Өзбекстан Афганистанга электр энергия экспортун көбөйттү

348
0

Өзбекстан Афганистанга электр энергия экспортун көбөйттү

Өзбекстандан Афганистанга экспорт кылынып жаткан электр энергиясынын көлөмү 400 мегаваттка жеткирилди. Бул тууралуу, Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) га таянып “Tolonews” кабарлады.

Компаниянын маалыматына ылайык, өлкөдө электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу үчүн, импорт кылынып жаткан электр энергиясын 450 мегаваттка жеткирүү боюнча иштер аткарылып жатат.

Өзбекстандан импорттолуп жаткан электр энергиянын көлөмү 150 мегаваттка түшүп калган эле. Натыйжада акыркы күндөрү Кабулдун айрым райондоруна электр энергиясы күнүнө 20 мүнөткө гана берилип калган.

Кабарларда келишинче, акыркы 18 жылда эл аралык коомчулук Афганистанда инфраструктураны жакшыртуу үчүн 4 млрд доллар каражат бөлгөн. О.э. DABS жыл сайын Өзбекстанга электр энергиясы үчүн 100 млн доллар төлөйт. А бирок, тармакта качан үзгүлтүк болорун жана ал качан жөнгө салынарын анык билүү мүмкүн эмес. Өчүрүүгө чейин Афганистан Өзбекстандан 450 мегаватт электр энергиясын импорт кылган. Учурда расмий Кабул өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрү менен 160 мегаватт электр энергиясын өндүрө алат.

Афганистан акыркы 18 жылдын ичинде Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алган, а бирок, ички ресурстарына инвестиция жаткырбаган.

 Комментарий: Мына дээрлик 20 жылдан бери Өзбекстандын жарандары кыш мезгилин жүрөкзаада болуп тосуп алышат. Себеби, жай мезгилинде да тынымсыз өчүп туруучу электр энергиясы кышында дээрлик берилбей калат. Карапайым калк газ жана свет көйгөйүнө туш боло берип тажагандыктан, бул кыйынчылыктарды жеңип өтүү үчүн алтернативалык жылытуу каражатын табууга аракет кылып келет. Адамдар газ жана свет жоктугуна ушунчалык көнүп калган дейсиң, газ жана свет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ал тургай алардын кыялына да келбейт.

 Быйыл да аба ырайы кескин суук болуп кетиши Өзбекстан калкынын ансыз деле оор абалын ого бетер начарлатып жиберди. Газ жоктугу жана электр энергиясы тынымсыз өчүрүлүшү себептүү, колунан келгендери көмүр же тезек менен, көмүр болбосо короосундагы же көчөдөгү мөмөлүү бак-дарактарды кыюу менен үйлөрүн эптеп жылытып жаткан адамдардын айласы кетти. Газ жана электр энергия менен камсыздоодогу туруксуздуктар себептүү жыл сайын күз-кыш мезгилидеринде ондогон адамдар каза болушат. Президент Шавкат Мирзиёев 16-декабрдагы өкмөттүн жыйынында 2020-жылдын башынан бери 106 адам иске ууланып каза болгонун, дагы 190 адам ууланып жана күйүп калганын айткан эле.

Өзбекстан өкмөтү болсо өз калкынын муктаждыгы жана көйгөйлөрүн эсепке албастан, чөнтөгүнө түшө турган кирешени о.э. эл аралык келишимдерди гана ойлойт. Ошентип, элди кыштын аяздуу күндөрүндө суукта калтырып келет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here