Даъват жүгүн үзөңгүлөш болгон боордошубуз каза болгону тууралуу кабар

365
0
Даъват жүгүн көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуз каза болгону тууралуу кабар
Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты даъват жүгүн көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуз Шадиев Дилшадбек каза болгонун терең кайгыруу менен кабарлайт.
3 перзенттин атасы болгон боордошубуз Шадиев Дилшадбек 1972-жылы ал кезде Ош облусуна караштуу болгон Базар -Коргон районундагы Арстанбап айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү боордошубуз бир топ жыл мектепте математика жана физика мугалими болуп эмгектенген. 2001-жылдан бери Хизб сабында – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо жолунда – аракет кылып келди. Боордошубуз даъват жүгүн көтөрүүдө жаманатты кылуучунун жаманаттысына, залимдин зулумуна кыпындай да көңүл бурбады. А бирок, ар бир иш үчүн ажал (мөөнөт) белгилеген Аллахтын казасы менен, бүгүнкү күндө адамзат үчүн балээ болгон коронавирус илдети катарыбыздан дагы бир активдүү боордошубузду т.а. Ислам үммөтү үчүн күйүп-жанып жашаган боордошубузду алып кетти.
Боордошубуздун үй-бүлөсүнө жана жакындарына таъзия билдирип, аларга Аллахтан сабыр тилейбиз.
Ар бир ишке кудуреттүү болгон Аллах Тааладан боордошубузга Өзүнүн кеңдиги жер-асмандардай болгон бейишинен орун беришин о.э. пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер жана солихтер менен бирге кылышын сурап калабыз. Аларга шерик болуу кандай гана жакшы. Биз Аллах Субханаху ыраазы боло турган сөздү гана айтабыз:
إنا لله وإنا إليه راجعون
“Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”
Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here