Демократиялык башкарууда Исламды акаарат кылуу адатка айланды!

21
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Демократиялык башкарууда Исламды акаарат кылуу адатка айланды!

Афганистан стратегиялык изилдөөлөр институту бир документ жарыялады. «Таалим жана саясат: Афган мектептеринин окуу программаларындагы исламий радикализмдин тамырлары» деп аталган бул документ Ислам баалулуктарын, акыйдасын жана өкүмдөрүүн ачык маскаралоонун каражаты болууда. «Исламий таалим радикализмге жана экстремизмге алып келет» деген нерсе алга сүрүлүүдө. Бул институт ушул сыяктуу изилдөө документин жарыялап гана калбастан, өтө жаман чечимди т.а. мектептердеги бардык адабияттардан исламий материалдарды алып салууну сунуштады.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул институт калыстыктан алыс изилдөө документтери жана идеологиялык изденүүлөрү аркылуу Исламга тынымсыз чабуул кылып келди. Ислам баалуулуктарын «радикализмге», «экстремизмге» жана «радикализмге» байланыштыруу анын адатына айланган. Бүгүн ушул сыяктуу изилдөө документтери жана талдоолор зомбулук үчүн трибуна жаратып берди. Көптөн бери Батыштагы донор мамлекеттер ушул максатта аракет кылышууда».

Билдирүүдө ушуларга этибар берилди: «Акыркы жыйырма жыл ичиде Афганстан таалим системасына бир нече ирет өзгөртүү киргизилди, ар ирет исламий пикирлерди алынып, ордуна демократия пикирлери киргизилди. Бирок, бул илманийлер Исламды ушунчалык жаман көрүшөт, ал тургай, алар динибиздин жеке адамга тиешелүү маселелерин да радикализмге байлап, окуу программасынан алып салууга чакырып жатышат».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Бүгүнкү күндө демократия жана илманий башкаруу астында ар кандай демократсөрөй же демократиялык институттар «изилдөө документи» жана «сөз эркиндиги» деген нерселерди шылтоолоп Ислам баалуулуктары жана акыйдалары жөнүндө күмөн ойготууга урунуп келишет. Башка тараптан, мындай акаараттоочуларга жана карөзгөй кимселерге каршы эч ким же уюм чыккан жок. Бирок, бул сыяктуу арамза иш-аракеттер мындан көп жылдар мурун пайда болгондо албетте кескин каршылыкка учураган болоор эле. Бирок, бүгүн бул кимселер исламий башкаруу жок болуп турган доордо Исламдагы ыйык нерселерди коркпой акаараттап жатышат. Бирер киши мындай ыплас кылмышка каршы сүйлөсө, ал түрдүү дооматтар менен бастырылып жатат же өмүрүнө кол салынууда».

 

Роя гезити, №295, 2020-жыл, 15-июль.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here