Өзбекстан ЕАЭБ базарына толук кандуу катышууну пландаштырууда

234
0

Өзбекстан ЕАЭБ базарына толук кандуу катышууну пландаштырууда

 2021-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБге) мүчө болгон мамлекеттердин базарларына толук кандуу катышуу үчүн улуттук техникалык тартипке салуу нормаларын алардын талаптарына ылайыкташтыруу боюнча иштер күчөтүлөт.

Өзбекстан өкмөтү ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарын кабыл алуу, ЕАЭБ мамлекеттеринде кабыл алынган 26 техникалык регламенттин негизинде атайын техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана тастыктоону пландаштырууда. Бул тууралуу быйылкы мамлекеттик программанын долбоорунда маалымат берилген.

Айтылышынча, мындан көздөлгөн максат өндүрүлгөн товарлардын атандаштыка туруштук берүүсүн күчөтүү.

Буга чейин, “Узстандарт” агенттигинде быйыл ишке ашырыла турган өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берген директордун биринчи орунбасары Жавлон Каттахожаев да бул маселе тууралуу айтып өткөн.

Айрыкча, ЕАЭБде кабыл алынган талаптарды, эреже жана нормаларды экономикада колдонуу, өнөржай продукцияларын ушул базарга даярдоо максатында 50 техникалык регламент ишке киргизилгени жана жаңы киргизиле турган техникалык регламенттер ЕАЭБдин нормаларына шайкеш келтирилери айтылган.

Мындан тышкары, Өзбекстан өкмөтү ЕАЭБдин алкагында кабыл алынып жаткан документтер, уюштурулуп жаткан иш-чаралар жана пландаштырылып жаткан аракеттер туурасында маалыматтарды топтоо, үйрөнүү жана талдоо сунушун коомдук талкууга чыгарган.

 Комментарий: Белгилүү болгондой, Өзбекстан 11-декабрда ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамына ээ болгон.

 Өзбекстан ЕАЭБде байкоочулук макамын алышынын алдында т.а. 26-ноябрдан баштап “Росселхознадзор” Фергана облусунан Россияга помидор жана калемпир алып кирүүгө тыюу салды. Кийинчерээк, кургатылган өрүк партиясында да кооптуу зыянкечтер аныкталды деген шылтоо менен Ферганадан бардык түрдөгү продукция алып кирүүгө тыюу салды. Арадан эки апта өткөн соң, Наваи жана Кашкадарыя облусунда өндүрүлгөн товарларга да тыюу салынды…18-декабрдан баштап (Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамын алган соң) Россиянын аймагына Өзбекстандын Фергана облусундагы жети ишканадан помидор жана калемпирди алып кирүүгө уруксат берилди, бул продукцияларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн карантиндик объекттер жоктугу кабарланды. Демек, Россия Өзбекстанды ЕАЭБде байкоочу мамлекет макамын  алуунун алдында экиленип калуу кандай натыйжаларга алып барышынан “эскертип” коймокчу болгон.

 Себеби, Өзбекстанда ЕАЭБге мүчө болуу маселеси көтөрүлгөндөн баштап өзбек коомчулугу, айрыкча, интеллигенция экиге бөлүнүп калган эле. Биринчи топ – биримдикке кирүү тарапкерлери – Өзбекстан биримдикке кирсе көп жерлерде, айрыкча эмгек мигранттары маселесинде жеңилдикке ээ болоруна басым жасашты. Расмий Кремль да Өзбекстанга дал ушул маселеде басым өткөрүүгө аракет кылды. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов да ушундай басымдар болуп жатканын ачык моюнга алды.

