Кыргызстандыктардын айлык акысын Россия “төлөп берет”

342
0

Кыргызстандыктардын айлык акысын Россия “төлөп берет”

Россия Кыргызстанга “кайтарымсыз” негизде 20 миллион доллар бере турган болду. Россиянын Бишкектеги элчилиги билдиргендей, бул акча бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого жумшалат.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына таянсак, Россия бере турган каражат 30 декабрга чейин келип түшөт. Кыргызстан 2021-жылдын 15-мартына чейин Россияга бул каражаттар кайда жумшалганы тууралуу отчёт бериши керек.

 Комментарий: 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор айтылды. Анда фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. А бирок кийинчерээк, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков өкмөт бардык төлөмдөр өз убагында аткарылышын билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда ишке ашкан кезектеги төңкөрүштөн кийин расмий Кремль “Кыргызстанда өкмөт деген нерсе жоктугун жана саясий кризис өкүм сүрүп жатканын” айтып, каржылык жардамды белгисиз мөөнөткө чейин токтотуп койгон эле. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ал жардамды кайрадан калыбына келтирүү үчүн кеңешчилерин Москвага кайра-кайра жөнөтүп жатты. А бирок, расмий Москва бул “элчилерге” салкын мамиледе болуп, бул “расмийлерди”  эч ким тосуп да чыкпады. Арадан бир аз убакыт өткөн соң Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранды. Ошол сүйлөшүүдөн кийин Россия Кыргызстанга каржылык жардамды калыбына келтирүүгө ыраазы болду. Каржылык жардамды калыбына келтирүүгө вице-премьер-министр Артём Новиков “себепкер” болгондуктан , ага премьер-министрдин милдетин аткаруу тапшырылды.

 Өкүнүчтүүсү, кыргыз өкмөтү бюджеттеги таңкыстык себептүү, ал тургай карылардын пенсиясын жана социалдык төлөмдөрдү төлөй албай башка мамлекеттердин садагасынан үмүттөнүп отурганына карабастан, куфр майрамы “жаңы жылды” белгилөөгө бюджеттен миллиондогон сом жумшап жатат. Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүгө да миллиондогон каражат кетет. Россиянын жардамы “кайтарымсыз” деп аталып жатканы менен мунун артында кандайдыр талаптар болору анык. Мисалы, Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкеси Россияга өктөрүп берилгени сыяктуу, Россиянын компаниялары геологиялык чалгындоо жүргүзүп, бирок элдин нааразылыгы себептүү убактылуу токтотулган Кызыл-Омполдогу уран казуу иштерин калыбына келтирүүнү талап кылган болушу мүмкүн. Андай болбогон күндө да, кыргыз бийлигинин – “жеген ооз уялат” дегендей  – келечекте Россиянын бардык талаптарына ыраазы болуудан башка чарасы калбайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here