Айя Сафия мечити кандай мааниге ээ, ал эмне үчүн жабылган, ал кантип ачылды, эмне үчүн андан пайдаланып калышууда?!

29
0

Айя Сафия мечити кандай мааниге ээ, ал эмне үчүн жабылган, ал кантип ачылды, эмне үчүн андан пайдаланып калышууда?!

 Асъад Мансур

Расулуллах ﷺдын Истамбул фатхы жөнүндөгү башараты негизинде мусулмандар аны фатх кылуу үчүн хижраттын биринчи кылымынын ортолорунда эле аракет башташкан. Ал кезде Ислам мамлекети улуу Халифалык мамлекетине айлана элек, эң ири Фарс жана Византия империялары али кулатылбаган эле. Расулуллах ﷺ:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Константинополь албетте фатх кылынат. Аны фатх кылган амир кандай гана жакшы амир, аны фатх кылган кошуун кандай гана жакшы кошуун», — деп башарат кылган. Дагы бир хадисте келишинче, Расул акрамдан: «Кайсы шаар биринчи фатх кылынат, Константинополбу же Римби?» деп сурашканда, ал: «Иракли шаары (Константинополь) биринчи фатх болот», — деп жооп берди. Ошентип, хижрий 857-жылы, миладий 1453-жылы фатх шарапатына Мухаммад Фатих жана анын кошууну татыктуу болду.

Мусулмандар бул шаарды олжо катары колго алышты. Анткени, ал согуш менен фатх кылынды. Айя Сафиядагылар – Куддус фатх кылынганда Умар келишиминде болгондой – мал-мүлккө жана чиркөөлөргө тийбөө туурасындагы келишимден баш тартып, согушуу пикиринде катъий турушкан. Амир мындай абалда шарият өкүмдөрүнө ылайык, каалаган ишти кылышы жаиз. Бул Расулуллах ﷺ заманында Хайбар фатхында болгон окуяга окшойт. Ушундан улам, Мухаммад Фатих шаарды фатх кылган соң, Айя Сафия чиркөөсүн мечитке айлантты. Ошондо Ватикан папасы нааразылык билдирген. Мухаммад Фатих ага: «Айя Сафияны ибадат жай катары калтырдым. Ал ушундай сый-урматка татыктуу болду. Бирок, жакында Римге жетип, Ватикан чиркөөсүн атканага айландырамын», — деп жооп берди. Чынында, Мухаммад Фатих муну ишке ашыруу үчүн даярдык көрүүнү баштады. Анткени, бул Расулуллах ﷺдын экинчи башараты эле. Бирок, Мухаммад Фатих арзуусуна жетпей көз жумду. Айя Сафия чиркөөсү Православ чиркөөсүнүн борбору жана Византия империясынын символу эле. Ал император Юстиниан I заманында курулган. Ошондуктан, анын мечитке айланышы Византия империясынын кулашынын символу, Рим империясынын жана Римдеги католик чиркөөсүнүн жок болушу, Исламдын улуу нусраты катары кабыл алынды. Бул тууралуу италиялык тарыхчы миссионер Лиути: «Испандар Испаниядан мусулмандарды кууп чыгышы мусулмандар Византия мамлекетин кулатып, Константинополду басып алуусуна тең келе албайт», — деди.

Кийин кылмышкер Мустафа Кемал (Аллахтын наалаты болсун) келип, 1924-жылы 3-март күнү тарыхтагы эң улуу мамлекет болгон Халифалык мамлекетин кулатты. Кемал шариятты жана Ислам ырасымдарын буза баштады, мусулмандарга зулум кылып, ар кандай каражаттар, жолдор менен Исламдан алыстатууга аракет кылды, өлкөдө бузкулукту кеңири жайды. Жада калса, 1930-жылы ремонттоо деген шылтоо менен Айя Сафия мечитин жаап койду. 1934-жылы 24-ноябрда өкмөттүн атынан аны музейге айлантуу жөнүндө токтом чыгарды. 1935-жылы 1-февралда Айя Сафия музей катары ачылды. Истамбул фатх кылынган кезде Айя Сафиянын дубалдарында насронийлердин ширк сүрөттөрү болгон. Ошондуктан – айтымдарга караганда – сүрөттөр акталып, шыбак тартылган. Бирок, менин күмөнүмдө, бул сүрөттөр мечит жабылган жылдары кайрадан тартылып чыккан болсо керек. Ошол кезде аны чиркөөгө айлантуу талаптары болгон, бирок талап кылган насронийлер азчылыкты түзүшкөн. Мусулмандар тарабынан күчтүү каршылыктын жаралышы туурасындагы кооптонуулардан улам, Айя Сафия музейге айландырылган.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары исламий ойгонуу улам күчөп баштаганда Айя Сафияны мечит катары өз негизине кайтаруу талаптары да күчөдү. 2005-жылы Исмаил Кандемир жетектеген коомдун атынан Административдик соттун онунчу бөлүмүнө Айя Сафияны кайра мечитке айлантуу жөнүндө биринчи жолу арыз берилди. Бирок, сот каршы жооп билдирди. 2008-жылда дагы бир аракет болду, сот аны да четке какты. Кийин, 2016-жылы бул коом дагы арыз менен кайрылды, анда да сот каршы жоопту берди. Бирок, 2016-жылы мечит жабылгандан бери биринчи жолу Айя Сафияда азан айтууга, анын бир бөлүгүндө намаз окууга жана туруктуу бир имам дайындоого уруксат берилди. Айя Сафияны мечитке айлантуу талаптары күчөгөн ушул жылы бул коом 2020-жылы 2-июлда дагы арыз менен кайрылды. Административдик соттун онунчу бөлүмү өзүнүн мурунку токтомун бекер кылуу жана Айя Сафияны кайра мечитке айлантып, ибадат үчүн ачуу жөнүндө токтом чыгарды.

