Кыргызстан Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатат

247
0

Кыргызстан Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатат

Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Аларды сактай турган атайын муздаткычтарды шаар, облус борборлоруна коюш үчүн 2 млн. доллар керек. Андай акча бюджетте жок.

Бейшеналиев Россиялык вакциналарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 2-3 айдын ичинде алып келүү пландалып жатканын кошумчалады.

Ал арада Кыргызстандын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева коронавирустан каза болгон адамдардын саны расмий маалыматтан үч эсе көп экенин аныктаганын билдирди.

Ал буга чейин Кыргызстанга сырттан келген гуманитардык жардамдарды тиешелүү кызматтагылар жеп коюшканын, эл кырылып атканда кырсыктан бизнес жасаган фактылар бар экенин да айтып чыккан.

Кыргызстан калкы Батыш менен Россиянын таасир талашуусунан, алардын капиталисттик ачкөздүгүнөн улам запкы тартып келгени аздык кылгандай, жергиликтүү аткаминер, капиталисттердин соргоктугунан да жапа чегүүдө. Алардын айрымдары өз кызыкчылыгы үчүн Батыш колонизаторлоруна шарт түзүүгө чуркап жүрсө, айрымдары Россия кызыкчылыгына жан тартууда. Министрдин АКШ вакцинасынан кыйгап өтүп, орус вакцинасын алууга болгон аракети да мындан башка нерсе эмес.

Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан келген дары-дармектер, вакциналар текшерилбей туруп эле калкка колдонууга берилип келгени ачыкталган. Алардын айрымдары Кыргызстанга окшогон жакыр калктарга сыноодон өткөрүү үчүн келген болсо, айрымдары бир ооруга дабаа болгону менен башка ооруну пайда кылышы айтпасак да белгилүү.
Буга кошумча, Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан пандемия шартында 346 млн доллар карыз жана кредиттерди алган. Анын бир бөлүгүн аткаминерлер сол чөнтөккө солоп кеткен. Ал эми, карыз берген тараптар кандай шарттар менен акча бөлгөнү азырынча ачыктала элек.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан да акча иштеп калуунун үстүндө баш катырышты. Айрыкча, дүйнөдөгү экинчи кирешелүү тармак катары саналган фармацевтика компаниялары дүйнөнү киреше майданы кылып алды. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Кыргыз бийлиги болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү аркылуу гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here