Фалестин Азаттык Уюму араб мамлекеттериндеги расмий режимдердин табигый продукциясы

247
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин Азаттык Уюму араб мамлекеттериндеги расмий режимдердин табигый продукциясы

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Фалестин Азаттык Уюму жана андан келип чыккан режим Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейндин яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине кол коюшканына нааразы деген кабар ушул күндөрдө бардык массалык маалымат каражаттарында таралууда. Азаттык Уюму менен режими жарчылары айтышынча, бул келишимди Фалестин режими каралаган имиш. Кудум бул режим мындай мункар кылмыштардан тазадай. Акыйкатта болсо, 1993-жылы яхудий вужудун расмий түрдө моюнга алган жана алакаларды нормалдаштырган тарап ушул уюм болот.

Азаттык Уюму пайда болгондон тартып ушул күнгө чейинки иштерине терең назар салсак, төмөндөгүлөргө күбө болобуз: бул уюм Амирликтерден жана Бахрейнден айырмаланбайт, ал тургай, башка ар кандай араб мамлекеттеринен айырмаланбастан, яхудий вужуду менен келишим түзүп, мамилелерди нормалдаштырып келген. Фалестин режимин колонизатор мамлекеттер өткөн кылымдын кыркынчы жылдары пайда кылган болсо, бул режимден Азаттык Уюму туулду. Мисалы, Араб Мамлекеттери Лигасын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин «Иншас саммитинеде» Британия тышкы иштер министри түзгөн. Ошондон баштап бул Лига алсыз көз каранды уюмдарды азыктандырып келет. Ушул Лига алардан башка уюмдар бөлүнүп чыгышын камсыздап, биригүүлөрүнө жол бербеди. Ушул Лига Азаттык Уюмун пайда кылып, аны Фалестин маселесин жок кылууда негизги курал кылды.

Америка Фалестинди экиге бөлүү туурасында 1947-жылы Коопсуздук Кеңеши чыгарган резолюцияны кабыл алды. Муну менен ал фалестиндиктерди туюнткан жана «жер ээлери» деген наам менен яхудий вужудун моюнга ала турган Фалестин мамлекетчесин тикелөө идеясын кабыл алды.

1957-жылы Америка Ливандагы Штаура саммитинде Батыш Жээк менен Газа секторун Мисир жана Иорданиядан бөлүү идеясын кабыл алды. 1962-жылы АКШ президенти Жон Кеннеди Мисир президенти Жамал Абдуннасир менен жолугушуп, андан Араб Мамлекеттери Лигасы аркылуу фалестиндиктер үчүн өкүлдүк кыла турган жана эл аралык коомчулук алдында мыйзамдуу өкүл боло турган атайын саясий орган түзүү үстүндө иштөөнү талап кылды. Бул сөздөрдү Иордания парламентинин мурдагы спикери Абдуллатиф Арабият айткан.

1964-жылы Куддустагы Жабали Зайтунда биринчи ирет Фалестин конференциясы болду жана анын аягында өтө кооптуу саясат тыянак кылынды: Фалестин маселесинен исламий көлөм үзүп алынды жана бул маселе арабдарга таандык, мусулмандарга байланышы жок, арабдардан башкасына тиешеси болбогон маселеге айланып калды.

Ушул уюм 1965-жылы Фалестин Азаттык Комитети аты менен түзүлдү жана Араб Мамлекеттери Лигасы аны куттуктады жана аны куттукташы менен уюм лиганын табигый продукциясы болуп калды. 1974-жылы Раббат саммитинде жаңы доор башталып, уюмдан араб мамлекеттеринин көлөмү үзүлдү жана ал фалестиндик калктын жалгыз мыйзамдуу өкүлүнө айланды. Муну менен Фалестин маселеси өзүнүн исламий да, арабий да көлөмүнөн таптакыр ажыратылды. Арабий жана исламий салмагысыз калган Фалестин яхудийлер үчүн даяр олжого айланды. Арабдар да, мусулмандар да Фалестиндин бир бөлүгү эмес, ага жат болуп калышты. Мунун акыбети катары, яхудий мамлекетине каршы күрөшүүдө бардык оордукту мойнуна алган тарап бечара фалестиндиктер болду. Ири мамлекеттерден колдоо алуучу тарап яхудийлер болушу жана Фалестин маселеси жок кылынышы көздөлдү.

