Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялады

227
0

Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялады

Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялады

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму менен Евробиримдик Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный турганын билдиришкен. Ошондой эле өлкөдөгү батышчыл күчтөр Жээнбековдун бийликте калышын жактап чыгышкан.

Белгилүү болгондой, батышчылдар жасаган төңкөрүш кайра Россия кызыкчылыгына иштей баштаган соң, Батыш Атамбаевдин айланасына оппозицияны бириктирип, дагы бийликке умтулуу аракетин көрдү. Ал ийгиликсиз аяктагандан кийин, тактикасын өзгөрттү. Башкача айтканда, парламенттик башкарууга ыктаган Жээнбековду сактап калуу үстүндө аракет көрдү. Бирок, бул аракети да ийгиликсиз аяктап, учурда президент кызматтан кетээрин жарыялады. Эми Батыш парламентаризмге өтүү аракетин сактап калуу үчүн Жапаровго каршы коомдук пикир жаратууга аракет көрүп жатат. Анткени, алар үчүн мамлекеттин президенттик башкарууга кайтуу коркунучу бар, ал эми президенттик башкарууга кайтуу россиялык долбоор болуп саналат. А парламенттик башкаруунун алар үчүн пайдасы – аны менен Батыш өз кадрларын дагы да бийликке көбүрөөк аралаштырмакчы жана акыры акыбетте Россияга каршы чыккан бийликти алып келмекчи. Батыштын буга багытталган кадамдары буга чейинки төңкөрүштөрдө ийгиликтүү чыккан жана алдыга жылган. Азыр анын айрым кадрлары учурдагы саясий кризисте аябай кызматтарын кылып жатышат.

Мунун каршысында, Орусия учурда көбүрөөк адамдардын колдоосуна ээ болуп турган Жапаровду колго алып, ал аркылуу иш алып барууда. Ошондой эле, өзүнүн таасир факторлоруна таянуу менен Батыш кадамдарына катуу каршы турууга өттү.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан мусулмандары өлкөдөгү окуяларга эл аралык абалдан туруп баа берүүнү жана Ислам кызыкчылыгын алга сүрүүнү токтотпошу шарт. Андыктан, биз ар кандай туруксуздукка каршы туруу менен, коомго Исламды мабда катары көтөрүп чыгууну активдүү алып барышыбыз, ар бир маселеге Ислам көз карашынан жандашуубуз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here