СҮКҮТ САКТОО – ДЕМОКРАТИЯНЫ КОЛДОП-КУБАТТООГО ДАЛИЛ

377
0

 بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

СҮКҮТ САКТОО – ДЕМОКРАТИЯНЫ КОЛДОП-КУБАТТООГО ДАЛИЛ

Демократия (эл бийлиги) өкүм сүрүп жатканына о.э. анын шерменделүү, мункарларга толгон абалына күбө болуп туруп, ага унчукпай туруу, өзгөртүү үчүн аракет кылбастык, жок дегенде, бул абалга нааразы экенин билдирбестик шаръан арам болуп, бул нерсе андай адамдардын демократтар менен бир сапта экендигине шаръий хужжат болот. Аллах Таала айтат:

إنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ

«Өкүм Аллахка гана таандык».       [12:40]

Дагы айтат:

 فَلَا تَتَّبِعُوا الْهَوَى 

«Нафсинин каалоосуна ээрчип кетпегиле » [4:135].

Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтты: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтындан хоч (крест) бар эле. Ал зат мага: Бутту алып ташта, – деди жана «Бароат» сүрөсүнүн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти.[9:31] аятын окуп, мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бир нерсени адал дешсе, адамдар аны адал эсептешкен, бир нерсени арам дешсе аны арам эсептешкен».

Расулуллах с.а.в.дын сүкүт сактоосу шаръий далил экенине сахабалар ижма кылышкан. Муну мындай түшүнүшүбүз керек, Расулуллах с.а.в. эч качан мункарга (макрух жана арамдарга) сүкүт сактаган эмес, аларды дароо четке кагып, өзгөртүүгө шашылган. Демек, болуп жаткан ишке күбө болуп туруп да ага сүкүт сактоо жаиз эмес. Себеби, Расулуллах с.а.в.дын ар бир иши; кеп-сөздөрү, кылган иштери, ал тургай сүкүт сакташы да вахий болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:

قُلْ إِنَّمَا أُنذِرُكُمْ بِالْوَحْيِ

– „Айткын: «Мен силерди вахий менен гана коркутуп-эскертүүчүмүн“,         [21:45]

إِنْ يُوحَى إِلَيَّ إِلاَّ أَنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ

– „Мага бир гана өзүмдүн ачык-айкын эскертүүчү экендигим вахий кылынууда“,      [38:70]

إِنَّمَا أَتَّبِعُ مَا يُوحَى إِلَيَّ مِنْ رَبِّي

– „Мен Роббимден келген вахийге гана ээрчиймин“, [7:203]

Демек, сүкүт сактоо – болуп жаткан ишке ыраазы экендигине, өзгөртүүгө зарылдык жок деп билишине о.э. ал иштерди кылып жаткандарды колдоп-кубатташына шаръий далил болот. Шариятта талап кылынган иштер: аткаруу талап кылынабы же таштоо талап кылынабы, же болбосо, кылуу же кылбастыкта ыктыярдуу болобу, эч айырмасыз амал кылуу о.э. ушул өкүмдөрдү туура, ушундай болушу керек, андан башкача болсо өзгөртүү шарт деп ишенүү – момундук. Аллах Таала айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт».  [4:65]

Жашоодогу системабыз шариятка негизделген учурда да ага тескери нерсени, ал тургай Куръан жана хадисте келбеген бирер нерсе болсо да кабыл албашыбыз, аны тездик менен жоготушубуз шарияттын катьий талабы. Муслим Айша р.а.дан риваят кылат: Расулуллах(с.а.в):

«وَمَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ»

«Кимде-ким бул ишибизде андан болбогон нерсени пайда кылса, ал четке кагылат», – деген. Дагы:

«الْخَدِيعَةُ فِى النَّارِ، وَمَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهْوَ رَدٌّ»

«Алдоо тозокто. Кимде-ким биздин буйругубуз болбогон ишти кылса, ал иш четке кагылат», – деген. Бухарий риваяты. Төмөнкү хадистер тууралуу олуттуу пикирлеп көрүңүз:

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ, فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ, فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ»

«Силерден кимде-ким бирер мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Эгер (колу менен) кайтара албаса, тили менен (кайтарсын). Эгер (тили менен да) кайтара албаса, дили менен (кайтарсын т.а. ыраазы эместиги – жаман көргөн нерсесине болгон мамиледей – ар бир аракетинен, көрүнүшүнөн билинип турсун). Бул болсо ыймандын эң алсызы». Бул хадисти Муслим Абу Саид аркылуу риваят кылган.

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ, لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ, وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ, أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْ عِنْدِهِ, ثُمَّ لَتَدْعُنَّهُ فَلاَ يَسْتَجِيبُ لَكُمْ»

«Жаным колунда болгон Затка ант болсун, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар, антпесеңер, Аллах үстүңөргө жаза жиберет. Кийин дуба кыла бересиңер, (бирок) аны кабыл албайт». Бул хадисти Ахмад Хузайфа аркылуу риваят кылган. Шариятка тескери иштерди жоготуу жолунда, ал тургай өлүм да тоскоолдук кылбашы керек. Негизи бул улуу жеңиш, Пайгамбарыбыз с.а.в.:

«سَيِّدُ الشُّهَدَاءِ حَمْزَةُ بْنُ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ وَرَجُلٌ قَامَ إِلَى إِمَامٍ جَائِرٍ فَأْمَرَهُ وَنَهَاهُ فَقَتَلَهُ»

«Шейиттердин саййиди Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим акимге каршы туруп, аны (маъруфка) буюруп, (мункардан) кайтарган, натыйжада ошол залим аким өлтүрүп жиберген адам». Хаким риваяты. Аллах Тааланын кушкабарына шашылгыла!

التَّائِبُونَ الْعَابِدُونَ الْحَامِدُونَ السَّائِحُونَ الرَّاكِعُونَ السَّاجِدُونَ الآمِرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَالنَّاهُونَ عَنِ الْمُنكَرِ وَالْحَافِظُونَ لِحُدُودِ اللَّهِ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ

– „(Алар) – тообо кылуучулар (Аллахтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, шүгүр кылуучулар, орозо тутуучулар, руку-сажда кылуучулар, жакшылыкка буюруучулар, жамандыктан токтотуучулар жана Аллах белгилеп койгон мыйзам-чектерин дайым коргоочулар. (Эй Мухаммад), бул момундарга бейиштин кушкабарын жеткиргин“.                                   [9:112]

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here