Ошентип, мусулмандар алардын улуулугу болгон бир мурасты унутпай, кайра тикелешти. Ушуга ылайык, Халифалыкты бекер кылуу жөнүндөгү токтомду бекер кылууну жана кайра тикелөөнү талап кылуу керек. Анткени, Халифалыкты бекер кылуу жөнүндөгү токтом батыл токтом болуп, кеңеште көпчүлүк добушту да албаган. О.э. мусулмандар бул куфр конституцияларын жана мыйзамдарын, Кемал жана андан кийинки кимселердин залим токтомдорун да бекер кылууну талап кылуусу керек.

Ал эми, бул абалдан пайдаланып жаткан Эрдоганга келсек, ал 2023-жылы өтчү президенттик шайлоого чейин өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылууда. Анткени, соңку жылдарда анын башкаруусунда чоң жаракалар пайда болгону байкалды. Мисалы, ал өткөн жылы болуп өткөн жергиликтүү шайлоолордо ири шаарларда, айрыкча, Истамбулда жеңилди. Негизи, ал: «Ким Истамбулда жеңип чыкса, бүткүл башкарууну колго алат», — деп айткан. Андан тышкары, мурун Эрдогандын партиясында болгон бир нече лидерлер, негизинен, Давудуглу жана Алибабажан жетектеген эки партия түзүлдү. Башка тараптан, Түркияда экономикалык кризис курчуп, адамдардын жашоосу оорлошуп, алардын нааразылыктары күчөп бара жатат. Өз кезегинде, бул нерсе Эрдоганды жаман көрүүгө алып келип, анын аброюн түшүрөт. Эрдоган бул нерселерди жөндөй албады, кыйынчылыктарды убактылуу жөнгө салган аракеттерди жасап, кризисти дагы да тереңдештирди. Мисалы, базарды активдештирүү максатында адамдар үй-жай сатып алышы үчүн аларга төмөн пайыздагы кредиттерди берүү жөнүндө токтом чыгарылды. Дин иштери комитетинин «халал» деген батыл фатвасы менен чыгарылган бул токтом себептүү адамдардын бул кредиттерге карата кызыгуусу күчөдү. Бирок, натыйжа андан да жаман болду. Анткени, үй-жайлардын баасы көтөрүлүп, адамдар бул харам рибадан пайда көрө алышпады, тескерисинче, алар зыян көрүп, алардын мойнундагы карыздын жүгү дагы да оорлошту. Андан тышкары, Түрк режими Шам калкын алдашы, Россия менен кызматташуусу, Сирия козголоңун жок кылуу, козголоңдун исламий долбоорун кыйратып, Сириянын илманий режимин сактап калуу максатында Америка менен алака кылышы, көпчүлүк козголоңчуларды Ливияга алып баруу баруу менен АКШнын планын аткарышы… бул кылмыштардын баары адамдардын кыжырын келтирип жатат.

Айя Сафия окуясы мусулмандардын туйгусун козгоп, айрымдар Эрдоганды мактай баштады. Ушуну унутпоо керек, Айя Сафияны мечитке айлантуу токтому адилетсиз токтомду оңдоо үчүн болгон болсо да, бирок, ал Исламды колдонуунун натыйжасында ишке ашпады. Мухаммад Фатих рохимахуллах Халифалык түзүмүндө Исламды колдонуу аркылуу аны мечитке айландырган. Эгер, Ислам толук колдонулбаса, куфр конституциялары жана мыйзамдары илманийлик негизинде колдонула берсе, колонизатор кафир мамлекеттер жана алардын союздаштары менен алака үзүлбөсө, душмандын базалары жабылбаса, Түркияда эч кандай түптөн өзгөрүү болбойт, эски абал тура берет. Кудум 2016-жылы 29-январда болгондой. Ошондо Түркияда мектеп жана университеттерде шаръий кийим кийүүгө тыюу салган мыйзамды бекер кылуу жөнүндө токтом чыккан. Бул токтомду 2014-жылы арыз берилгенден кийин Административдик соттун сегизинчи бөлүмү кабыл алды. Бирок, аялдардын ачык жүрүүсү токтогон жок, тескерисинче, мурункудан да жамандашты. Эрдоган бул абалга көз жумуп, эч ким бирөөнүн жеке эркиндигине аралашууга акысы жок деди! Муну менен маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу фарзына ачык каршы иш кылды! Илманийлик куфр менен ыймандын дос болуусун каалайт, таква менен бузгунчулук, абийир менен бузукулук, ибадатканалар менен сойкуканалар бирге жашоосун каалайт. О.э. Роббисине кулдук кылган кишинин демократиялык түзүмгө Аллахтын башкаруусун шерик кылышын каалашат. Анткени, акыйкат өкүмдар болбостугу, батыл бекем туруштугу көздөлгөн!

Расулуллах ﷺдын:

«ثُـمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» деген белгилүү башараты талап маанисин т.а. тикелөөгө чакырган буйрукту билдирет. Мындан улам, кече ата-бабаларыбыз Расулуллах ﷺдын Константинополду фатх кылуу жөнүндөгү башаратын жүзөгө чыгарышкандай, бүгүнкү калыс муун да анын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикелениши жөнүндөгү башаратын жүзөгө чыгаруу үчүн аракет алып барууда.

 

Роя гезити, №295, 2020жыл, 22июль.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here