Мубарек жердеги кезектеги коркунуч коңгуроосу… буга каршы туруучу барбы?!

247
0

Басма сөз баянаты

Мубарек жердеги кезектеги коркунуч коңгуроосу… буга каршы туруучу барбы?!

Ариха шаарынын соту Муса алайхиссаламдын мечитинде уятсыз концерт өткөргөн Сама Абдулхадий деген ырчы кыздын камакта кармоо мөөнөтүн эки аптага узартты. Прокурор ага «диний жайды тебелеп-тепсөө» жана «коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн белгиленген өзгөчө абалды» бузуу айыбын койду. Ырчы топтун концерт өткөрүшүнө уруксат берүү маселесинде туризм жана вакфтар министрилиги бири-бирин айыпташты. Ал эми, премьер-министр айыптуу ким экендигин аныктоо үчүн тергөө өткөрүүнү буйрук кылды.

COVID-19 вирусунун жайылышын токтотуу деген шылтоо негизинде мечит жана медреселер жабылып, адамдардын ибадат кылышы, тиричилигине жана таалим алышына чектөө коюлуп жатканда өкмөт ыйык жайда т.а. Муса алайхиссаламдын мечитинде ушундай ахлаксыз концерттерди өткөрүүгө уруксат берүүдө. Өкмөт адаттагыдай экинчи даражалуу маселелерге жабышып, негизги маселеден атайылап көз жумуп жатканы чоң мусийбат. Туризм жана вакфтар министрлери мусулмандардын туйгуларын четтеп, бул концертке уруксат бергендикте бири-бирин айыпташууда о.э. бул иштен кабарсыздай болуп, бул иш-чара алардын макулдугусуз капыстан уюштурулгандай кылып көрсөтүшүүдө. Адаттагыдай, бул маселенин жоопкерчилиги Самага окшогон бир же бир нече адамга жүктөлүшү менен аяктайт жана мындан мурда жабылган маселелер сыяктуу бул да жабылат. Бул маселе өкмөттүн бузгунчулугун жана малайлыгын о.э. мубарек жерден, принцип, ахлак жана баалуулуктардан баш тартканын көрсөтүүдө.

Башка тараптан, феминисттик уюмдар жана CEDAW конвенциясын үгүттөөчүлөр өздөрүнүн ыплас жүзүн жана карамүртөз максаттарын ачык көрсөтүштү. Алар Саманы коргоп чыгышты. Алардын айтымында, Сама кылмыш жасабаган, тескерисинче, туризмди колдоо үчүн чыгармачылык уюштурган жана зомбулук менен камакка алынган.

Алар бузукулукту – өнөр, эркек жана аялдардын аралашуусун – эркиндик, ыйык жайлардын тебеленишин – туризмди өнүктүрүү деп аташат. Өкмөт тергөө өткөрүүнү талап кылышкан мугалим айымдарга күчүн көрсөтүп, аларды мажбурий эс алууга чыгарганда бул уюмдардын үнүн укпадык. Алар акыйкат сөздү айтып, өз укуктарын талап кылышкан. Бул уюмдар мыйзамдарды CEDAW конвенциясына ылайык өзгөртүү үчүн гана жаш жигит-кыздарды бузууга о.э. динибизге жана урф-адаттарыбызга тескери болгон түшүнүк жана кулк-мүнөздөрдү киргизүүгө аракет кылган кишилерди коргошот.

Эй Фалестин калкы!

Ушул коркунуч коңгуроосу силерди «өкмөт ыйык жер жана жайлар маселесинде кайдыгерлик кылгандай ар-намыс, ахлак, баалуулуктар жана дин маселесинде да кайдыгерлик кылууда» деп эскертүүдө. Эгер ага жана анын CEDAW конвенциясына ылайык пландарына каршы турбасаңар бузукулук дагы да жайылат. Натыйжада, кыздарыңар, жолдош-жубайларыңар жана ага-инилериңер шариятка жана динге тескери иштер менен силерге каршы чыгышат.

Бул төмөндүк жашоону, оору жана балээлерди баштан өткөрүп жатканыбыз жетиштүү болбой жатабы, акыры, мындай жашообузду Аллах Тааланын ушул аяты да тастыктап турат го:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ﴾

«Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да балээ-апааттар жүз берди. (Бул балээ жана апааттар адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн» [30:41]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар канаты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here