Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү

368
0

Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум өттү.Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79%дан көбүрөөк добуш алды.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка киришет.Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдагы добуштардын жыйынтыгында шайлоочулардын 80%дан көбү президенттик республика үчүн добуш беришти, 11%га жакыны парламенттик башкарууну колдошкон (бул добуш эсептөө бурмалангандыгы эске алынбагандагы расмий эсеп).

Белгилей кетсек, Кыргызстандын калкынын саны 6 581 389. Анын ичинен шайлоого укуктуулардын саны 3 563 574кө жетет. Президенттик шайлоого 1 409 422си катышты. Шайлоого катышкандардын көпчүлүгү шайланган президентке үмүтартып шайлашса, ал эми, калктын калган негизги бөлүгү бүгүнкү демократиялык түзүм менен өнүгүүгө ишенишпегендиктен, шайлоо жана референдумга катышкан жок.

Чындыгында, учурда колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанга өнүккөн мамлекет катары көрүнүп жаткан АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү, а түгүл СССР дагы колонизаторлук саясаттын негизинде экономикалык жактан өнүгө алган. Башкача айтканда, алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьелорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында экономикалык өсүшкө жетишти. Ал эми Кыргызстан кимди колония кылуу менен өнүгөт? Кимдин арзан жумушчу күчүнөн пайдаланат? Өзү Кытай менен Орусиянын базарына айланып отуруп кайсы товарын кимдин базарына алып чыгат? Же Орусия сыяктуу жок дегенде аскерий кубат болбосо, Кытай сыяктуу товары болбосо, эл аралык саясатка кантип таасир өткөрөт?

Түпкүлүгүндө, бул суроолордун жообу бар. Кыргызстан мусулмандары башка мусулман боордоштору менен биргеликте, бүткүл дүйнөлүк Исламий Халифалыкты тикелөөлөрү шарт. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок. Анткени, капиталист колонизаторлор 2-дүйнөлүк согуштан кийин БУУ, МАГАТЭ, ЭВФ, ДССУ сыяктуу дүйнөлүк эл аралык уюмдар менен, ШКУ, ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ сыяктуу жергиликтүү колонизаторлук уюмдарыменен дүйнөнү уу тырмактары менен мыкчып турушат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here