Түркия С-400 комплексин сыноодон өткөрө баштады

290
0

Түркия С-400 комплексин сыноодон өткөрө баштады

 Түркиянын куралдуу күчтөрү Россиядан сатып алынган С-400 ракетадан коргоо системасын сыноодон өткөрө баштады. Бул тууралуу “Turkish Minute” басылмасы кабарлады.

 Кабарда келишинче, С-400 системасын сыноодон өткөрүү үчүн Синоп ракета полигонуна 10 даана “Banshee” аба буталары алып келинет. Сыноолор 5-октябрдан 16-октябрга чейин өткөрүлөт.

Айтылышынча, сыноо учурунда күзөт постундагы командачылар ар бир ракета учурулушунан эки саат мурда Түркия президентинен уруксат алып турушу керек болот.

С-400 батареялары, 10 даана аба бутасы жана башка керектүү жабдыктар 5-октябрда “Муртад” авиабазасынан “Синоп” полигонуна алып келиниши керек.

Басылманын эске салышына караганда, Түркиянын Россиядан зениттик ракета комплекстерин сатып алышы АКШнын бешинчи муундагы F-35 учактарын жаратуу программасынан чыгарып жиберишине себеп болгон.

Комментарий: Түркия Россиядан С-400 сатып аларын билдиргенден баштап АКШ Түркияга карата санкцияларды киргизүү, тыйып коюу менен “коркута” баштаган эле. Буга Эрдоган жана түрк өкмөтү АКШга кескин билдирүүлөр менен жооп кайтарып, пикиринен кайтпастыгын билдирип келди…

 А бирок, үстүбүздөгү жылдын башында “newsland.com” интернет басылмасы Америка ЖМКларына таянып кабарлагандай, 2019-жылдын 18-ноябрында Түркия жана АКШ Россиянын С-400 комплекси Американын F-35 бомбалоочу учактарын аныктай алабы, эгер аныктай алса андан кантип кутулса болот деген нерсени үйрөнүү максатында эксперттер тобун түзүшкөн.

 Кабарда келишинче, америкалык аскерлер алдында коргоо системасынан пайдалануу үчүн колго тийген маалыматтар кодун ачуу милдети турат. Эгер АКШ аталган комплекстеги кодду буза алса ал системанын ишине таасир өткөрүшү, радарларды статик менен жабышы, душмандарына өзү жок болгон учактарды бар сыяктуу кылып көрсөтүшү мүмкүн болот. О.э. бардык С-400дөр бирдей жыштыкта иштетилеби же жокпу бул да анык эмес. С-400 боюнча изилдөө иштери бир жылга созулат…

 Мындан тыянак чыгарсак,Түркия Россиядан сатып алган С-400 системасын сыноодон өткөрүү иштери да АКШ менен кызматташтыкта ишке ашырылышы мүмкүн. Мындан көздөлгөн максат, Россиянын С-400 системасынын американын F-16 бомбалоочу учактарын аныктоо жана сокку берүү мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу, ушуну аныктоодон турат. Сыноонун натыйжасында АКШ аталган системанын алсыз тараптарын изилдеп чыгат жана өзүнүн жаңы муундагы F-35 бомбалоочу учактарынын буга каршы мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here