Өкмөт: Сырттан келген акчалар пенсия, айлыктарга берилип жатат

304
0

Өкмөт: Сырттан келген акчалар пенсия, айлыктарга берилип жатат

Өкмөт бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп жатат. Бул тууралуу 25-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланып жатканда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келген. Сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча. Анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткен.

“Быйыл май айында салык боюнча киреше көрсөткүчү 31 миллиард сомго кыскартылган. Тыштан келген акчадан айлык акыга сегиз миллиард, пенсияга 5,4, жөлөкпулга 2, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына трансфертке 3,9, экономиканы колдоого 2,6 жана коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөн”, – деди Новиков.

Эске салсак, 2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түздү. Андан 646 млн. доллар ички карыз, 4, 180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе.

А бирок, Кыргызстан ушунча карыз алса да өлкөнүн абалы тетирисинче жыл сайын артка кетүүдө. Себеби, тышкы каржылык уюмдар берген карыздардын мамлекетти дагы да жакырлыкка түртө турган милдеттемелер менен берилет. Натыйжада, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур болуп калат. Жогорудан да маалым болгондой өкмөт топтолгон карыздардын дээрлик баарын бир жолу иштетиле турган тармактарга жумшаган.

Колонизаторлор мындай талаптар менен эле токтоп калбай, жакыр өлкөлөрдүн ресурстарын тартып алууга, инвестор чүмбөтүн жамынган капиталисттерге ыңгайлуу шарт түзүүгө да басым жасашат. Мисалы, буга чейин Кытай карызды жылдыруу үчүн Кыргызстанга бир катар шарттарды койгон. Маалымат каражаттары бул шарттардын арасында кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо, Нарындагы темир кени жайгашкан Жетим тоону берүү сыяктуу талаптар бар экенин жазды. 24-ноябрда Кытайдын Кыргызстандыгы элчиси Ду Дэвень «Кытай өкмөтү өз ишкерлеринин жана ишканаларынын Кыргызстан аймагындагы кызыкчылыктарынын жана укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бура турганын дагы бир жолу кайталады. Кытайдын бул багыттагы куу саясатын бир нече өлкөнүн мисалында көрүүгө болот. Алардын бири коңшу Тажикстан карыздарынын акысына Согди облусундагы Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг баш болгон 7 алтын кендерин иштетүү укугун Кытайлык компанияга карматкан. Буга кошумча Кыргызстан эл аралык маселелерде Кытайдын позициясын кубаттоого мажбур болот. Мисалы, өз кезегинде Кыргызстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга карата зулумдук саясатын колдоп чыгууга аргасыз болгон.

Демек, карыз берген мамлекеттер өлкөдөгү бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, өздөрүнүн кылмыштуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн бийликке басым өткөрөөрү анык. Андыктан, биз мусулмандар айрым аткаминерлердин куру ураандарына алданбай, жакырчылыктын түпкү себеби болгон колонизаторлук саясатка каршы туралы. Ошондой эле алардын кызыкчылыгы үчүн калкына зулумдук кылып жаткан бийлик ээлерин жамандыктан кайтаралы! Качан гана өз Исламбызды үйрөнүп, анын негизги муктаждыктарды кепилдикке алган экономикалык түзүмүн жашоого алып келмейинче бул абалдан кутула албайбыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here