Орусия Ысык-Көлдө аскердик машыгуу өткөрдү

36
0

Орусия Ысык-Көлдө аскердик машыгуу өткөрдү

Орусия Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарын машыгуудан өткөрдү. Бул тууралуу 31-июлда «Известия» басылмасы Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик округуна таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Су-25СМ учактары «Эдельвейс» полигонунда өткөн машыгууда өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Машыгууга 10 Су-25СМ учагы жана 100 аскер кызматкери катышты.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

          Белгилей кетсек, акыркы учурда Борбор Азия өлкөлөрүндө Орусия тараптан чагымчылдык аракеттер байкалууда. Буга Орусияда тажикстандык жарандын “террорист” катары өлтүрүлүшү жана Кыргызстанда кыргыз-өзбек улутчулдук ураандары жаңыра башташы мисал боло алат.

Буга чейин Орусиядан коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн аскердик дарыгерлердин тобу келгени маалым болгон. Алар учурда аймактарда иш алып барууда. Орусия өзү дарыгерлерге муктаж болуп жаткан шартта алардын өлкө калкына карата эксперименталдык иштерди жасоо ыктымалы чоң. Андыктан, Кыргызстан калкы шайлоо астында Орусия тараптан келиши мүмкүн болгон чек ара, улут аралык жаңжал жана теракт сыяктуу чагымчылдык аракеттерден сак болушубуз керек.  

Мумтаз Маверанахрий

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here