 ЕАЭБге кошулууга каршы чыккандар болсо, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болсо эгемендүүлүгүн жоготорун баса белгилешти. Алар бекеринен тынчсызданышкан жок. Себеби, ЕАЭБ Россиянын кызыкчылыктарына гана кызмат кылып жатканы, биримдикке мүчө болгон Казакстан, Кыргызстан жана Белорустун расмийлеринин ЕАЭБ тууралуу терс пикирлери интернетке кайра-кайра чыгып жаткан эле. А бирок, президент Мирзиёев аларды тынчтандыруу үчүн: “Бир нерсени билип койгула, эч ким, эгемендүүлүктү эч кимге берип койбойт. Эгемендүүлүк эл ишенген президенттин колунда”, – деди.

Россиянын Өзбекстандагы элчиси Владимир Тюрденев да 21-декабрда Ташкентте өткөрүлгөн жылдык маалымат жыйынында: “Социалдык тармактарды карасак, Өзбекстандын ЕАЭБде байкоочу макамын алганына “кош бол эгемендүүлүк” деген реакция болуп жатат. Бул күлкү келтире турган көрүнүш. ЕАЭБге мүчө болгон эч бир мамлекет эгемендүүлүгүн жоготподу. Алар көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Себеби, бул белгилүү бир катышуучунун масштабына карабастан, бардыгы үчүн бирдей болгон тең укуктуу биримдик”, – деди.

Бирок, Мирзиёев 29-декабрда Олий Мажлиске жана Өзбекстан калкына болгон салтуу кайрылуусу учурунда ЕАЭБ боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

 “Өзбекстан жакында эле ЕАЭБде байкоочу макамын алды. Бул уюмга мүчө болгон мамлекеттердин базарына толук кандуу катышуу үчүн улуттук техникалык тартипке нормаларын алардын талаптарына ылайыкташтыруу боюнча иштерди күчөтүү керек”.

 Мирзиёевдин бул кайрылуусунан кийин коомдук талкууга чыгарылган 2021-жыл үчүн мамлекеттик программанын долбоорунда, Өзбекстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү негизги документти өзгөртүү сунушталган. Учурдагы концепция болсо ачык булактарда жолукпайт.

Өзбекстандын ачык жана прагматикалык тышкы саясатын үзгүлтүксүз ишке ашыруу о.э. белгиленген стратегиялык пландар активдүү ишке ашуусун камсыздоо максатында үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин тышкы саясий ишмердүүлүк концепциясын өркүндөтүү сунушталууда. Бул тууралуу быйылкы мамлекеттик программанын долбоорунда маалымат берилген…

О.э. мамлекеттик программанын долбоорунда 2021-жылы Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин базарларына толук кандуу аралашуу үчүн улуттук техникалык тартипке салуу нормаларын алардын талаптарына ылайыкташтыруу боюнча иштерди күчөтөрү айтылган.

14-январда РФ өкмөт башчысынын орунбасары Алексей Оверчук да ЕАЭБ келечекте Өзбекстан биримдикке кошулуусунан үмүттөнүп жатканын билдирди.

“Өзбекстандын биримдикке мүчөлүккө карай иштери кандай өнүгүшүнө карабастан, биз Өзбекстанды биримдиктин мүчөсү катары көрүүдөн үмүттөнөбүз жана бул иште уюмга мүчө мамлекеттер ага жардам берет”, – деди Оверчук.

Мындан тыянак чыгарсак, Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу мамлекет катары калбайт, тескерисинче, уюмга толук кандуу мүчө болууга мажбурланат. Россия да азырынча Өзбекстандан үмүтүн үзгөн жок жана колундагы бардык каражаттар аркылуу басым өткөрүү жолу менен Өзбекстанды ЕАЭБге мүчө болууга үндөп жатат. Эгер Россия Өзбекстанды ЕАЭБге кошууга жетишсе, “бир ок менен эки коён аткан” болот. Себеби, Өзбекстандын ЕАЭБге мүчө болушу Тажикстан үчүн эч кандай тандоо ыктыярын калтырбайт. Тажикстан да биримдикке кошулууга же өзүнүн нормалык механизмдерин ЕАЭБдин шарт жана талаптарына ылайыкташтырууга мажбур болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here