Эрдоган Түркия келечегин Евробиримдик менен куруу каалоосун билдирди

397
0

Эрдоган Түркия келечегин Евробиримдик менен куруу каалоосун билдирди

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын келечеги Европанын курамында деп сезишин жана келечекти Европа менен биргеликте курууну элестетип жатканын баса белгиледи. О.э. бардык аймактык жана глобалдык маселелерде АКШ менен биргеликте аракет кылышын айтып, Вашингтонго да да ишенимдүү экендигин көрсөттү.

“Биз өзүбүздү башка жерлерде эмес,  Европада көрөбүз жана келечегибизди Европа менен биргеликте курууну элестетебиз. Биз досторубуз жана союздаштарыбыз менен дагы да тереңирээк кызматташууну каалайбыз”. “Биз Америка менен алыс жана жакын союздаштык мамилебизден бардык аймактык жана глобалдык проблемаларды чечүүдө активдүү пайдаланууну каалайбыз”, – деди президент Эрдоган онлайн конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Түркиянын Евробиримдикке кабыл алынышы жөнүндө Эрдогандын билдирүүсүнө параллел билдирүү берип, “Биз Евробиримдик өз каталарын түшүнүп жетишин о.э. Түркиянын биримдикке мүчө болушуна алып бара турган кыйматты түшүнүп жетишин күтүп жатабыз”,  – деди.

Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калын болсо, Евробиримдик расмийлери менен жолугушуусунда Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүн стратегиялык артыкчылыктуу багыт катары көрүшүн билдирди. Калындын айтымында, Евробиримдиктин жетекчилери бардык идеологиялык жана саясий жалааларын четке сүрүп, Түркия-Евробиримдик мамилесине стратегиялык акыл менен карашы керек.

Комментарий: Европалык саясатчылар Түркияны Евробиримдикке кошууну каалабастыгын бир нече жолу билдиргенине карабастан, Түркия дээрлик 60 жылдан бери Евробиримдикке мүчө болуу максатында Европа астанасын сагалап келет. Ал үчүн Европанын бир нече – Исламдан алыстатып, европача жашоого алып бара турган – талаптарын экиленбей кабыл алды. Зынаны мыйзамдаштыруу, адепсиздикке үгүттөө жана гомосексуалдарга эркиндиктерди берүү сыяктуу. Мисалы, Эрдоган башчылыгындагы Түркия өкмөтү Евробиримдиктин талабына ылайык, 2005-жыл, 1-июндан баштап күчүнө кирген Кылмыш кодексинин 223-беренеси боюнча зына жана сойкулукка мыйзамдуу түс берди! Муну президент Эрдогандын өзү да ачык моюнга алды.

“Европа каалады деп зынага тыюуну алып салдык, демек,  биз ката кылдык”. “Биз биримдикке толук кандуу мүчө болушубуз үчүн алар каалаган бардык нерсени кылдык, а бирок, Евробиримдиктин башынан эле бизди толук кандуу мүчөгө айландыруу нитети жок экен”. Бул билдирүү Эрдоганга тиешелүү.

Аллахты коюп кафирлерди дос тутуу жана алардын алдынан азиздик издөө чыныгы кордук. Биз алардын динине кирмейинче алар эч качан ыраазы болушпайт. Бул тууралуу Аллах Таала Куръанда кабарлаган:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

“Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт”. [2:120]

Түркиянын Евробиримдик алдында баш ийип, тилемчилик кылуудан кутулуу убагы алда качан эле келген. Бул үчүн ал өздүгүн таанышы керек. Тарыхка бир назар салыңыз. Түркияда Исламий башкаруу болгон кезде Европа мамлекеттери анын алдында баш ийип турчу. Эгер ал бүгүн да кайрадан Исламды бекем карманып, Ислам өкүмдөрүн жашоого колдонсо, мурунку азиздигине кайтышы анык. Бүгүнкү күндө Түркия – аскерий жактан да, географиялык жактан да, инсаний жактан да – Халифалык мамлекетин тикелөөгө кудуреттүү мамлекет. Болгону, Аллахга тобокел кыла турган, Аллахтын нусратына чын жүрөктөн ыйман келтирген кайраттуу жетекчилик гана жетишпей жатат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here