Камчыбек Ташиев расмий сапар менен Москвага барды

236
0

Камчыбек Ташиев расмий сапар менен Москвага барды

 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев расмий сапар менен Россияга барганы кабарланды.

 Комитеттин билдиришинче, Ташиев Россиянын атайын кызматтарынын жетекчилери менен расмий жолугушууларды өткөргөн. Мындан тышкары, Россияда иштеп жүргөн мекендештер менен да жолугушкан.

 29-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушканын Москвадагы диаспора өкүлдөрү кабарлашкан. Жолугушууга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү – Россиядагы кыргыз диаспорасынын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

 Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес. УКМК да бул сапар тууралуу 30-октябрда, массалык маалымат каражаттары диаспора өкүлдөрү Ташиев менен жолугушканы жөнүндө кабарлагандан кийин гана расмий түрдө кабарлады.

Жолугушууда Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын Россиядагы элчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Эркин Айдит, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жана миграция кызматынын башчылары о.э. элчикананын кызматкерлери коштоп жүргөн.

 Комментарий: Кыргызстанда бийликке каршы нааразылык акциялары күчөгөн 7-октябрь күнү Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары Өмүрбек Суваналиев Россия Федералдык коопсуздук кеңешинин директору, генерал Александр Бортников менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал эми 13-октябрда Россия президентинин админстрация башчысынын орунбасары Дмитрий Козак Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке келип, Жээнбеков жана Жапаров менен жолугушту. Жолугушууда “жүз берген кырдаалдан тынчтык жолу менен чыгуу маселеси талкууланды”. 15-октябрда Cооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялады. Ошол күнү Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалып, 28-октябрда ант берди. 29-октябрда болсо расмий сапар менен Москвага барып, орусиянын атайын кызматынын жетекчилери менен жолугушканы белгилүү болду…

 Булардын бардыгы Кыргызстанда жүз берген жана боло турган  окуялардын бардыгы Россиянын каалоосу менен ишке ашарын, Россиянын саясий жетекчилерден баштап күч түзүмдөрүн да көзөмөлдөп турганын билдирет. Россия Кыргызстандан АКШнын таасирин чыгарып жиберүү үчүн көп күч жумшады, ошондуктан, АКШнын таасири кайрадан кирип келишине унчукпай карап тура албайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here