Ошентип, расмий араб мамлекеттери системасы ушул эң улуу тагдырий исламий маселени Фалестин калкына таандык кичине бир маселеге айлантууга жетишишти. Ал саясий болууга караганда көбүрөөк гуманитардык маселеге тиешелүү болуп калды, мисалы, «фалестинликдиктердин кайтышы», «компенсация алуу», баскынчылардын кылычтары астында турган жана эч кандай суверендиги болбогон «мамлекетче куруу» сыяктуу маселелер.

Мындан Фалестин Азаттык Уюму Араб Мамлекеттери Лигасынын т.а. жыйырма эки ийгиликсиз жана кудуретсиз араб мамлекеттеринен түзүлгөн системанын бир бөлүгү деп тыянак кылуу мүмкүн. Бул Лигага мүчө болгон күчсүз араб мамлекеттери Фалестинди өз абалына таштап, сахналаштырылган согуштарда аны яхудийлерге тапшырды. О.э. тынчтык келишимдерине кол коюу о.э. яхудий вужуду менен саткынчыл мамилелерди нормалдаштыруу аркылуу бул вужудга каршы туруу жоопкерчилигин жалгыз фалестиндиктердин мойнуна жүктөп койду.

Бул Фалестин жетекчилиги фалестиндиктер атынан ондогон жылдарга пайдасыз сүйлөшүүлөргө кол коюу аркылуу Фалестинди текке кетирип жатат, муну атайылап пландалган абалда кылып жатат. О.э. ал төмөндөгү бир катар кылмыштарын жасап жатат: коопсуздукту координациялоого кол коюу аркылуу яхудий вужудунун коопсуздугун коргоо, издөөдөгү фалестиндиктерди куугунтуктап, аларды яхудий вужудунун колуна тапшыруу, коопсуздук кызматы аркылуу калк аракеттерин бастырышы (акыйкатта болсо, элдин аракеттери исламий социалдык түзүмгө баш ийген Фалестин коомунда бузуку иштерди таратып жаткан «CEDAW» конвенциясын колдонгон режимдин бузук саясатына каршы көтөрүлүүдө), сот системасына зомбулук кылып, адилет комитетин теңсинбөө, мамлекет акчаларын уурдап, адамдар үстүнөн зулум кылып жаткан расмий элита пайдасына ири каражат талап кылган долбоорлорду манипуляциялоо… бул жана башка бир катар кылмыштарды Фалестин жетекчиси расмий араб мамлекеттери системасынын бир продукциясы катары аткарууда. Себеби, бул жетекчилик өзүнүн түзүлүшүндө да, саясий структурасында да башка коррупционер малай араб мамлекеттердин түзүлүш жана структурасынан кымындай айырмаланбайт.

Ошондуктан, Фалестин Азаттык Уюму расмий араб мамлекеттери системасынан туулган табигый бузгунчу продукция. Негизи, расмий араб мамлекеттери системасы саясий, маданий, аскерий, экономикалык тармактарда колонизатор кафир Батышка көз каранды. Демек, ушул жактан, уюм да Амирликтерден жана Бахрейнден же башка ар кандай коррупциячыл режимеден таптакыр айырмаланбайт.

Ушул орунда бир нерсени түшүнүү зарыл: Фалестин Азаттык Уюмун оңдоого болгон ар кандай аракет анык ийгиликсиздикке алып барат. Себеби, бул уюм Уммат душмандары жасаган араб мамлекеттери системасынан келип чыккан.

Ушул себептен улам, Фалестиндин Хамас кыймылы менен Исламий Жихад кыймылы «оңдоо жана кайра куруу» деп бул уюмга мүчө болууга аракет кылбашы керек. Себеби, бузгунчу жана көз каранды араб мамлекеттери системасынан келип чыккандыктан бул уюмду оңдоо өтө кыйын. Ага карата зарыл позиция – аны ойрон кылып, анын бузукулуктарынан жана күнөөлөрүнөн кутулуу.

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here