“Мен Пайгамбарыбызды жакшы көрөм”, “Жаным, ата-энем сизге курман болсун я Расулуллах” ураандарынын тафсири

342
0

Мен Пайгамбарыбызды жакшы көрөм”, “Жаным, ата-энем сизге курман болсун я Расулуллах” ураандарынын тафсири

Кафирлер акыркы он жылдыкта Пайгамбарыбыз мустафа саллоллоху алайхи вассалламды ар түрдүү ыплас ыкмалар менен шылдыңдап, уятсыз сүрөттөрдү тартып, ал тургай фильмдерди чыгаруу менен акаараттоону адат кылып алышты! Ар дайым бул кылмышка каршы үммөттүн кайраттуу бир бөлүгү катуу козголсо, мусулман болгон дагы бир бөлүгү кайраттууларын токтотуп, аларды учурдагы куфр мыйзамдарын сактоого чакырып же мажбурлап келди! Негизи кайраттуулар да, аларды тосуп жаткандар да “Пайгамбарыбызды жакшы көрөм” дейт.

Мухаммад саллоллоху алайхи вассалламды жанынан, ата-эне жана үй-бүлөсүнөн да көбүрөөк жакшы көрүү менен момундун ыйманы толук болот. Бирок, бул нерсе иш жүзүндө кандай болот?

Ата-энемди жакшы көрөм деген адамдын сөзү иш жүзүндө аларга материалдык жана моралдык жакшылык кылуу менен тастыкталат. Үй-бүлөмдү, презенттеримди жакшы көрөм дегенде да, алардын алдындагы милдеттерин өтөө назарда тутулат. Антпесе, бул сөздөр эч кандай баасы жок куру кыйкырыктар болуп, аны айтып жаткан адамдар коомчулук алдында наалатка калышат.

Эй боордоштор, эгер Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи вассалламды жаныбыздан, жакындарыбыздан да көбүрөөк жакшы көрүү ибадаты куру сөз болуп калса, анда эки дүйнөдө наалатта каларыбыз анык.

Кафирлер бизди кордоп, акаараттап ыйык нерселерибизди тебелеп-тепсөөнү улантып жатышат. Биз аларга ар түрдүү жолдор менен, кээде башка куфр күчтөргө арыздануу менен, каршылык көрсөтүп келебиз. Бирок, жашоодо Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи вассалламдын жолуна, сүннөтүнө, ал киши басып өткөн тарыйкатка көңүл буруп амал кылууга кайдыгер болуп жатабыз. Натыйжада бизди куфр менен башкарып жаткан жетекчи мамлекеттер Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи вассалламды да, катардагы адамдар сыяктуу эле, шылдыңдаса болот деген нерсеге бекем туруп алышты. Бизди жана Пайгамбарыбыздын шаанисин коргоочу мамлекетибиз жок болгондуктан, чачыранды абалда дүйнөнүн ар бурчунан ызы-чуу салып, акцияларды өткөрүп, болор-болбос мүмкүнчүлүгүбүздөн пайдалануу менен болгону туйгуларыбызды гана убактылуу тынчтандырып келебиз! Зулум эскирип, эми гана эсибизден чыгып келе жатканда, алар бирер саясий максатты көздөп дагы кайрадан ыйык нерселерибизди акаараттоо менен кайрадан козгой башташат. Куфр дүйнөсү биздин жамаий аракеттерибизден тынчсызданбайт. Себеби, биз бардык ачуубузду Макрон сыяктуу адамдарга каратабыз. Биздин ушул иштери үчүн аларга каршы аттандыра турган кошуундарыбыз жок!

Демократияга негизделген капиталисттик башкаруу системасы – өзүнүн акыйда жана баалуулуктарынан келип чыгып – Пайгамбарыбызды акаараттаган жарандарын коргойт. Алар ар бир жарандын эркиндигин бүтүндөй мамлекеттин кубаты менен коргошот. Биздин мамлекет башчыларыбыз болсо куфр мыйзамдарын сактап, ашып кетсе дүйнөлүк куфр уюмдарына арыздануудан ары өтүшпөйт. Мамлекет башчылары карапайым адамдар сыяктуу тынчтык акцияларын уюштуруп жатышат. Бул айла-амалдары аркылуу алсыздыгын жашырып, жарандарын алдоо менен куфрга каршы өзүнүн мойнундагы шаръий милдетин аткара албастыгын жашырмакчы болушат.

Эй Ислам үммөтү, биз Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи вассаллам аманат калтырган азиздикти жоготуп, аманатка кыянат кылып койдук. Ислам менен өкүм кылбастыкта, сүннөттү таштоодо кадыржам болуп, куфр дүйнөсү менен келишип жашоого адаттанып калдык! Акыры келип, эмнени талап кылсак ошону алдык! Себеби, дүйнөдө эки гана тарап бар болуп, бири Ислам болсо, экинчи тараптын бардыгы куфр! Качан биз Исламдан баш тартсак, албетте куфрга жүздөнөбүз! Куфр болсо динибизден баш тартмайынча бизден ыраазы болбойт!

Ошондуктан, биз момун-мусулмандар – куфрга каршы исламий шаръий позицияларыбызды аң-сезимдүү түрдө сакташыбыз, исламий Акыйдадан балкып чыккан мабдаий исламий түзүмдү жашоого алып келүү үчүн бүгүнтөн баштап куфрду четке кагып, ар бир ишибизди исламий өкүмдөргө, сүннөткө байлап, куфр менен келишүүдөн, ага кошомат кылуудан тыйылышыбыз керек.

Акимдерибизди да шарьий өкүмдөргө амал кылууга чакырып, өз стратегияларын бизди алдоо негизине эмес, куфрга каршы шаръий, саясий жолго курууга чакыралы. Башкача айтканда, акимдерибизди мухасаба кылалы! Ассаламу алайкум.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here