ТИМ: Кыргызстан эл аралык келишимдерди так аткарат

243
0

ТИМ: Кыргызстан эл аралык келишимдерди так аткарат

Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну толук калыбына келтирүү жана улантуу үчүн жигердүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды улантып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан буга чейин тараптар менен макулдашып, кол коюлган бардык келишимдерди так аткарат. Анын ичинде инвесторлордун укугун коргоо, өлкө ичиндеги чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу сакталат. Ошондой эле мекеме өлкө ичинде стабилдүүлүктү, демократия, парламентаризм жана адам укугун сактоо аракеттери көрүлүп жатканын кабарлады.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргызстан буга чейинки кабыл алынган чечимдерди, макулдашылган эки тараптуу келишимдердин аткарылышын толугу менен сактай турганын айтты.

Буга чейин Евробиримдик Кыргызстанга бөлө турган каражаттарын кийинки жылга чейин токтоткон. Европанын мындай мамилеси, жаңы бийликтин Орусия кызыкчылыгына ылайык президенттик башкарууга аракет кылуусуна байланыштуу болгон эле. Анткени, мындай кадам 2010-жылдагы Батыштын парламентаризм долбооруна каршы келет жана табигый түрдө өлкөдө алардын таасиринин солгундашына алып келет.

Көп өтпөй Кытай чек араларды ачуу үчүн өз талаптарын билдирди. Алардын негизгиси Кытайдын Кыргызстандагы компания жана ишкерлеринин коопсуздугун камсыздоого каратылды. Демек, Тышкы иштер министрлигинин таркаткан билдирүүсү мына ушул Батыш жана Кытайды ыраазы кылууга каратылган. Ал эми Жапаровдун КМШ кеңешиндеги сөзү Орусияны ыраазы кылууга багытталды. Анткени, орус өкмөтү дагы төңкөрүштөн кийин бийликти өз таасиринде кармап туруу максатында Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллардык жардамын белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү эл аралык уюмдар дал ушул Батыш баштаган, Орусия менен Кытай кошулган капиталисттик түзүмдүн жайылышын, мусулман өлкөлөрүнүн алардын астында эзилип жашашын шарттоо үчүн түзүлгөн. Маселен, Кыргызстан сыяктуу алсыз өлкөлөргө оор өнөр-жайга ээ болуп, мамлекет өзүнүн жеңил өнөр-жайы үчүн өзүндө техника, станоктор жана жарак-жабдыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилбеген. Эл аралык саясат бул мамлекеттерде ушундай экономикалык механизм калыптанышына тиш-тырмагы менен каршылык кылат. Алардын ичинен Бириккен улуттар уюмунун негизги милдеттеринин бири, дүйнөдө жетекчи мамлекеттер менен агрардык мамлекеттер ортосундагы ушундай абалды сактап туруу болуп эсептелет.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдарды же алардын кожоюндарын ыраазы кылууга аракет кылуу менен эч качан өнүгө албайбыз. Тескерисинче, жакырчылыктын түпкү себеби болгон колонизаторлук саясатка каршы туруу бүгүнкү күндүн негизги талабы. Качан гана өз Исламбызды үйрөнүп, анын негизги муктаждыктарды кепилдикке алган экономикалык түзүмүн, дүйнөгө адилеттик орното турган башкаруу түзүмүн жашоого алып келмейинче бул абалдан кутула албайбыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here