Тажикстандык даъватчы боордошубуз каза болгону тууралуу кабар

236
0

 Тажикстандык даъватчы боордошубуз каза болгону тууралуу кабар

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

«Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»                                                                                 [33:23]

Биз, даъват жүгүн мойнуна алып, көптөгөн жылдар бул жолдо тынымсыз аракет кылган боордошубуз Алиев Шарифуллах каза болгонун терең кайгыруу менен кабарлайбыз.

Боордошубуз Алиев Шарифуллах 1978-жылы Тажикстандын Согди облусуна караштуу Хужанд шаарында төрөлгөн.Ал Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышып, 1998-жылдан баштап хизбдин сабында пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо жолунда активдүү аракет кылып келди. Боордошубуздун Хизб сабындагы пикирий жана саясий күрөшү Эмомали Рахмон башчылыгындагы тогут тажик режиминин назарынан четте калбады. Залим режим Шарифуллахтын ишмердүүлүгүнө чек коюу максатында аны 2000-жылы жалган жалаа менен камакка алды. Боордошубуз залимдин камагында адам чыдагыс шартта, залимдин зулуму астында жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин да даъват аракетин токтотподу. Бул жолдо жаманатты кылуучунун жаманаттысына, залимдин зулумуна кыпындай да көңүл бурбады. Ошол себептен залим режим аны дагы эки жолу камакка алды. Боордошубуз өмүрүнүн 13,5 жылын залимдин түрмөсүндө өткөрдү. А бирок, бул зулумдар боордошубуздун эркин сындыра албады. Тескерисинче, ал 2020-жылдын башында кезектеги мөөнөтүн өтөп эркиндикке чыккандан кийин да мурункудай эле кайраттуулук менен даъват ишин улантты.

 Өкүнүчтүүсү, залимдин түрмөлөрүндө колдонулган адам чыдагыс кыйноолор жана ал жердеги шарттар боордошубуздун ден соолугуна таасирин тийгизди. Шарифуллах боордошубуз 2021-жылдын 1-январында бул дүйнө менен коштошту.

 Аллах Тааладан боордошубуз Алиев Шарифуллахты Өзүнүн рахматына алышын, бейиште пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге кылышын сурайбыз.

 Боордошубуздун артында калган үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аллах  Таала сиздерге көркөм сабыр берсин.

 Шарифуллах боордошубуздун каза болушу бизди терең кайгыга салган болсо да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздү гана айтабыз:

إنا لله وإنا إليه راجعون

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз»                                                                                                                                     [2:156]

 

 Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here