Кыргызстандын саясий чөйрөсү парламент демилгелеген конституция долбооруна каршы чыкты

237
0

Кыргызстандын саясий чөйрөсү парламент демилгелеген конституция долбооруна каршы чыкты

Кыргыз саясий чөйрөсү – Садыр Жапаров командасы сунуштап жаткан конституцияга өзгөртүү киргизүү долбооруна каршы чыкты. Эске сала кетсек, конституциянын жаңы долбоору ушул күндөрдө коомдук талкууга чыгарылган.

Эски саясий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү мамлекетти кайрадан президенттик башкаруу системасына кайтарууга олуттуу каршылык көрсөтө башташты. Белгилүү саясатчылар о.э. тажрыйбалуу юристтер парламентте бул мыйзамды кабыл алууда бир топ ката кетирилгенин жана шашылыш аракеттер болгонун билдиришүүдө.

 “Азатык” телерадио берүүлөрү бул пикирий багытты күчөтүп, көп өтпөстөн эл аралык демократиялык институттар жана эксперттер бул саясий жараяндар конституциялык мыйзамдуулукка тескери келерин билдире башташты.

Кызык жери, ушул маселеде эски саясий чөйрө жаңы калыптанып жаткан батышчыл саясий чөйрө менен бириге баштады. Бул болсо, батышчыл саясий күчтөр Кыргызстанда коомго кирип, саясий чөйрө калыптандыра алганын билдирет.

Кыргызстандын саясий чөйрөсү да – Россия жана башка Орто Азия мамлекеттериндеги саясий чөйрөлөр сыяктуу эле – коммунисттик Россия сакафаты алдында калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин жаңыланган эмес. Бирок, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердеги саясий чөйрө жашоого – жетекчи мамлекеттердин таасири, колдоосу жана коргоосу астынан туруп баа берүүгө адаттанышкан. Алар өздөрүн жана мамлекетин коргоп бере турган күчтүү мамлекет издөөгө, анын хазараты менен ылайыкташууга адаттанышкан. Бул саясий чөйрөлөрдө мабда же белгилүү бир хазарат болбогондуктан, аларда таасир кубаты күчөп бара жаткан ар кандай мабдаъ же хазарат менен биригип кетүү табияты бар.

Кыргызстан эл аралык саясат алдында мамлекетти демократиялык жолго салууга убада берип, натыйжада Батыш сакафатына кеңири жол ачылган. Демек, Батыш дүйнөкарашынын мамлекеттик саясатка, саясий чөйрөгө таасир өткөрүшү табигый көрүнүш.

Россия мамлекетте президенттик диктатура орнотууга канчалык аракет кылбасын, эми кечигип калды. Батыш хазараты парламентаризм сыяктуу демократиянын принциптери менен мамлекетти башаламандык, дайынсыздык тарапка тартып бара берет. Себеби, сакафий колониянын таасири өтө маанилүү жана күчтүү болот. Буга биз Грузия, Украина, Белорусия… сыяктуу мамлекеттерде күбө болуп жатабыз.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда саясий күрөш эми башталды. Садыр Жапаров өтө алсыз жана келечеги бүдөмүк жол менен бара жатат. Ал да Атамбаев, Жээнбеков сыяктуу өзүнө караштуу жетекчи топ пайда кылуу аракетинде коомдогу саясий күчтөр жана саясий чөйрөлөр менен эсептешпей жатат. Россиянын колдоосуна ээ болуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн ишке салып, мамлекеттеги ички кубаттардан алыстап барууда.

 Россиянын болсо мурункудай таасир кубаты жок. Кыргызстандагы анын таасири астындагы саясий чөйрө алсырап, Батыш хазаратына ыктап бара жатат. Кыргызстандын Россияга экономикалык байланышы өтө алсырап, дээрлик эмгек мигранттарына гана чектелип калды. Демек, Россия бизди ички жаңжалдардан куткарып же токтотуп кала албайт. Балким ал азери-армаян согушундагы сыяктуу, кырдаалдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калуу үчүн гана аракет кылат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here