Бул малай акимдер мусулмандарды ушунчалык акааратташабы?!

18
0

Бул малай акимдер мусулмандарды ушунчалык акааратташабы?!

«Samanews» сайты хижрий 1441-жылы 16-зул-каъда, миладий 2020-жылы 7-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Фалестин Азаттык уюмунун актаруучу комитетинин башкы катчысы Саиб Арикат Бахрейн падышасы шейх Халид ибн Мухаммад ал-Халифа менен телефон аркылуу сүйлөшүп, араб мамлекеттеринин тынчтык демилгесин өзгөртүп болбостугун о.э. баскынчылыкка чекит коюп, эгемендүү Фалестин мамлекетин тикелөө жана  1967-жылдагы чегараларга ылайык Чыгыш Куддусту анын борборун деп жарыялоо зарыл экендигин баса белгиледи.

О.э. тараптар шейшемби күнү телефон аркылуу өткөргөн бул сүйлөшүүдө «Израилдин» аннексия кылуу токтомуна жана яхудийлердин калктуу турак-жайларды курууну кеңейтишине каршылык билдиришти».

Роя гезити:

Бахрейн акимдери Манама саммитинде «Кылым келишимин» үгүттөөгө шашылган о.э. Трамптын ушул каргаша келишимин белгилөөдө катышышкан. Ошондой кылмыштарды жасаган бул акимдер эми яхудий вужудунун Батыш Жээктеги жерлерди аннексия кылышына каршы экендигин көрсөтүп жатышат. Кудум бул аннексия «Кылым келишиминин» талаптарында жоктой! Бул малай акимдер мусулмандарды ушунчалык акааратташабы?! Мусулмандар үчүн аларды кулатып, бул дүйнө жана Акыретте азиздик тартуу кылган Ислам башкаруусун тикелешинин убагы келбедиби?!

 

Роя гезити, №295, 2020-жыл, 15-июль.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here