Негизи өлкөдө кайсы бир колонизатордун таасири күчтүү болсо, ал өлкөдө ушул колонизатор тандаган адамдар же партиялар гана бийликке келишет. Мунун тастыгы катары, бийликке жаңы келген адам биринчи расмий визитин, кайсы мамлекетке колонияда болсо, ошол мамлекеттен баштайт. Бирок кээ бир учурларда элди алдоо максатында, карама-каршы элести пайда кылуу үчүн акимдер өз колонизаторуна каршы сүйлөп, экинчи даражалуу маселелерде каршы аракет кылып коюшу да мүмкүн.
 
Өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүш бардык мусулман өлкөлөрүндө орун алган. Алардын саясий чечимдери, ички жана тышкы саясаты колонизатордун көрсөтмөсүнө шайкеш алып барылат. Саясий эрк колонизаторлорго көз каранды болгондуктан, экономикалык чечимдер да колонизатордун каалоосуна ылайык кабыл алынат. Колонизатордун компаниялары өлкөдөгү ири долбоорлор үстүндө иш алып барат. Мындан улам, колонизатор өлкөнүн кен байлыктарын талап-тонойт. Ошол эле маалда, бул өлкө колонизатор өз продукциясын соодалаган базарга айланат. Колонизатор ага кирешелүү болгон бул мамилени мамлекеттер ортосундагы келишимдер менен бекемдесе, кээде регионалдык уюмдарды түзүп, бул мамилени (колониализмди) ушул уюмдар аркылуу көзөмөлдөйт.
 
Ошондой эле, колонизаторлор мусулман өлкөлөрүндөгү аскерий жаатты да өз колуна алышкан. Бир тараптан, малай режимдер колонизатордун курал-жарактарын сатып алса, экинчи тараптан, колонизатордун өлкөсүндө аскерийлер даярдалат, күч органдары окутулат. Күч структурасынын кадрлары ушул колонизатор тарабынан даярдалууда. Колонизатор аларды даярдоого өзгөчө көңүл бурат, себеби маддий кубат аскерийлердин колунда. Ушундай таризде колонизаторлор маданиятты да колго алышкан. Эки (колонизатор менен анын таасири астындагы) өлкө ортосундагы маданий, агартуучулук иш-аракеттер, конференциялар, илимий форумдар кулдук пикирлөөнү бекемдөөгө, колонизаторду дос кылып көрсөтүүгө багытталган.
 
Режимдин башында турган малай акимдер бул абалга көнүп калышкан, бул абалды өзгөртмөк турсун, тескерисинче бул абалды туура көрүп, бийликке келүүдө же калууда өз элине эмес, ушул колонизаторлорго таянышат. Алардан жардам күтөт, аларга жалдырайт. Алар бийликке келип алган соң, кожоюну колонизатордун буйруктарын кыңк этпей аткарышат, а түгүл мусулмандардын канын төгүүгө, Исламга каршы иштерди жасоого туура келсе да.
 
Колонизаторлор бул малай режимдердин канын соруу менен гана чектелбейт, аларды регионалдык күрөштөрүнө алып киришет. Бүгүн Йеменде, Ливияда жана башка мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан, токтобой келе жаткан согуштардын башында колонизаторлор турушат. Ал эми, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер колонизаторлордун кызыкчылыгы үчүн бул согуштарга аралашууда.
 
Мусулман өлкөлөрүндөгү колонизаторго малай бул режимдер өз бийлигин күчөтүү үчүн улутчулдукка, мекенчилдикке чакырышат, элди бул ыплас пикирлер менен уулашат. Бул пикирлер мусулмандарды Исламдан алыстатат, Умматтын биригүүсүнө тоскоол болот. Мындан улам, акимдер Ислам алардын бийлигине коркунуч туудурат деп билишет, ошондой эле Исламга каршы күрөшүү – бул колонизатордун көрсөтмөсү. Ошондуктан, малай режимдер өлкөдө илманийликти жаюуга, Исламды бузуп көрсөтүүгө катуу аракет кылышууда.
 
Ушул себептерден улам, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер мусулмандардын биригүүсүнө, Исламдын аалий болуусуна жол бербеген тоскоолдук болуп калууда. Ислам жана Умматтын жашоосунда бул режимдерге орун жок. Мусулмандар бур колонизаторго малай режимдерди кулатып, алардын урандылары үстүнө Умматтын азиздигин, улуулугун кайтара турган, Исламды колдонуп, инсанды адамга кул болуудан Аллахка кул болууга алып чыга турган Халифалыкты тикелөөсү керек. Мына ошондо бул колониялык система кулайт, мына ошондо мусулмандар Исламды колдонуп, кайрадан биригишет!
 
Хизб ут Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү
#أقيموا_الخلافة
#خلافت _ کو _ قائم _ کرو
#YenidenHilafet
#ReturnTheKhilafah
#Халифалыкты_кайра_тикелегиле
#Установите_Халифат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here