Жазуучу Дилипак: Акчабыз ыйманыбызга үстөм болду

399
0

Жазуучу Дилипак: Акчабыз ыйманыбызга үстөм болду

Түркиялык жазуучу Aбдуррахман Дилипак өзүнүн макаласында бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясынын учурунда акча менен күч ыймандан өйдө болуп калганын билдирди.

Акит гезитине жарыяланган макаласында Дилипак, “Эч кимден коркпостон, кулдарга кулдук кылбастан, заалимдердин каршысында акыйкатты айтышыбыз керек эле. Чыныгы шахиддерге айланмакпыз. Бирок, биз жахилдерден жана заалымдардан болуп калдык” деп жазды.

Жазуучу андан ары пикирин мындайча баяндады: “Аллах Таала бизди Анын ыраазылыгын табышыбыз үчүн жаратты. Ал Зат биз аркылуу заалымдарды жазалап, мазлумдарга жардам берүүнү каалайт. Биз акыйкаттын жана калктын көрө турган көзү, уга турган кулагы, кармай турган колу, айта турган сөзү болушубуз керек эле. Бирок, абалыбыз ортодо.

Шайтандын барлыгы күнөө кылышыбызга шылтоо боло албайт. Тескерисинче, Аллахтын таква кулдарына эч ким зыян бере албайт. А бирок, биз заалымдардан жана жахилдерден болуп калдык. Натыйжада Аллах жахил жана заалымдарга жардам бербей жатат. Аллах Таала болсо өзүбүздөгү нерсени өзгөртмөйүнчө жардам бербей турганын Куран аяттарында айтып өттү. Ал Зат өз сөзүндө заалымдарга жардам берүүчүлөр, алар менен бирге болуучулар да тозок отунуна айланышын, заалымдарды биздин башыбызга келген балээ экенин айтпадыбы?

Кечээ эле динибиз үчүн бекем туруп, бири-бирибизге жардам берүүчү элек. Акча, сыймык, жана бийлик бизди бузду. Дагы да туурасы, буларга ээ болгондон кийин ичибизде жашырылган шайтаний бузукулуктарыбыз ачыкка чыкты. Сойкулук, кумар оюндары, көңүл ачуу, ичимдик ичүү сыяктуу бузукулуктар менен өмүрүн өткөргөндөр көбөйдү. Айрымдарыбыз байлык жана бийлик үчүн күрөшүп, бул максаттарына жетүү үчүн динди колдонушууда. Ошондуктан, Аллах Таала мал, жан, балдарыбыз жана башка жакшы көргөн баардык нерсе биз үчүн чоң сыноо экенин айтууда.

Бүгүн күчүбүзгө, байлыгыбызга акылыбыз менен ыйманыбыз багыт бербестен, тескерисинче, ыйманыбыз менен акылыбызга күч жана капитал ээлери багыт берүүдө. Тагыраагы, ыйманыбызга ылайык жашабагандыктан, ыйманыбызды жашообузга ылайыкташтыруудабыз. Биз Аллахтын арканын таштагандан кийин Ал Зат да биздин арканыбызды коё берди. Ушуну унутпайлы: Бир гана акыйкат бар – сыналуудабыз. Биз өзүбүздү өзгөртмөйүнчө, Аллах биз тууралуу өкүмүн өзгөртпөйт. Тагыраагы, түпкүлүгүндө өзгөрүшү керек болгон нерсе өзүбүздүн позициябыз!”.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here