Курбан Айт куттуктоосу

34
0

Курбан Айт куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох,

Аллоҳу акбар, Аллоҳу акбар, ва лиллахил хамд…

Урматтуу кыргызстандык мусулмандар, бүткүл дүйнөдөгү жалпы мусулмандар катарында, сиздерди Курбан айт майрамы менен куттуктайбыз. Аллах Субханахудан бул майрамды бардык мусулмандар үчүн жакшылык жана рахмат майрамы кылышын о.э. шаңдуу жана берекелүү кылышын сурайбыз.

Урматтуу мусулмандар, өзүңүздөр күбө болгондой, быйыл пандемия шылтоосу артында колонизатор кафирлер көптөгөн Исламий ырасымдарыбыз аткарылышына тоскоолдуктар жаратышты. Курбан айт намазынын окулбашы, эл топтолуп майрамдалбашы да мына ушул курмандыктардан болуп калууда. Бирок, алардын максаттары албетте таш кабат.

Алла Таала айтат:

يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلاَّ أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ -,

— «Алар Алланын нурун (Исламды) ооздору менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, мейли (кафирлер) каалашпаса да, Өз нурун гана толо (ар тарапка) жаюуну каалайт». [9:32]

Кафир мамлекеттер, алардын Исламий өлкөлөрдөгү акимдеринен турган малайлары о.э. мусулмандар перзенттеринен болгон батыш хазаратына ууланган, кафирлерге акчага жалданган кимселер тарабынан Исламга, анын мыйзам жана өкүмдөрүнө жана даъватчыларына каршы болуп жаткан күрөшкө карабастан – Аллага мактоолор болсун – Исламий Үммөт күндөн-күнгө Исламга жана анын өкүмүнө кайтууга дагы да көбүрөөк жакындашып бара жатат жана Халифалык мамлекетинин кайтышына болгон каалоосу дагы да күчөп баратат. О.э Үммөттүн Халифалыкты тикелөө жана Алланын өкүмүн жер жүзүнө кайтаруу үчүн аракет кылып жаткан даъватчыларга «лаббей» деп жооп бериши да барган сайын күчөп жатат.

Эй даъватчы бурадарлар, бул силердин ийгилигиңер, бул силердин аракетиңердин акыбетидир. Эй бурадарлар, силер мына ушул Улуу Үммөттүн бир бөлүгү, болгондо да алдыңкы бөлүгүсүңөр. Анткени, силер Халифалыкты кайта алып келүү үчүн аракет кылуучусуңар. Силер бул жолдо буга чейин да “экстремизм” шылтоосу артында кафирлер жана алардын малайлары тарабынан куугунтукталып келген элеңер. Жана азыр дагы куугунтукталып жатасыңар.

Бирок, кафирлердин карасанатай чабуулдары, залим акимдердин куугунтуктары, ырыскыларды кыюулары – булардын баары силерди суздаштырбастан, тескерисинче — силердеги кубатты, кайратты, аракетти күчөттү. Силерден Аллах раазы болсун. Аллах Субханаху айтат:

 الَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِلَّهِ وَالرَّسُولِ مِنْ بَعْدِ مَا أَصَابَهُمُ الْقَرْحُ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا مِنْهُمْ وَاتَّقَوْا أَجْرٌ عَظِيمٌ -,

الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَانًا وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ -,

 — «Өздөрүнө жаракат жеткенден кийин да Алла жана Элчисине моюн сунган момундардын ажр-сыйлыктарын Алла бекер кылбастыгы жөнүндө кубанычтуу кабар беришүүдө. Алардын арасындагы жакшы моюн сунган жана Алладан корккон заттар үчүн улук ажр-сыйлык бар. Андай заттарга айрым кишилер: «Адамдар силерге каршы (сан жеткис кол) топтогон, корккула!» — дешкенде, бул сөз алардын ыймандарын дагы күчөтүп жиберди жана: «Бизге жалгыз Алланын Өзү жетип ашат. Ал зат эң жакшы ишеничтүү өкүл!» — дешти.  [3:172-173]

Эй бурадарлар, инша Аллах, Аллахтын нусраты жакын.

Алла Таала айтат:

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ -, بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ -,

— «Ошол күндө момундар Алла үстөм кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси.» [30:4-5]

Курбан айт майрамыңыздар менен

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here