Эми Франция өкмөтү мусулман балдарды террористке чыгарууга өттү

287
0

Басма сөз баянаты

Эми Франция өкмөтү мусулман балдарды террористке чыгарууга өттү,муну менен алар мусулмандардын «исламий мүнөзүн жок кылууга» ийгиликсиз урунууда

Маалымат каражаттары 2020-жылы 7-ноябрда тараткан кабарда «Франциянын Альбервиль шаарынын полициясы он жаштагы төрт мусулман балдардын үйүнө бастырып киргени» айтылды. Буга балдар мектепте өз ара сүйлөшүп жатып: «Биз француз мугалими Самюэль Патинин өлтүрүлүшүн каралайбыз, бирок, Набийибиз Мухаммад ﷺды карикатура кылууга таптакыр ыраазы болбойбуз», – деп пикир билдиришкени себеп болгон. Балдардын биринин атасы ондой полиция эрте менен саат алтыда куралдары менен үйгө бастырып кирип, балдарды ойготушканын, кийин үйдө тинтүү өткөрүп, кызынын китептерин да тыткылап, ал тургай, дубалдарда илинген исламий жазууларды да жөн коюшпаганын айтты. Андан соң полиция балдарды участкага алып барып, «терроризмди колдоо» деген айып менен аларды ата-энелерисиз он бир саат тергөө кылышкан. Полиция балдардын ата-энелерин да тергөө кылып, аларга кемсинтүүчү суроолорду беришкен. Ата-энелердин бири айтышынча, полиция аларга террористтердей мамиледе кылып, ар биринин бармак издерин алып, сүрөткө тартуу үчүн аялынын хижабын чечүүгө мажбурлаган.

Франциянын жырткыч тарыхы о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы репрессиячыл саясаты баянга муктаж эмес. Франция мусулман калкынын жүрөгүнөн Исламды сууруп алуу жана аларды илманийликке (светтик идеяга) жуурулуштуруу миссиясын ишке ашырууга киришти. Франция өкмөтү ушундай жол менен өлкөдөгү мусулмандардын перзенттерин коркутуп, мусулман калкты француз илманий республиканын кулдарына айлантмакчы болууда. Француз өкмөтү учурда мусулмандардын үйлөрүнө жана ишканаларына бастырып кирип, мечиттерди жана исламий медреселерди жаап, исламий кайрымдуулук коомдоруна басым кылып жана мусулман коомдук уюмдарды жабууга аракет кылып маашыркап жатат. Ошондуктан, Франция мусулман балдарды жана жаштарды кемчилдиги көрүнүп калган либерализмге үйрөтүү үчүн илманийлик (светтик) чабуулду мусулмандарга багыттады. Ушул себептен улам, Франция президенти Макрон Ислам жана мусулмандарга каршы кезектеги чабуулду таалимге каратты. Макрон «Исламий сепаратизм» деген жаңы мыйзам долбооруна үй таалимин киргизүүгө убада берди. Түпкүлүгүндө, муну «Исламды сууруп алуу» мыйзамы десе болот. Макрон: «Динди таалимден жана мамлекеттик сектордон чыгарууга багытталган жаңы кампаниябыздан таптакыр баш тартпайбыз», – деди.

Түпкүлүгүндө, бул окуялар Франциядагы саясий чөйрө түшкүндүккө түшүп калганын ачык-айкын көрсөтүп турат. Алардын узак жылдарга созулган репрессия жана ассимиляция саясаты ийгиликсиз болуп чыкты. Мисалы алар хижабга жана никабга тыюу салып көрүштү, сакал коюу, аял-эркекти бөлүү, адал азык-түлүктү колдонуу сыяктуу исламий акыйдавий милдеттерди сындап жаманатты кылышса да, бирок, алардын эч бирин жогото албады. Француз режими бул аракеттер аркылуу мусулмандарды Исламдан алыстатууну жана Батыштын илманий пикирлерин мажбурлап кабыл алдырууну көздөдү, бирок, үлкөн ийгиликсиздикке учурады. Аллахка мактоолор болсун, Франциядагы мусулмандар илманийликке жуурулушуу демилгелерин четке кагып гана калышпастан, өз акыйдасына садык калып жана исламий вазыйпаларга катуу амал кылууда бир күчкө айланышты. Ошондуктан, француз өкмөтү зомбулук жолуна өтүп, жаш мусулман муунду илманийлик менен «азыктандырмакчы» болууда. Учурга келип алар мусулман муунду өздөрүнүн айыбы ачылып калган итикадына жүйөлөр аркылуу ишендирүүдө ийгиликсиздикке учурашты. Алар өздөрүнүн бузуку жана жалган жүйөлөрүн мусулман наристелер арасында жаюудан да уялышпайт. Алардын ниети – мусулман наристелериндеги исламий мүнөздү жок кылуу. Мисалы, жакында «Financial Times» гезитине жөнөтүлгөн бир каттан маалым болгондой, мусулмандар үч жашка толбогон кыздарды никаб кийүүгө мажбурлап, Франция коомунан бөлүп жатышканы туурасында далилсиз жалгандар айтылып, Францияда исламофобияны дагы да күч алдыруу көздөлүүдө.

Түпкүлүгүндө, илманий баалуулуктарды коргоо үчүн аткарылып жаткан бул катаал чаралар глобалдык деңгээлде кризиске жүз туткан илманийликтин кемчилигин, каталыгын жана кооп-коркунучтарын ачыкка чыгарууда. Франциядагы бүгүнкү оор абал бул өлкөдө жашап жаткан мусулман жамааттын өкүлдөрүнө түрткү болушу о.э. Ислам алардын перзенттеринин дини бойдон калышы үчүн күрөшкө үндөшү керек. Себеби, Исламдын Франция жана Батыштагы келечегин ушул мусулман муундун туруктуулугу белгилейт.

﴿الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُواْ لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَاناً وَقَالُواْ حَسْبُنَا اللّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ﴾

«Андайларга айрым кимселер: «Адамдар силерге каршы (санаксыз аскер) топтогон, корккула», дешкенде, тескерисинче бул сөз алардын ыйманын бекемдеди жана: «Бизге жалгыз Аллахтын Өзү жетиштүү, Ал эң жакшы ишеничтүү өкүл», дешти»                       [3:173]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар канаты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here