Польша менен Украина “Түндүк агым -2” долбооруна каршы бирикти

24
0

Польша менен Украина “Түндүк агым -2” долбооруна каршы бирикти

Польша жана Украина “Түндүк агым-2” ге каршы күчтөрүн бириктирүүгө келишип алышты. Бул тууралуу аталган эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Польшадагы жолугушуудан кийин билдиришкен.

Тышкы иштер министрлеринин билдиришинче, Варшава менен Киевдин максаты – газ түтүгү долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу. Анда саясатчылар Европанын энергетика коопсуздугуна коркунуч бар экендигин көрүшкөн. Дмитрий Кулеба жана Яцек Чапутович мамлекет кандай чараларды көрүшү туурасында анык маалымат беришпеди.

 Комментарий: Россиядан Европага газды эскпорт кылуучу “Түндүк агым” газ түтүгү 2011-жылы ишке түшүрүлгөн. Анын эки багыты Балтика деңизинин түбү менен Россиянын Выборг шаарынан Германиянын Грайфсвальдына чейин барат.

Учурда “Түндүк агым-2” газ түтүгү курулууда. Анда Россия жээктеринен Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин жылына 55 миллиард кубометр газды жеткирип бере турган эки линия курулат.

АКШ бул долбоорго каршы чыгып, Европа Союзун, Украинаны жана башка бир катар Европа мамлекеттерин өзүнүн суюлтулган жаратылыш газын алууга үгүттөп жатат. Мындан тышкары, эгер ушул долбоор ишке аша турган болсо Россиянын Европадагы саясий таасири күчөйт. Муну АКШ каалабайт. Ошол себептен да Америка бул долбоор ишке ашпасын үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салууда. 2019-жылы АКШ “Түндүк агым-2” курулушуна катышкан Европа кемелерине санкцияларды киргизип, ошол аркылуу долбоорго тоскоолдук кылган болсо, эми Европадагы өзүнө караштуу өкмөттөр аркылуу долбоорго каршы туруу жолуна өттү.

 Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here